Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:43

Президент БШКнын мүчөлөрүнүн санын азайткан мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров. Архив.
Садыр Жапаров. Архив.

Президент Садыр Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрүнүн санын 12ден сегизге азайтуу боюнча мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 22-апрелде кабыл алган.

Ага ылайык, БШКнын сегиз адамдан турган курамы беш жылга шайланат жана анын төртөөнү президент, калган төртөөнү Жогорку Кеңеш көрсөтөт.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Нурбек Сыдыгалиев мыйзам чыгымды азайтуу жана Боршайкомдун ишин ыкчам алып баруу үчүн иштелип чыкканын айткан. Ал БШКнын 12 мүчөсү чогулбай, кворум болбой калган учурлар бар экенин билдирген.

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров буга чейин эгерде Боршайкомдун мүчөлөрүнүн саны кыскартылса 2 миллион сомдун тегерегинде каражат үнөмдөлөрүн айткан.

Мыйзам долбоорун депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастан Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев жана Таалайбек Масабиров жазган.

БШКнын азыркы курамы 2021-жылы июнда бекитилген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG