Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Жөргөмүш адам "Бурж Кадифаны" багынтты


Франциялык жөргөмүш адам (Spider-man) Бириккен Араб Эмирлигиндеги 828 метрлик имараттын башына жармашып чыкты. Дубайдагы “Бурж Калифа” дүйнөдөгү эң бийик имарат. 48 жаштагы Алан Роберт 160 кабаттуу имараттын төбөсүнө чыкканга 6 саатка жакын убакыт коротту. Ал “Бурж Калифанын” чокусуна чыгууда Эмирликтин шейхинин талабы боюнча аркан жана коопсуздук кемерин пайдаланды. Мурда ал эч кандай аркан-кемерсиз дүйнөдөгү 80ден ашуун эң бийик имараттардын башына, анын ичинде Нью-Йорктогу "Эмпайр стэйт бьюлдингдин" (Empire State Building), Куала Лумпурдагы Петронас мунараларынын (Petronas Towers) жана башкалардын төбөсүнө дубалга жабышып чыккан.

XS
SM
MD
LG