Орусия: Пастереллез жана кутурма
Абал айрыкча Новосибирск аймагында курч. Жергиликтүү бийликтердин жаныбарларды жапырт кырганы фермерлерди нааразы кылган. Алардын айрымдары орус бийлигине кайрылып жатышат.
Аймактын бийликтери малды кырып, өрттөп жатканын пастереллез жана кутурма ылаңы жайылганы менен түшүндүрүүдө.
Би-Би-Синин орус кызматы аймакта малды кырууга каршы айрым адамдар кармалганын жазды. Нааразылар уруксат же анализ албай эле короого бастырып кирүүгө каршы болушкан. Айрымдары өлгөн малдын ордуна берилген кенемтенин аздыгына арызданышкан.
Бир катар аймактардын тургундары кырылган малдын тарпы дароо өрттөлбөй, жору-кузгунга, түлкү жана жолбун ит-мышыкка жем болуп эки-үч күн жатканын айтышкан.
Аймактын аткаминерлери ылаңдын жайылышын кышка шылтаган. Алардын айтымында, кар калың жаагандан улам жапайы айбандар элдүү конушка түшүп, эмделбеген малга тиш салганы үчүн ылаңдар жайылып кеткен.
Жыл соңунан бери Орусиянын ондогон аймагында пастереллез катталып, ага күмөн саналган миңдеген баш уй, кой, төө жана чочко жок кылынган. Айрым маалыматтарда өлгөн малдын 80 миңдейи чочко, 10 миңдейи уй баласы.
Пастереллез - Pasteurella тукумундагы бактериялар козгогон малдын, канаттуулардын жана жапайы айбандардын жугуштуу ылаңы. Ылдам өрчүп, дем алуу жолдорун, муундарды жабыркатып, өлүмгө алып келиши мүмкүн. Ылаң жаныбардын тезек, заара, мурун суюктугу аркылуу тарайт. Адамга ит-мышык тиштегенде же тырмаганда жугушу мүмкүн.
Новосибирск облусунун бийликтери пастереллез жана кутурма жайылды дегени менен коомчулукка документти ачык көрсөткөн эмес.
Мындан улам Орусиянын бийликтери вирустук шарп (ящур) ылаңын жашырып жатышы мүмкүн деген күмөн саноо күч. Эрежеге ылайык, шарп жуккан мал дароо жок кылынып, тарпы өрттөлөт.
“Коммерсант” басылмасы булактарына таянып ылаңга байланыштуу абал Орусиянын бизнес чөйрөсүнө дүрбөлөң салганын жазды. Адатта шарп катталган өлкөнүн эт жана сүт өнүмүн экспортко чыгарууга тыюу салынат.
Ошол себептүү шарп жашыруун чөйрөдө гана сөз болуп, ачык айткандарга кысым болууда. Ылаң тууралуу айткан журналист Иван Фролов кармалып, көп өтпөй YouTube порталына илинген видеосу өчүрүлгөн.
Казакстан: "Ринотрахеит шарпка окшош"
Орусиядагы эпизоотиялык кырдаалга байланыштуу Казакстан коңшусунун бир катар аймактарынан тирүү мал жана эт азыктарын алып өтүүгө убактылуу чектөө киргизди.
Буга чейин ветеринария илимдеринин доктору, профессор Гайса Абсатиров Орусиядан өтүп жаткан малда шарптын белгилери байкалганын айткан. Окумуштуу өлкөсүнүн ветеринарлары муну ачык айта албай жалтактап турганына капа болгон.
Ал Казакстан 2021-жылы өзүндө катталган мал ылаңын ринотрахеит деп атаганда Орусия ала кушту атынан атоого чакырып, коңшусунда шарп чыкканын жар салып, чектеш аймактарда малын эмдегенин эске салган.
Казакстандагы айрым медиалар быйыл Атырау, Кызылордо, Чыгыш-Казакстан, Павлодар облустарында бодо мал арасында “шарпка окшош ылаң” жайылганын жазганын көрүүгө болот. Гайса Абсатиров ветеринардык кызматтын эпизоотиялык кырдаалды жашырып, ылаңды стоматит, ринотрахеит жана башка инфекциялар менен атаганын сынга алган.
Окумуштуу ылаңдын белгилери "шарптыкына көбүрөөк окшош" экенин белгилеген.
"Ылаңдаган мал биз аркылуу Өзбекстан жана Кыргызстанга өтүп жатканын белгилей кетүү керек. Мамлекет аралык ветеринардык кызматтын мүчөлөрү жана эпизоотиялык абалга көз салган ЕАЭБ байкоочулары кайда? Эмнеге Казакстандын аймагы кооптуу инфекциялык ылаңдардын очогуна айланууда? Эмнеге Кыргызстан жана Өзбекстан “чаң соргучтан” бетер ылаңдаган малды чогултуп жатат? Жаныбарлардын кийинки тагдыры кандай болот? Бул жерде адамдарга коркунуч келип, улуттук коопсуздукка тиешелүү болуп жатпайбы”, - деген Абсатиров.
Инфекциялык ринотрахеит - герпесвирус-1 (BHV-1) козгогон, малдын жугуштуу ылаңы. Дем алуу жолдорун жабыркатат, конъюнктивитке жана жыныс органдарынын сезгенишине алып келет. Жукканда малдын дене табы жогорулап (40–42 °C), мурду шишип, жөтөлүп, сүтү 60% чейин азаят. Ылаңга каршы антибиотиктер берилет. Малды андан коргоонун эң жакшы жолу - эмдөө.
Кыргызстан: Белгисиз ылаң
Соңку айларда Кыргызстанда дагы мал ылаңдап жатканы маалым. Бул маселе парламентте бир канча жолу көтөрүлдү.
Анткен менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги эпизоотиялык абал туруктуу экенин билдирип келет. Кыргыз ветеринарлары ЕАЭБдин башка мүчөлөрүнө окшоп ылаңды пастереллез же ринотрахеит деп да атаган жок.
Уларбек Абдурасуловдун кесиби мал доктур. Учурда Кочкордо меринос коюн баккан фермер сырттан ташылган малдын айынан ылаң күчөдү деп эсептейт.
“Ылаң бардык жерде жүрүп жатат. Ветеринарияны күчтөбөсө ушундай боло берет. Анан калса, малдын агымы аябай тез болууда. Орусиядан 15 күндө, Тажикстан же Өзбекстандан бир жумада келет. Токмоктун базарына түшүп, андан ары Ат-Башыга кетет дегендей. Анан калса, өкмөт асыл тукум мал баккандарга 2% жеңилдетилген насыя беребиз деген. Ошону алуу үчүн каалаган жерден мал киргизишти. Ылаңдын уй арасында күчөп кетиши ошондон. Себеби насыя асыл тукум уй баккандарга берилет. Мал ташыгандар жазында берилчү насыяны алуу үчүн малды күзүндө эле алып келишкен”.
Биз бул маселени тактоо үчүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин адистерине кайрылдык.
Асыл тукум мал чарба, тоют жана мал чарбачылыгынын биотехнологиясын жайылтуу башкармалыгынын жетекчиси Мыктыбек Каландаров насыя тыштан кирген малга берилбесин айтты:
“Асыл тукум мал баккандарга 3% насыяны банк аркылуу беребиз. Ал дагы өзүбүздүн асыл тукум мал баккан чарбаларга гана берилет. Эгер андай чарбаны жаңы түптөп жатсаңыз банкка барасыз. Банктын бир канча талаптары бар. Ошолорго жооп берсеңиз банк насыя берет. Бергенден кийин Кыргызстанда асыл тукум мал баккан чарбалар менен келишим түзөсүз. Анда дагы паспорту бар малбы, ээси ким деген талаптар коюлган. Былтыртан тартып ушундай насыя бере баштадык. Менин маалыматымда 500 млн сомдой иштетилди. Бирок насыя сырттан ташылып келген малга берилбейт. Тактай кетейин, Казакстан асыл тукум малын бизге сатпайт, бизде дагы андай малды сыртка сатууга тыюу салынган”, - дейт Каландаров.
Ал эми Ветеринардык-санитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Тилек Табалдиев учурда Кыргызстанга сырттан мал кирбегенин жана өлкө өзү дагы төрт түлүктү тышка чыгарбай жатканын билдирди:
“Орусия Федерациясынын атайын органы бар да. Пастереллез чыккандан кийин карантин жарыялашып, малды сыртка чыгарууга чектөө коюшкан. Азыркы учурда Орусиядан бизге мал келген жок. Казакстан дагы өткөрбөйт, биз дагы кабыл албайбыз. Бизге үчүнчү өлкөдөн мал келгенде расмий уруксат алышы керек. Коңшу Тажикстандан акыркы беш-алты жылда бир дагы мал киргизген эмеспиз. Өзбекстанга малды биз экспорт кылабыз, бирок импортко уруксат берилген эмес. Коңшу өлкөлөр Кыргызстандын малына убактылуу чектөө киргизген жок. Бирок бизде азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу өкмөттүн токтому чыккан. Ага ылайык, малды экспорттоого убактылуу чектөө киргизгенбиз”.
Министрликтин Эпизоотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгы болсо Кыргызстандын аймагында пастереллез катталбаганын айтууда. Бул кызматтын башчысы Абай Казаков мындай маалымат берди:
“Пастереллез ылаңы боюнча эпизоотиялык абал туруктуу. Ылаң катталган учурлар жок. Ветеринарлар абалды көзөмөлдөө иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат. Алдын алуу чаралары күчөтүлгөн. Пастереллезго каршы үй жаныбарларын эмдөө планга коюлган. Ветеринар адистер эмдөөнү өз убагында жүргүзүп жатат. Пастереллезго каршы ар бир өлкөнүн өзүнүн ветеринардык талаптары болот. Ошого ылайык, алдын ала эмдөө жүргүзүлөт. Карантиндик чектөө 14 күн, ошол учурда эмдөө менен ылаңды алдын алса болот".
Казаков муну менен катар кутурма ылаңы жуккан малдын башы лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлөрүн, эти өрттөлүп жок кылынарын, ылаң чыккан аймак 60 күндүк карантинге алынып, эмдөө иштери жүрөрүн кошумчалады.
Ветеринар Уларбек Абдурасулов базардан алган малды бир ай карантинде кармоону сунуштайт. Ал пастереллез катталган учурда деле мал тез сакайып кетерин кошумчалады.
“Уй пастереллез болгонун көргөн эмесмин. Бул көбүнчө эчки анан кой арасына жайылат. Кыргызча кара өпкө деп коет. Малды жакшы караса дарысы жок эле айыгып кетет. Андан өлгөн күндө да өрттөштүн кажети жок. Илимге деле таянып көрсөк, пастереллез болгон малды өрттөгөн учурлар болгон эмес. Менимче азыр Орусияда жайылган ылаң башка болсо керек. Айрым ылаңдар ным жерде бат өрчүйт. Кудайга шүгүр, Кыргызстандын климаты кургак. Ал эми шарп бизде мурда деле катталчу. Бирок жеңил өтчү. Бир эмделген мал кайра ылаңдачу эмес. Менимче, азыркы ылаң бизге сырттан келген".
Шарп - ача туяктуу малды жабыркаткан вирустук ылаң. Анын негизги жети тиби жана бир канча варианты бар. Ылаңдаган мал жем-чөп жей албай, оозунан шилекейи куюлат. Ооздун былжыр челинде көп майда ыйлаакчалар пайда болот, ал бат эле жарылып, жарага айланат. Вирус ылаңдаган малдын тезеги, заарасы, шилекейи жана сүтү менен сыртка бөлүнүп чыгат. Кишиге ылаңдаган малдан, чийки сүтүнөн жана андан даярдалган сүт азыктарынан жугат.
Былтыр күз айларында Азербайжанда шарптын айынан мал боо түшүп кырылганы тууралуу маалыматтар чыккан. Өлкөнүн ветеринарлары Түштүк Африкада катталган шарптын SAT-1 агрессивдүү штаммы аларга Түркия жана Ирандан келгенин айтышкан.
Айрым ветеринарлар ылаң Орусияга же Казакстанга өтүп, андан бизге тарашы мүмкүн деп күмөн санашат. Бирок ЕАЭБге мүчө Орусия да, Казакстан да бул ылаңды расмий ырастаган жок.
Кыргызстанда учурда малды шарп, күйдүргү, карасан, оспа, бруцеллез ылаңдарына каршы жазгы эмдөө иштери башталды. Быйыл вакцинация үчүн мамлекет 135 млн сом бөлгөн.
Шерине