Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

Апта: Байболовдун кетиши, депутаттардын мушташы


7-апрелде окко учкандардын жакындары өткөргөн митингден бир көрүнүш, 13-октябрь, 2010-жыл
7-апрелде окко учкандардын жакындары өткөргөн митингден бир көрүнүш, 13-октябрь, 2010-жыл

“Альфа-Телекомдогу” чатакка таянып, президент баш прокурорду кызматтан алды. Кызматтан алынган соң Кубатбек Байболов парламентте сөз сүйлөп, өлкөнүн башкы жетекчилерине олуттуу айыптарды такты. Парламентте “Республика” менен “Ата Журт” фракциясынын депутаттары мушташ чыгарышты.

Байболовдун алынышы

Баш прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболовдун кызматтан алынышы бийлик сересиндеги кармашуулардын чоң чыр-чатакка айланып кеткенин көрсөттү. Өлкө башчысы 31-мартта К.Байболовду кызматтан алгандыгы тууралуу жарлык чыгарып, мындай кадамына түшүндүрмө берди.

Президенттин түшүндүрмөсүнө ылайык, “Альфа Телекомдогу” чатак ырбап, саясий өң-түс алып кеткен. Ал тургай муну кыргыз-орус мамилесин буза турчу иш катары көрсөткөндөр көбөйгөн. “Альфа-Телекомдогу” каржылык чатакка байланышкан иштерде башкы тескөөчү органды жетектеп турган К.Байболовдун ысымы да айтылгандыктан, моралдык-этикалык негиздерге таянып президент аны кызматтан алган.

Аталган компаниядагы чырлашуунун күчөшү менен президент 16-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында мекемелер аралык иликтөө тобун түзгөн. Аталган иликтөө тобу “Сарамжал-Транс” компаниясы Байболовдорго таандык Broodmaster-Bishkek компаниясынан “Альфа-Телеком” үчүн 400 миң доллар акчага кыймылсыз мүлк сатып алганын, “Сарамжал-Трансты” “Альфа Телекомдун” мурдагы башкы мүдүрү Андрей Силич түзгөнүн аныктаган.

Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов да, анын жубайы Нуржамал Байболова да 793 квадрат метрлик кыймылсыз мүлк “Сарамжал-Транска” мыйзамдуу сатылганын, муну “Альфа-Телекомду” тартып алууну көздөгөн бийлик өкүлдөрү жөнү жок чуу кылып атканын айтышууда.

Чуулгандуу айыптоолор


Кызматтан алынган К.Байболов 1-апрель күнү парламентте билдирүү жасады. Оболу “Республика”, Социал-демократтар фракцияларынын бир катар мүчөлөрү анын парламентте сөз сүйлөшүнө уруксат бербөө керектигин айтып чыгышты. Жогорку Кеңештин алдына бир катар укук коргоочулар чыгып, К.Байболовго парламентте сөз сүйлөөгө уруксат берүүнү талап кылышты. “Ата Мекен” партиясы да сөз берүүнү талап кылып отуруп, акыры парламентте К.Байболов сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк алды.

Өз сөзүндө ал президент баштаган бийлик өкүлдөрү ага каршы юридикалык илинчээк таппай коюшканын, акырында моралдык-этикалык нормаларга таянып кызматтан алууга аргасыз болушканын, президент жеке өзү ага мындай баа берүүгө укугу жок экенин билдирди.

К.Байболов өз сөзүндө, президент андан бийик моралдык-этикалык нормаларды талап кылып, бирок өзү, тескерисинче, иштеп келатканын айтат. Анын айтымында, шайлоо алдында мамлекеттен күч түзүмдөрүнө деп 1 миллион 600 миң доллар бөлүнгөн.

Андан тышкары түрк ишкерлеринен 700 миң доллар тартылып алынган. Натыйжада бул каражаттар азыр бийликте турган бир партиянын шайлоо кампаниясына коротулуп калган. Ошондой эле ал биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, президент Роза Отунбаеванын айрым аракеттери тууралуу буларга токтолду:

- Ө.Бабанов салыктарды төлөгөн эмес. 700 миллион сомдук салык төлөгөн эмес. А мунун рейдерлик аракеттеричи... Сөз жок. Мен анын мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтып, сиздер мага берген убакыттын баарын коротпойун. Бул жерде рейдерлик да, уруп-сабоо, денеге залака келтирүү, баары бар. Билбейм урматтуу депутаттар, Бабанов кандай иш кылышы керек анын ишмердүүлүгүнө баа бериш үчүн.

Президент Р.Отунбаева менен сүйлөшкөнүмдө ал айтып атат, “Бабанов менен депутат Канатбек Исаев (“Республика” фракциясынын төрагасы) таза адамдар”,- дейт. Булар таза, мен таза эмес болуп калыптырмын да. Мен чынын айтайын, К.Исаев тууралуу кызыгып көргөн эмесмин. Анан К.Исаевдин парламенттеги сөзүн угуп, жөн гана сурап койдум, “бул К.Исаев деген ким?”,- деп. Мага төрт кылмыш ишин көтөрүп келишти, баары токтотулуп калыптыр. Сиздер кызыгып көрсөңүздөр болот, ал кандай гана кылмыш иштери боюнча айыпталып атканын.

Эми эң негизгисин айтайын. Урматтуу президент Р.Отунбаева мени кызматтан алуу себеби боюнча берген баасында, мага моралдык-этикалык жактан бийик талап коюп атат. А эмне, Отунбаеванын жана анын жакын туугандарынын айланасындагы иштер боюнча териштирчү маалыматтар жок бекен?

Жакында эле мага кыргыз-түрк “Манас” университетинин ректору Сулайман Кайыпов келип кетти. Ал өтө капа. Аны бул жакка чакырсаңар көп кызыктарды айтып берет. “Манас” университетинин имаратынын бир бөлүгү тууралуу соттошуулар Р.Отунбаева бийлик башына келгенден кийин эле анын сиңдисинин пайдасына чечиле баштайт. Бул соттошуу 1993-жылдан бери жүрүп келатат. Анан эле таң калычтуу себептер менен мурда оппоненттердин пайдасына чечилип келген соттук териштирүү март айында президенттин тууганынын пайдасына чечилип калды. Бул талкууланчу маселе эмес бекен?


Мурдагы башкы прокурор К.Байболов депутаттардан президенттин, Улуттук коопсуздук комитетинин, Ө.Бабанов баштаган адамдардын аракеттери боюнча бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышкан көз карандысыз комиссия түзүүнү суранды. Ал эми “Альфа-Телеком” боюнча чатакты сот чечиши керектигин, эгер жубайынын күнөөсү аныкталса аны, өзүнүн күнөөсү аныкталса өзүн түрмөгө отургузууну сунуш кылды.

Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов болсо, К.Байболовдун айыптоолоруна кийин жооп кайтарарын, азырынча бир гана “Альфа-Телеком” боюнча айыптоого жооп берерин айтып, мындай деди:

- Биз болсо “Сарамжал-Транс” деп туруп Кубатбек Байболовду айтып чыккандан кийин, бир паста эле имиш чыгат, бир паста эле Канат Исаевге иш козголот, бир паста эле Исхак Пирматовго иш козголот. Эмне айырмасы бар К.Байболовдун К.Бакиевден. Эмне үчүн К.Байболов бүгүн трибунага чыгып Р.Отунбаеваны айтып атат, А.Атамбаевди айтып атат. А эмне үчүн башкы прокурор болуп туруп, буга чейин айткан жок? Эмне себептен? Мен коркпой эле айттым го. Айтпайбы ошондо эле.

“Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Акылбек Жапаровдун айтымында, мурдагы башкы прокурор өтө олуттуу айыптоолорду айткандыктан чуулгандуу билдирүүлөр боюнча депутаттык комиссия түзүүнү, ысымдары айтылып аткан Ө.Бабановду, УКМК жетекчиси К.Дүйшөбаевди кызматтан алууну сунуштады:

- УКМК деген структурага эбегейсиз чоң күнөөлөр тагылды. Биз башында эле айтып келгенбиз. Булар биздин өзүбүздүн жарандарды эле эмес, бизди, ички иштер министрин да угуп атышыптыр. Азыр айтылып кетти, Максим Бакиев Лондондо отуруп алып бизди угуп атат, бизди башкарып атат ошол жерден деп. Ошол Лондондо отургандардын тегерегиндегилерден улам “Мегакомдун” ызы-чуусу чыгып атат. Ошондуктан урматтуу төрага, акыйкаттыктан кетпейли. Дагы бир жолу сизден суранып атам. Парламенттик өлкө болгондон кийин Байболовун четтеттикпи, анда Бабановун да, Дүйшөбаевин да четтетели. Андан кийин калыс парламенттик комиссия түзүп, аягына чыгаралы муну.

Баш прокурордун мындай билдирүүлөрүнөн кийин коалиция көп узабай урап түшөрү боолголоно баштады. Серепчи Табылды Акеровдун баамында, бийлик төбөлдөрү ортосундагы кармаш ачыкка чыгып, көп фактылар айтылып кетти. Андыктан жакын арада коалиция ыдырашы, бийлик талаш күчөгөндөн күчөшү, кырдаал татаалдаша баштаганда президент өзүнүн мөөнөтүн узартып алышы да мүмкүн.

Депутаттардын мушташы жана кылдын кырындагы коалиция

Жогорку Кеңеште К.Байболов билдирүү жасагандан кийин коалицияны уратмакчы болуп 19 депутатты баштап чыгып, кийин кайра токтоп калган “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев бул маселени кайрадан көтөрдү.

К.Ташиевдин коалициядан чыгары тууралуу сөзү “Республика” партиясындагыларга жага берген жок. Аталган фракциянын мүчөсү Алтынбек Сулайманов К.Ташиевдин бул сөзүнө теригип, кайым айтышуудан кийин экөө мушташа кетишти.

Камчыбек Ташиев
Мушташка бир канча депутаттар аралашып, анын айынан 15 мүнөттүк тыныгуудан кийин жыйын улантылбай калды. Канжалаган депутаттарды кесиптештери, жан сакчылары зорго арачалашты. “Азаттыктын” кабарчысы окуя болгон жерден билдиргендей, мушташтан кийин ал жердеги айрым каалгалар майышып, кандын издери калып калды.

Ушул тапта кийинки коалиция кайсы фракциялардан куралары тууралуу сүйлөшүүлөр кайрадан күч алды. “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Равшан Жээнбековдун айтымында, кийинки коалицияга “Ата Мекен”, “Ата Журт”, “Ар-намыс” фракциялары жана шайлоодон өтпөй калган айрым партия өкүлдөрү кирери тууралуу алдын-ала сүйлөшүүлөр болгон.

К.Байболовду президент “Альфа-Телекомдогу” чырда ысымы айтылып калганы, андыктан “кызыкчылыктардын кагылышы” болуп кетпеси үчүн кызматтан алганын эске алсак, мурдагы башкы прокурордун парламенттеги чуулгандуу билдирүүсүнөн кийин бир жетекчилердин кызматтан алынышы талап кылынат шекилдүү.
Отунбаеванын жана анын жакын туугандарынын айланасындагы иштер боюнча териштирчү маалыматтар жок бекен?


Азыртадан эле “Ар-намыс”, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү Ө.Бабанов, К.Дүйшөбаев баштаган бийлик өкүлдөрүн кызматтан кетирүү маселесин көтөрө башташты. Анан калса депутаттар президенттин тууганына “Манас” университетинин имаратынын бир бөлүгү өтүп кеткени, премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин “Дастан” заводунан акча алганы тууралуу айтылгандарды текшерүү керектигин айтышууда.

Андыктан кеч күздө өтүшү керек болгон президенттик шайлоого чейин далай фактылар калкып чыгып, саясатчылардын колундагы карталар дагы далай өзгөртөт окшоп калды.

XS
SM
MD
LG