Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Германия президенттик шайлоого 200 миң евро бөлөт


Бул тууралуу Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү билдирет. Германия өкмөтү быйыл жыл соңунда өтө турган президенттик шайлоого бөлүнчү 200 миң еврону БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө берип, ушул уюм аркылуу өлкөдөгү шайлоону колдоону пландаган. Анын негизинде Германиянын Кыргызстандагы элчиси Хольгер Грен менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Прадип Шарма келишимге ол коюшту. Бөлүнгөн каражаттар шайлоо учурунда арыздарды кароодо сот органдарынын ишин жакшыртуу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жергиликтүү байкоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу максатында коротулмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG