Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

ExitPoll: Назарбаев 95 пайызга чукул добушка ээ болду


Казакстанда шайлоо күнү өткөрүлгөн ExitPoll сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Нурсултан Назарбаев добуш берген шайлоочулардын 94,8% колдоосуна ээ болгонун Казакстандын саясат таануучу жана социологдор ассоциациясынын президенти Бахытжамал Бектурганова Алматыда жекшембинин түнүндө билдирди.

Сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй калган үч талапкер: Гани Касымов – 2,7%, Жамбыл Ахметбеков – 1,57% Мэлс Елеусизов – 1,44% добушка ээ болгон.

Жекшембиде добуш берүүдө мыйзам бузуулар болгону кабарланды. Айрым шайлоочулар кээ бир бекеттерде адамдар бир нече жолу добуш беришкенине күбө болушканын айтышты. "Азаттыктын" Астанадагы кабарчысы төрт автобуска жык толгон адамдарды алгач бир бекетте добуш бердиртип, андан кийин башка бекетке алып барышканын билдирди.

XS
SM
MD
LG