Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:31

Кыргызстан Өзбекстанга 692 тонна күрүч экспорттоду


Өзгөн күрүчү. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзгөн күрүчү. Иллюстрациялык сүрөт.

2025-жылдын тогуз айында Кыргызстандан Өзбекстанга жалпы баасы 397 миң долларлык 692 тонна күрүч экспорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылы Өзбекстан Кыргызстандын күрүчүн эң ири өлчөмдө сатып алган негизги өлкө. Былтыр эле коңшулар Кыргызстандан 151 миң долларга болгону 145 тонна күрүч сатып алган.

Кыргызстандын күрүчүн көп импорттогон өлкөлөрдүн катарында Өзбекстандан кийин Түркия турат. Түрктөр быйылкы тогуз айда 330 тонна күрүч сатып алган. Орусия 23, Казакстан 20 тонна күрүч алган.

Окумуштуулар Кыргызстанда өстүрүлгөн Өзгөн күрүчү темир, кальций, магний, йод ж.б. микроэлементтерге бай экенин аныктап чыгышкан.(ZKo)



Шерине

 

XS
SM
MD
LG