Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

"15 жылдан кийин Сирия революциясы жеңди". Башар Асаддын тагдыры Москванын колунда

Дамасктын түндүк-чыгышындагы Адра шаарчасында бийликтен кулатылган Сириянын президенти Башар Асаддын сүрөтү тартылган дубалда октун издери көрүнүп турат. 25-декабрь, 2024-жыл.
Дамасктын түндүк-чыгышындагы Адра шаарчасында бийликтен кулатылган Сириянын президенти Башар Асаддын сүрөтү тартылган дубалда октун издери көрүнүп турат. 25-декабрь, 2024-жыл.

Сириянын соту өлкөнүн мурдагы президенти Башар Асадды "адамзатка каршы жана согуш кылмыштарына күнөөлүү" деп таап, сыртынан өлүм жазасына кести. Ушул эле иш боюнча Асаддын тууганы, мурдагы жогорку даражалуу коопсуздук кызматкери Атеф Нажиб да өлүм жазасына өкүм кылынды.

Дамасктагы соттун чечими 2011-жылы Сириянын түштүгүндөгү Дераа провинциясында өкмөткө каршы нааразылык акцияларын күч менен басууга байланыштуу чыгарылды. Дал ушул окуялар кийин бүтүндөй өлкөгө жайылып, 14 жылга созулган Сириядагы согуштун башталышына түрткү берген.

Сот Башар Асадды алдын ала пландалган киши өлтүрүү, бир нече адамды, анын ичинде 15 жашка чейинки балдарды атайылап өлтүрүү, кыйноо, мыйзамсыз эркинен ажыратуу сыяктуу бир катар кылмыштарга күнөөлүү деп тапты.

Судья Фахр ад-Дин аль-Арьян соттун чечимин окуп жатып, Асадга коюлган айыптардын айрымдары адамзатка каршы жана согуш кылмыштары катары бааланганын билдирди.

«Сириянын араб элинин атынан сот бир добуштан төмөнкүдөй чечим чыгарды. Качкын айыпталуучу Башар Асад алдын ала пландалган киши өлтүрүү, бир нече адамды, анын ичинде он беш жашка чейинки балдарды атайылап өлтүрүү, кыйноо жана адам өлүмүнө алып келген кыйноо, ошондой эле адамзатка каршы жана согуш кылмыштары үчүн күнөөлүү деп табылсын», - деди судья.

Сот Асадды бул айыптар боюнча өлүм жазасына кести.

Мурдагы президент өзү сотко катышкан жок. Ал 2024-жылдын декабрында бийлиги кулагандан кийин Орусияга качып кеткен. Москва Асадга жана анын жакындарына башпаанек берген.

Сирия: Башар Асад сыртынан өлүм жазасына кесилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

Дераада соттун чечимин кубаттагандар чыкты

Өкүм жарыялангандан кийин Сириянын бир катар шаарларында, анын ичинде Дераада бир катар тургундар көчөгө чыгып, соттун чечимин кубатташты.

Дераа Сириядагы 2011-жылкы көтөрүлүштүн символуна айланган шаар. Асаддын бийлигине каршы алгачкы ири нааразылык акциялары дал ушул жерде башталган.

Соттун чечимине кубанган адамдардын арасында 30 жаштагы Муавия аль-Сияснех да бар. Ал 2011-жылы 15 жашта болчу.

Аль-Сияснех жана башка өспүрүмдөр мектептин дубалына Асаддын бийлигине каршы жазуу жазганы үчүн кармалган. Анын айтымында, аны ошол кезде Дераадагы саясий коопсуздук башкармалыгын жетектеген Атеф Нажиб камакка алган.

«Атеф Нажиб мени он беш жашымда камакка алган. Кудайга шүгүр, он беш жылдан кийин Сирия революциясы жеңишке жетти. Бүгүн Атеф Нажиб өлүм жазасына кесилди. Кубанычыбызды сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес», - деди аль-Сияснех.

Ал Сириянын жаңы бийлиги мурдагы өкмөттүн тушунда жасалган кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды да жоопко тартат деген үмүтүн билдирди.

«Биз бир аз болсо да кадыр-барк үчүн он беш жыл күрөштүк. Кудайга шүгүр, Сирия революциясы жеңишке жетти. Эми, Кудай буюрса, Сирияны кайра куруп, аны мурдагыдан да жакшы өлкөгө айлантабыз», - деди ал.

Атеф Нажиб ким?

Атеф Нажиб - Башар Асаддын тууганы жана Сирия армиясынын мурдагы бригадалык генералы. 2011-жылы ал Дераа провинциясындагы Саясий коопсуздук башкармалыгын жетектеген.

Атиф Нажиб темир тор артында сот жараянына катышып жатат. 26-апрель, 2026-жыл. Дамаск.
Атиф Нажиб темир тор артында сот жараянына катышып жатат. 26-апрель, 2026-жыл. Дамаск.

Нажибдин аты Сириядагы көтөрүлүштүн башталышына байланышкан окуяларда көп аталат.

2011-жылдын март айында Дераадага балдардын кармалышы жана аларга катаал мамиле жасалганы тууралуу маалыматтар жергиликтүү тургундардын нааразылыгын жараткан.

Адегенде кармалган балдарды бошотуу талабы менен башталган акциялар бара-бара бийликке каршы демонстрацияларга айланган. Коопсуздук күчтөрү митингчилерге каршы күч колдонуп, ок чыгарган. Активисттер алгачкы бир жарым айдын ичинде Дераада жүздөгөн демонстрант набыт болгонун билдиришкен.

Нааразылык акциялары көп өтпөй Сириянын башка шаарларына да жайылган.

Сирия: оптимизм коркууга алмаштыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:45 0:00

Дамасктагы сотто Атеф Нажиб айыпталуучулардын арасында сот залына жеткирилгендердин бири болду. Судья өкүмдү окуп жатканда ал түрмө кийимчен темир тордун артында турган.

Сот Нажибди жарандык согушка жана диний-секталык кагылышууга түрткү берүүгө багытталган аракеттерге күнөөлүү деп тапты. Нажиб да өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды.

Бул иште Башар Асад менен Атеф Нажиб гана айыпталган жок.

Сот мурдагы аскер жана коопсуздук түзүмдөрүнүн дагы алты өкүлүн сыртынан өлүм жазасына кести. Алардын арасында Башар Асаддын иниси Махер Асад жана мурдагы коргоо министри Фахд аль-Фрейж да бар.

Махер Асад мурда Сирия армиясынын эң таасирдүү бөлүктөрүнүн бири, элиталык Төртүнчү дивизияны жетектеген. Ал агасынын бийлиги кулагандан кийин Сириядан чыгып кеткен. Маалыматтарга караганда, ал да Орусияда.

Бул Башар Асаддын бийлиги кулатылгандан кийин Сириянын өткөөл бийлиги мурдагы президенттин өзүнө чыгарган алгачкы сот өкүмү болуп калды.

Дамасктын соту Асадды камакка алууга ордерди 2025-жылдын сентябрында берген. Ага коюлган айыптар негизинен 2011-жылы Дераадагы өкмөткө каршы акцияларды басууга байланыштуу.

Дераадан башталган согуш

2011-жылы Сириядагы нааразылык акциялары «Араб жазы» деп аталган толкундун тушунда башталган.

Башында демонстранттар саясий реформаларды, коррупцияны токтотууну жана кармалгандарды бошотууну талап кылышкан. Бирок бийликтин акцияларга күч менен жооп бериши нааразылыктын масштабын кеңейткен.

2011-жылдын апрелинин аягында Дераага армия жана бронетехника киргизилген. Коопсуздук күчтөрү демонстранттарга ок чыгарганы кабарланган.

Бара-бара бийликке каршы чыккан топтор куралданып, өлкө жарандык согушка кирип кеткен.

14 жылга созулган жаңжалда жарым миллиондон ашуун адамдын өмүрү кыйылган. 12 миллиондой сириялык өз үйүн таштап кетүүгө аргасыз болуп, алардын миллиондогону чет өлкөлөргө качкан.

Сириядагы согуш XXI кылымдагы эң оор гуманитардык кризистердин бирине айланды.

Укук коргоо уюмдары Асаддын бийлиги тушунда жүз миңдеген адам кармалып, өлкөдөгү абактарда кыйноо кеңири колдонулганын билдирип келишет.

Түркияда жайгашкан «Седная түрмөсүндөгү камактагылар жана дайынсыз жоголгондор ассоциациясынын» маалыматына ылайык, 2011-2018-жылдар аралыгында Седная түрмөсүндө 30 миңден ашуун адам өлүм жазасына тартылган же кыйноодон, медициналык жардамдын жоктугунан жана ачарчылыктан каза болгон.

Асаддын бийлиги кантип кулаган?

Башар Асад Сирияны 2000-жылдан тартып башкарган. Ал бийликке атасы Хафез Асад каза болгондон кийин келген. Хафез Асад өлкөнү 1971-жылдан бери башкарып келген.

2011-жылкы көтөрүлүштөн кийин Башар Асаддын бийлиги бир кезде өлкөнүн олуттуу бөлүгүнө көзөмөлүн жоготкон.

Бирок Орусия менен Ирандын аскердик жана саясий колдоосу Асаддын өкмөтүнө өлкөнүн көпчүлүк аймагын кайрадан көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк берген.

2020-жылдан кийин Сириядагы фронттор салыштырмалуу тынчып, өлкөдөгү согуш дүйнөлүк маалымат каражаттарынын башкы темаларынан алыстай баштаган.

Бул кырдаал 2024-жылдын ноябрынын аягында күтүүсүз өзгөрдү.

Куралдуу оппозиция Сириянын түндүгүнөн чабуул баштап, кыска убакыттын ичинде ири шаарларды биринин артынан бирин ээлей баштады. Алгач Алеппо, андан кийин Хама жана Хомс оппозициянын көзөмөлүнө өттү.

Көп өтпөй куралдуу топтор Дамаскка кирди.

Сириянын өкмөттүк армиясы олуттуу каршылык көрсөтө алган жок. Асаддын негизги союздаштары болгон Орусия менен Иран да анын бийлигин сактап калуу үчүн мурдагыдай масштабда кийлигишкен жок.

2024-жылдын декабрында Башар Асаддын дээрлик чейрек кылымдык бийлиги аяктады.

Асад жана анын иниси Махер өлкөдөн чыгып кетти. Москва кийин Башар Асадга жана анын үй-бүлөсүнө «гуманитардык себептерден улам» башпаанек берилгенин билдирген.

Асад Сирияга өткөрүлүп берилеби?

Сириянын жаңы бийлиги Москвадан Башар Асадды өткөрүп берүүнү талап кылган.

Бул маселе Орусиянын Сириядагы аскердик базаларынын келечеги талкууланып жаткан учурда көтөрүлгөн.

Ошол эле учурда Дамаск менен Москва мамилесин толугу менен үзгөн жок. Сирия жакында Орусия менен өлкөдөгү орус аскердик объектилеринин келечегине байланыштуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлганын билдирди.

Ага ылайык, тараптар бул объектилерди үч айдын ичинде биргелешкен машыгуу борборлоруна айландырууну макулдашкан.

Башар Асад Орусияда тургандыктан, Дамаск сотунун өлүм жазасын иш жүзүндө аткаруу маселеси азырынча ачык бойдон калууда.


  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG