Буга байланыштуу атайын видео жарыялады. Анда «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык схемалардан улам мамлекетке 4,1 миллиард сом зыян тартканы, буга Шаирбек Ташиевдин тиешеси бар экени айтылат. Экс-депутат жана анын жактоочусу, жакындары буга байланыштуу комментарий бере элек.
ИИМдин маалыматы
ИИМ тараткан видеодо «Кыргызнефтогазга» байланыштуу Салык кызматынын жана аудитордук текшерүүлөрдүн негизинде кылмыш иши козголгону белгиленген.
"Шаирбек Ташиев "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупциялык схема боюнча кармалды.. Кайра иштетүүчү "Кыргызпетролиум" мамлекеттик ишканасы бар экенине карабай мунайды жеткирүү түздөн түз эмес, жеке ортомчу компаниялар аркылуу ишке ашырылган. Тергөөдө мунай ортомчу компаниялар аркылуу берилип, кийин "Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасына кайра сатылып, мыйзамсыз киреше алынганы аныкталган. Алдын ала эсеп боюнча мамлекетке келтирилген зыян 4,1 млрд сомдон ашат. Тергөө иштери уланууда. Мамлекетке келтирилген зыян толук көлөмдө Шаирбек Ташиев тарабынан өндүрүлүүгө тийиш", - деп жазылган маалыматта.
ИИМ жарыялаган маалыматта Шаирбек Ташиев тергөөдө сурак берип жаткан учур көрсөтүлгөн. Андагы айткандары монтаждалган жана толук эмес, кыска гана берилген. Анда Ташиев "Кыргызнефтегаздан" чийки кара майды бекитилген тариф менен алып иштетип келгенин айтып жатканын гана угууга болот.
Камчыбек Ташиев инисинин кармалганына байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Шаирбек Ташиевдин жактоочусунан дагы комментарий алууга мүмкүн болгон жок.
Журналист Адил Турдукуловдун пикиринде, соңку окуялардын саясий өңүтү бар.
"Адам бийликте отурганда аны жамандабайт, кылмыш ишин козгоо мүмкүн эмес. Кызматтан кеткенден кийин гана ага бүт мамлекеттик машина каршы иштей баштайт. Азыр ошондой болуп жатат окшойт. Бул көбүнчө кылмыш иши эмес, көбүнчө өч алуу жана Ташиевдердин кланын саясий айдыңдан чыгаруу аракети болуп жатат деп ойлойм. Адатта саясий репрессиялар президенттик шайлоого бир жыл калганда башталат. Азыр да классикалык схема ошондой болуп жатат".
Шаирбек Ташиев ким?
50 жаштагы Шаирбек Ташиевдин аты коомчулукка 2012-2013-жылдары белгилүү боло баштаган. Ошол маалда анын агасы Камчыбек Ташиев баштаган парламенттеги "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары камалып, ал төрөлүп-өскөн Жалал-Абад облусунда тарапташтары митингге чыгып, облустук администрацияга чейин кирип барып, жол тоскон учурлар болгон.
Ошол акциялардын уюштуруучуларынын бири катары Шаирбек Ташиевдин аты аталып келген. Облустук акимчиликти ээлеп алуу фактысына байланыштуу Шаирбек Ташиев баштаган адамдарга кылмыш иши козголгон. 2013-жылы алар шарттуу түрдө үч жылга кесилген.
Шаирбек Ташиев 1997-жылы Жалал-Абад коммерциялык институтунун "коммерциялык ишмердүүлүк" адистигин аяктаган. 2000-жылы президентке караштуу Башкаруу академиясын, 2011-жылы Москва бажы академиясын бүтүргөн. Эмгек жолун 2000-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде адис болуудан баштаган. 2001-жылы Бишкектеги Октябр райондук администрациясына адис болуп келген. Көп өтпөй эле, 2001-2003-жылдары Монополияга каршы саясат агенттигинде иштеген.
Шаирбек Ташиев андан кийин бажы тармагына өтүп, дээрлик он жыл, 2013-жылга чейин Жалал-Абаддагы башкармалыкта инспектордон башкармалыктын жетекчисинин орун басарлыгына чейин жеткен.
2015-2021-жылдары "Жалал-Абад мунайды кайра иштетүүчү завод" ишканасын башкарган. 2016-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. 2021-жылы бир мандаттуу Жалал-Абад шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген.
Жогорку Кеңешти ичинен билгендердин айтымында, Шаирбек Ташиев агасынан улам парламенттин соңку эки чакырылышында таасирлүү депутаттардын бири болгон. Ошол эле маалда саясатка аралашпай, агасынын бийлигине ачык таянган эмес. Негизинен миграция өңдүү социалдык маселелерди, элеттеги көйгөйлөрдү көтөрүп келген. Саясий жылдызы жанып турганда анын марттыгын, берешендигин мактап-жактап жазган блогерлер, активисттер көп болгон.
Юрист Клара Сооронкулова Шаирбек Ташиевге козголгон кылмыш иши, анын карматкан жагдайлар болушунча ачык болушу керектигин айтты. Ал дагы соңку окуяларды саясаттагы атаандаштык, алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштырат.
"Буга чейин текшерүүлөр жүрүп жатат деп билдирип жатышпады эле, суракка барып жаткан. Башкаларды мисалы улам суракка чакырбай, бир белги болсо эле камап салчу эмес беле. Ташиевди болсо улам суракка чакырып атышты. Өзү мыйзамдын талабы ошондой да, иш козгордон мурун сөзсүз түрдө текшерүү жүргүзүлөт. Эми саясатка байланыштуу маселе болуп жаткандан кийин ошонун да максималдуу түрдө ачык көрсөтүш керек да коомго түшүнүктүү болушу керек. Бул жерде эми өч алуу эмес, саясий атаандаштык болуп жаткандай. Ташиевдердин салмагы чоң, колдоочулары көп. Шайлоо жакындап баратат. Муну ошого байланыштырса болот. Анан бул жерде эч кандай кылмыш болбосо, аны жөн жерден камап коюп жатса, анда бул иштин саясий өңүтү бар деп айтса болот. Менимче, бул жерде анын камалышынын негизи болсо керек. Мыйзам алдында баары бирдей болушу керек".
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Сайдулла Нышанов бийликте достук жок экенин далилдеген учур деп эсептейт.
"Эми бизде ар кандай сөздөр айтылып жүрдү. Бирок биз мыйзамдуу өлкөбүз. Мыйзамда биз шайлоодо бир эле адамга добуш бергенбиз. Садыр Жапаров деп. Эми Садыр Жапаров шайлангандан кийин калгандарын орусча айтканда «наёмный работник» деп койсок болот. Айлык алып иштеген. А президенттин ишеними болбой калганда кете берет. Ал кетиргенге укугу бар. Бул туура эле нерсе да. Экинчи маселе, эгер мыйзам бузулуп, ошондой укук бузуулар болсо, баары дыкат тергелиши керек. Мыйзамды бузган адамдар жооп бериши керек. Болбосо ар кандай сөздөр боло берет. Кыргыздар «эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» деп айтып келишкен. Бул туура сөз. Тарыхты карай турган болсок бийликти эч ким бөлүшкөн эмес. Бир туугандар, ата менен бала дагы бөлүшкөн эмес".
Шаирбек Ташиев тууралуу компромат материалдар анын агасы кызматтан алынгандан кийин чыга баштаган. Анда анын байлыгы, казиного барганы тууралуу сөз болгон.
Өлкөдөн чыгып кеткен Камчыбек Ташиев Орозо айтты утурлай кайра кайтып келген жана ал дагы ИИМге сурак берип чыккан. Атайын кызматтын мурдагы төрагасы айт намазга барганда дооматтарды "каралоо" деп учкай гана комментарий берген.
Шерине