Ошентип, кыргыз өкмөтү алдыда күйүүчү май дагы бир кыйла кымбаттай турганын эскертип жатат. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 4-августта мамлекеттик “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде мунайдын жериндеги баасы менен кошо логистикалык наркы да өсүп жаткандыктан баа баары бир өсөрүн билдирди:
“Дизелди, газды жана АИ-92 маркасындагы бензинди субсидиялоо боюнча жобо иштеп чыгып, ошондуктан кичине кымбаттаттырбай турабыз. Бааларды кармап турабыз. Бирок, айта кетейин, баары бир акырындан кымбаттайт. Бааларды салыштырсаңар, Өзбекстан менен Тажикстанга караганда АИ-92 менен дизелдин баасы бир топ эле арзан – 20-25 сомго чейин арзан болуп атат. Ошол сумманы биз республикалык бюджеттен субсидиялап атабыз. Баа канчалык өсүп кетсе, толук субсидиялаганга ал жакка дагы миллиарддаган сомдор кетет. Ошондуктан баа баары бир өсөт. Эгер өздөрү алып келген баа менен сатсак, ошол эле дизел 130-140 сомго чейин, бензиндин баасы 110-120 сомго чейин чыгып кетет. Биз азыр 90 сомдун тегерегинде кармап атабыз”.
Миллиарддаган сомдук бюджеттик субсидияга карабай соңку айларда мунайдын чекене баасы ылдамдык менен өсүп келет. Ушул күндөрү Бишкектеги мунай бекеттеринде АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 89,9 сомдон, АИ-95 бензини 109,9 сомдон, ал эми дизел отуну 101,9 сомго чейинки баада сатылууда.
Кыргыз өкмөтү мунайды бир катар өлкөлөрдөн активдүү издеп жатканын кабарлоодо. Орус мунайын алып келүү жакынкы апталардан тартып кайра жандана турганы, Беларус менен Кытай бир аз көлөмдөн берип жатканы айтылды.
Азербайжан президентинин Ысык-Көлдө өткөн мамлекеттик сапарында меморандумга кол коюлду. Бирок ал качан ишке ашары азырынча белгисиз.
Өзбекстан өкмөтү кайра иштетүүчү заводдору аркылуу Кыргызстандын чийки мунайынан айына 20 миң тоннага чейин бензин чыгарып берүүгө макулдук бергени маалымдалды.
Учурда мунай каатчылыгы Борбор Азиянын бардык жеринде өкүм сүрүүдө.
Жагдайдын курчушуна алгач Жакынкы Чыгыштагы жаңжал себеп болсо, июль айында Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна урулган дрон соккулары экинчи толкунду жаратты.
Мунай керектөөсүнүн 90% ашуунун Орусиядан ташып келген Кыргызстанда соңку айларда тартыштык күч алып, баа кескин өсүп барат.
Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов бир жагынан мунай таппай жатышса, экинчи жагынан баа кескин өсүп баратканын айтууда:
“Биздин ички керектөөбүзгө айына 50-55 миң тонна бензин жана ошончо көлөмдө дизел отуну керек болсо, бүгүнкү күндө андан абдан эле аз көлөмдө сунуштар болуп атат. Биздин компаниялар көпчүлүк көлөмдү Орусиядан ташып келет эле. Ал жактан мунай иштетүүчү заводдордон бизге берген сунуштар күндөн-күнгө азайып атат. Бензин группасы боюнча сунуш бүгүнкү күндө таптакыр эле жок болуп калды. Биздин компаниялар башка мамлекеттерден ошол бензинди издеп жүрүшөт. Ал биздин жакынкы эле кошуналар – Казакстан, Кытай, ошондой эле Азербайжан, Беларус жана Европа мамлекеттери. Кайсы мамлекетте мунай көп болсо, ошолор менен биздин компаниялар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жүрүшөт. Жыл башынан бери дүң баа 2-2,5 эсеге чейин, аябай эле жогорулап кетти”.
Караламан калкты азыркы тапта мунай каатчылыгы Кыргызстандын экономикасына кандай залака алып келет, базар баасына таасири кандай болот деген суроо кабатырга салууда. Маселен, бензин жана дизелдин тартыштыгы өлкөнүн бир эле транспорт эмес, дээрлик бардык тармактарына таасир этет.
Алсак, күйүүчү май кымбаттаса транспорттук логистиканын баасы да өсөт.
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) статистикасын карасак, Кыргызстан жылына 60 млн тоннадан ашуун жүк ташыса, анын 82% автотранспорт, 17% темир жол менен ташылат. Ал эми аба транспортунун үлүшү 1 пайызга да жетпейт.
Демек, негизинен дизел менен иштеген жүк ташуу чөйрөсү олуттуу кыйынчылыкка тушугат. Натыйжада азык-түлүк, курулуш материалдары жана башка товарлар да барган сайын кымбаттоодо.
Экономика маселелери боюнча серепчи Уран Чекирбаев күйүүчү майдын каатчылыгы башка товарлардын да кымбатташын жаратарын белгилөөдө. Анын пикиринде, өсүү темпи 60% ашып келаткан курулуш тармагы инфляцияны анча сезбегени менен 3-4% араң өсүп жаткан айыл чарбасы өңдүү тармактардын жумушчулары туташ кымбатчылыкты жон териси менен тартат:
"Күйүүчү майдын баасы 80 сомдон 120-140 сомго жогоруласа, анан бардык товарлардын баасы ошого жараша кымбаттайт да. Себеби күйүүчү майдын орду бүт жерде бар. Атүгүл свет чыгарганда да күйүүчү май керек. Эт, май чыгарганда, кызмат көрсөтүүлөрдө унаа менен күйүүчү майдын үлүшү бүт жерде отурат. Ошондуктан баа бүт жерде кескин жогорулайт жана бизге сезилбей эле жогорулап жатат".
6-августта Кыргызстан Орусиядан айдын аягына чейин 100 миң тонна күйүүчү май алып келери белгилүү болду. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда айрым май куюучу жайларда АИ-92, АИ-95 жана дизел тартыш болуп жатканын ырастады. Ал өлкөдө тартыштыкты болтурбоо үчүн Азербайжан, Түркмөнстан, Ирандан күйүүчү-майлоочу майды ташып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр улантылып жатканын кошумчалап, Орусия менен түзүлгөн келишим боюнча маалымат берди:
“Орусиянын өзүндө күйүүчү май тартыш болуп жатканына карабастан бизге 100 миң тонна (ред: айына 100 миң тоннадан) күйүүчү-майлоочу майды берүүгө макул болду. Бул негизинен эки президенттин сүйлөшүүсү. Контракт түзүлдү. Буюрса ушул айдын аягына чейин күйүүчү майдын биринчи партиялары келе баштайт”.
Данияр Амангелдиев буга чейин Кыргызстан Кытайдан, Түркиядан жана Беларустан күйүүчү май ташып келгенин, ушул тапта өлкөдө бензиндин эки айга жете турган кору бар экенин айткан. Ал 30-июлда Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү-майлоочу май ташып келүү боюнча келишимге кол койгонун кабарлаган.
Кыргызстан жылына 1,5 млн тоннадан ашуун күйүүчү май керектейт. Анын 90% Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат.
Жергиликтүү өндүрүштөн чыккан продукция 10% жетпейт. Аны негизинен мамлекетке караштуу “Кыргыз Петролеум Компани” менен Кытай инвесторлоруна таандык “Жунда” заводу чыгарат.
Азыркы каатчылык бир жагынан Кыргызстанды энергетика тармагындагы импортту диверсификациялоого түртүп жатат. Учурда кыргыз мунай ташуучулары ар башка рыноктордон өзүнүн багыттарын активдүү издөөгө өткөн. Муну менен катар өкмөт ири мунай заводун курууну ойлонуп жатканын билдирүүдө.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана Украина Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган дрон соккулары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди. Орусиянын өзүндө күйүүчү-майлоочу май тартыш болууда. Аймактагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен Тажикстанга бул кризистин кесепети катуу сезилип жатат.
Андыктан Украинадагы согуш күчөп, анын кесепети Орусиянын өнөктөштөрү болгон Борбор Азия өлкөлөрүнө тийип жаткан учурда, Жакынкы Чыгыштагы соңку окуяларды эске алганда, аймактагы лидерлердин жакында Чолпон-Атада өткөн жолугушуусунда да бул маселе көтөрүлдү. Мисалы, тажик президенти Эмомали Рахмон Борбор Азияда эң жаңы технологияларды колдонуу менен ири мунай иштетүүчү завод курууну карап чыгуу тапшырмасын берүүнү сунуштады. Албетте, биринчи кезекте ал аймактагы өлкөлөрдүн маанилүү мунай продукциясына болгон ички муктаждыктары эске алынышы керек экенин белгиледи.
Орусиянын бийлиги, ал арада, Батыш өлкөлөрүндө экологиялык талаптарга жооп бербейт жана адамдын ден соолугуна кооптуу деп табылган Евро-2, Евро-3 жана Евро-4 стандартындагы бензинди импорттоого жана сатууга уруксатты 2027-жылдын июлуна чейин жандантты. Өлкөнүн Энергетика министрлиги бул чара убактылуу экенин жана күйүүчү май рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн кабыл алынганын билдирген.
Евро-2 стандартындагы бензин Европада 1995-жылдан 2000-жылга чейин колдонулуп, кийин экологиялык талаптардан улам өндүрүштөн алынган. Орусияда аны колдонууга 2013-жылы толук тыюу салынган.
Бийлик заводдорго курамында күкүрттүн көлөмү жогору бензин менен дизелди өндүрүүгө уруксат бергенден кийин, өлкөдө автоунаа оңдоочу жайларга кайрылгандар көбөйгөнү айтылып жатат. Адистер мындай даттануулардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертишет.
Greenpeace уюмунун эксперти Анна Ежактын айтымында, курамында күкүрт көп болгон күйүүчү майды колдонуу экологияга да, адамдардын ден соолугуна да олуттуу коркунуч жаратат.
"Ал күйүүчү май күйгөндө абага күкүрт диоксиди жана PM2.5 зыяндуу бөлүкчөлөрү тарайт. Алар өпкөнү жабыркатат. Бензиндеги жыпар жыттуу көмүр суутектердин уруксат берилген үлүшү 35 пайыздан 42 пайызга чейин жогорулатылганы да зыяндуу бөлүкчөлөрдүн көбөйүшүн шарттайт", - деди ал.
Шерине