Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

21-майдын аба ырайы: Айрым аймактарда нөшөр жаайт

20-23-май күндөрү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

21-майда түнкүсүн Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25

Бишкекте түнкүсүн жана түшкө чейин жаан-чачын жаабайт, түштөн кийин жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 26…28° болот.


Шерине

XS
SM
MD
LG