Орусия полициясы оппозициячыл саясатчылар Борис Немцов менен Эдуард Лимоновду 31-мартта Москвада жана Санкт-Петербургдагы нааразылык жүрүшү учурунда камакка алды. Полициянын жана оппозиция активисттеринин билдиришинче, Санкт-Петербургда 100дөн ашуун, Москвада 50 чакты демонстрант камакка алынган. Немцов кечинде койо берилгени кабарланды.
“Стратегия-31” деп аталган акцияны Санкт-Петербургда Кремлдин таанымал сынчысы Немцов баштап, ага 400 чамалуу адам катышкан. Москвадагы акцияны Эдуард Лимонов жетектеген.
Орусия Федерациянын Конституциясынын 31-беренесин туурап аталган акция ар айдын отуз биринде өткөрүлөт. Бул берене жарандардын тынч демонстрация өткөрүүсүнө укуктук негиз берет.
АКШ өкмөтү 31-марттагы тынч демонстрацияга катышкан орусиялык жарандардын камакка алынганына тынчсыздануусун билдирди.