Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

НАТО Мисиратанын тургундарын коргоо үчүн "колдон келгенди" жасайт


НАТО Ливиянын Мисирата шаарынын тургундарын коргоо үчүн “колдон келгендин баарын” жасайт. Бул тууралуу бүгүн НАТОнун өкүлү Кармен Ромеро билдирди. Мунун алдында Франциянын тышкы иштер министри Ален Жюппе Мисирата шаарындагы кырдаалды "жол берилгис" деп атап, бул маселени НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен менен талкуулоо ниетин билдирген.

Ага чейин ливиялык козголоңчулардын лидери Абдул Фаттах Юнис НАТОну Мисратанын тургундарын ливия лидери Муаммар Каддафиге жан тарткан күчтөрдөн коргоо үчүн жетиштүү аракет көрбөй жатат деп айыптаган.

Козголоңчулардын өкүлүнүн айтымында, борбор Триполиден 200 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Мисрата шаарын Каддафинин күчтөрү артиллерия менен 40 күндөн бери аткылап жатат.

Ливияда жарандарды Каддафинин күчтөрүнөн коргоо үчүн БУУнун Коопсуздук кеңеши мандат берген жана абадан жүргүзүлүүчү аскерий операцияга жетекчилик кылууну НАТО өзүнө өткөн аптада алган.

XS
SM
MD
LG