Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:11

АКШ менен Пакистандын чалгын мекемелеринин башчылары жолугушту


Кабарларга караганда, Пакистандын аскерий чалгын кызматынын башчысы, генерал-лейтенант Ахмед Шужа Паша жана АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы - ЦРУнун жетекчиси Леон Паннета АКШнын Пакистан аймагындагы чалгын операцияларына Пакистан тараптын көзөмөлдү күчөтүү талабын талкуулашкан. ЦРУнун өкүлү алардын баш кеңсесинде өткөн жыйынды натыйжалуу деп мүнөздөдү. Бул жыйын соңку учурдагы бир катар окуялар, анын ичинде ЦРУнун контракторунун быйыл январда Лахор шаарында эки пакистандыкты атып салышы тараптардын алакасына көлөкө түшүргөндөн кийин өтүүдө. Маалымат агенттиктеринин америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме жасап кабарлашканына караганда, ЦРУ Пакистандын маалымат алмашууну жана координацияны жакшыртуу жөнүндөгү өтүнүчүн кароодо, бирок ЦРУнун Пакистан аймагындагы ишине көзөмөлдү күчөтүү жөнүндөгү талаптарын президент Барак Обаманын администрациясы кабыл албайт.

XS
SM
MD
LG