Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Казак өкмөтүнүн башчысы "Бизге оппозиция керек" дейт


Бул тууралуу премьер-министр Карим Масимов “Рейтер” маалымат агенттиги менен болгон интервьюда айтты. Анын ишениминде, оппозициянын болушу өлкөнүн экономикалык өнүгүшү менен катар демократиялык реформалар да жүргүзүлүп жатканын айгинилемек. “Казакстандын өкмөтү Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштагы окуяларга дыкат назар салууда, бирок ал жактагыдан айырмаланып, казак элинде жана жаштарында алдыга жылуу жөнүндө үмүт бар”, - деди Масимов. Эртең Казакстанда президенттик шайлоо өтөт. Аналитиктер анда кайра эле 70 жаштагы азыркы президент Нурсултан Назарбаев утушка ээ болот деп ишенишет.

XS
SM
MD
LG