Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Хамид Карзай Сари-Пулдагы окуяны иликтөөнү тапшырды


Ооганстандын президенти Хамид Карзай чет өлкөлүк аскерлердин огунан каза тапты делип жаткан бир нече адамдын өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүүнү буйруду.

Окуя түндүктөгү Сари-Пул провинциясында 4-апрелде болгон. Анда НАТО командачылык кылган эл аралык коалициянын рейди учурунда алты ооган каза таап, дагы төртөө жаракат алган.

Жергиликтүү бийликтердин айтымында, өлгөндөр жөн-жай тургундар эле. Эл аралык коалициянын ырастоосунда, алар согушкерлер болгон.

Ооган президенти Хамид Карзай аскерий операциялар учурунда жөн-жай тургундардын өмүрү кыйылып жатканы үчүн эл аралык күчтөрдү утур-утур сынга алып келе жатат.

XS
SM
MD
LG