Шайлоо келерки жылдын 27-январына белгиленген. Демек, парламент 27-сентябрга чейин токтом кабыл алышы керек. Ал арада спикер Марлен Маматалиевдин маегинде айтылган пикирден улам Садыр Жапаров президенттик кызматта туруп шайлоого катышабы деген суроо жаралды. Бул жагдайда мыйзам эмне дейт?
Жаңы сессиясын баштаган Жогорку Кеңештин алдындагы бир милдет - президенттик шайлоону дайындоо. Алдыдагы президенттик шайлоонун тегерегиндеги талкуулар жыл башында эле кызый баштаган. Депутат Нурбек Сыдыгалиев парламент жакында шайлоону жарыялоо боюнча токтом кабыл аларын билдирди.
“17-сентябрда шайлоонун кайсы күнү өтөрүн жарыялайбыз. Андан кийин каалаган адам 30 миң кол топтосо, шайлоого катыша алат го. Ал жерде эч кандай чектөө деле жок. Баарына бирдей эле шарт түзүлөт”.
Февралда 75 саясий, коомдук ишмер бийликке шайлоону мөөнөтүнөн эрте өткөрүү боюнча кайрылып, Жапаровдун президенттигинин мөөнөтү боюнча белгисиздик жаралганын белгилешкен.
Кийин президент Конституциялык сотко кайрылып, анда Жапаровдун биринчи мөөнөтү 2027-жылы аяктай турганы, экинчи жолу шайланууга укугу бардыгы такталган.
Кайрылуу жолдогондор боюнча кылмыш иши козголуп, сот атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз кишини бийликти күч менен басып алуу боюнча күнөөлүү деп тапкан.
Президенттик шайлоонун тегерегиндеги талкуу спикер Маматалиевдин мындай билдирүүсүнөн кийин кайра жанданды.
"Мыйзам боюнча президент өзү мамлекет башчы катары келаткан шайлоого бара берет. Эч чектөө жок, бардык функцияларын толук аткарат. Үч бийлик бутагы аткарган функцияларын кадимкидей уланта берет. Президенттин милдетин аткаруучу деген жок. Өткөндө бирөө “балатынын астында куттуктоону кыялданып жатат экен” деп айтып калышты, андай да жок. Президентибиз өзү бардык ишмердүүлүгүн да кылат”, - деген Марлен Маматалиев журналист Али Токтакуновго курган маегинде.
Айрымдар шайлоодо бардык талапкерлерге тең атаандаштык түзүү үчүн президенттин кызматтан кетип туруу зарылдыгы тууралуу кеп кылууда. Депутат Гуля Кожокулова мыйзамдагы талаптарды “өз кызыкчылыгына жараша чечмелөө туура эместигин” билдирди.
“Бизде Баш мыйзам, мыйзамдар бар жана ал жерде баары так жазылган. Мага көпчүлүк мыйзамды өзү каалагандай жана өзү түшүнгөндөй кылып чечмелегиси келгени жакпайт. Мындай болбошу керек. Мыйзамды чечмелөө бир гана мыйзам чыгаруу органы же Конституциялык сот тарабынан аткарылат. Консот бардык суроолорго чекит койгон. Биз мыйзам чегинде кетишибиз керек.
- Демек, ал кызматтан кетип турушу керек...
- Албетте, албетте”.
Кыргызстанда президенттин экинчи мөөнөт үчүн шайлоого барган тажрыйбанын колдонулбаганына 17 жылдын жүзү болду. Мындай шарт менен соңку ирет 2009-жылы Курманбек Бакиев кайра президент болуп шайланган. Айрым талдоочулар президенттин шайлоо өнөктүгү учурунда кызматта калып-калбашынын мыйзамдык жагына караганда саясий мааниси көбүрөөк дешет.
“Чынын айтканда, бул деле формалдуу талап. Бирок ошондо да административдик ресурс, мамлекеттик каражаттары колдонулган жок дегенге негиз түзүп бермек. Кызматта турган президент менен эч ким атаандаш боло албайт. Жок дегенде ошол убакта өргүүгө кетти, калган талапкерлер менен тең шартта шайлоого катышат дегендей аракет болушу керек эле. Кандай болбосун, анын артыкчылыгы ашып турат. Формалдуу түрдө болсо да ошону камсыздап бериши керек эле”, - деди Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова.
Президенттик шайлоодон кийин парламентти таратуу жана жаңы шайлоо дайындоо боюнча кептер буга чейин да айтылып, аны спикер Маматалиев четке каккан.
Шерине