Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Нарындагы жетим балдарга жардам көрсөтүлдү


Бүткүл Дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын Кыргызстандагы жетим балдар боюнча координатору Медер Жалаловдун “Азаттыкка” билдиришинче, Нарын облусундагы мектеп жашындагы 124 томолой, жарым жетим балдарга кийим-кече жана 1000 сомдон жөлөк пул берилди. Бул жардам бүгүн балдарга арналып, Нарын шаарында өткөрүлгөн иш-чара учурунда тапшырылды. Аталган коомдук бирикменин кайрымдуулук иш-чараларынын алкагында балдарга жылына эки жолу кийим-кече берилип, өспүрүмдөр эки жолу медициналык кароодон өткөрүлүп турмакчы. (ErB)

XS
SM
MD
LG