Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Парламенттеги курал жаңжалы


Архивден: Ак үйдүн алдындагы коопсуздук кызматкерлери, 2-ноябрь, 2006-жыл
Архивден: Ак үйдүн алдындагы коопсуздук кызматкерлери, 2-ноябрь, 2006-жыл

Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев 1-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттар Камчыбек Ташиев менен Алтынбек Сулаймановдун жан сакчыларынын ортосундагы куралдуу кагылышуу алдын алынганын жарыялады.

Кеңешбек Дүйшөбаев 1-апрелде депутаттар Камчыбек Ташиев менен Алтынбек Сулаймановдун парламенттеги мушташы курал колдонууга чейин жетиши мүмкүн болчу деген ойду айтып чыкты.

Дүйшөбаевдин айтымында, Улуттук коопсуздуктун күзөт кызматы өз убагында келбесе чыр-чатак ырбап кетмек. К. Дүйшөбаевдин божомолу боюнча чырдын арты ок атышууга алып келмек. Мындан улам ал тинтүүнүн натыйжасында курал-жарактар тартылып алынганын кошумчалады:

- Жогорку Кеңештин аймагынан чыгып бара жаткан унааларды кароо учурунда биз бир автомат жана он тапанча таптык. Ошондой эле “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловдун унаасынан бир тапанча жана бир автомат чыкты. Бирок ал киши бул куралдарды берип, текшертүүдөн баш тартты. Курч кырдаалды эске алуу менен мен аны койо берүүгө буйрук бердим.

Кеңешбек Дүйшөбаев
Ошол эле учурда “Ар-намыс” фракциясынын мүчөлөрү Ф. Куловдун унаасынан табылган куралдар тууралуу атайын кызматтын жетекчисинин айткандарын төгүндөп чыгышты.

Депутат Эсенгул Исаков фракция лидеринин мыйзамдуу курал-жарак алып жүргөндүгү атайылап бурмаланган деп айыптады:

- Баягы күнү ызы-чуу болгондо тапанчасы менен бул жакка кирген башка бирөөлөрдүн жан сакчыларын текшеребиз деп, депутаттардын өздөрүн да тинтип чыгышпадыбы. Депутаттарды текшергенге алардын акысы жок болчу.

Бирок Ф. Кулов башкача ойлобосун деп өзүнүн сыйлыкка берилген тапанчасын алып көрсөткөн. Анан унаасындагы мыйзамдуу катталган “Карабин” мылтыгын көрсөткөн. Бирок К. Дүйшөбаев көбүртүп-жабыртып маалымат берип жибергендиктен биздин фракциянын жетекчиси аны төгүндөөнү талап кылат. Бул жерде анын курал-жарагы мыйзамдуу болчу
.

Эки тараптын эмес, эки депутаттын маселеси

Мындан сырткары ошол күнү чатакташкан “Ата Журт” жана “Республика” фракцияларынын айрым мүчөлөрү "ал учурдагы чатакташуу куралдуу кагылышууга жетип кетмек" деген маалыматты төгүндөштү.

Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаров бул жерде тараптардын эмес, эки депутаттын ортосунда гана чатакташуу болгонун белгиледи:

- Бул жерде атайылап тирешүү болуп, анан эки жактан жан сакчылар курал-жарактарын алып келип, кагылышууга даярдык болгон эмес. Бул окуя ошол палатадагы күнүмдүк маселе каралып жаткан учурдагы эки депутаттын келишпестигинен улам чыккан жагдай.

Асылган мылтык атылабы?

Бир катар депутаттар атайын кызматтын айткандарын жоопкерчиликсиз билдирүү катары баалашты. Алар күзөт кызматы курал көтөрүп жүргөн жан сакчыларды мурдатан эле Ак үйгө киргизбеш керек болчу деген ойду айтып чыгышты.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Райкан Төлөгөнов парламентте курал-жарак алып жүрүүнүн тартиби аныкталган эмес деп сындады:

- Парламенттин ичинде белгисиз куралдуу балдар жүрөт деп атайын кызматтын жетекчиси өзү айтып жатат.

Мына ошол балдар кимдер? Алар кайсы депутаттарга таандык? Көтөрүп жүргөн куралдары канчалык деңгээлде мыйзамдуу жана аны менен имараттын ичине кирүүгө ким уруксат берген деген маселелерди карап чыгышы керек болчу. Муну алар мурдатан эле билишет болчу. Бирок тиешелүү иш-чараларды өз убагында жасашкан эмес
.

Жогорку Кеңештин төрагасы аталган окуядан кийин парламентке депутаттардын жан сакчыларынын киришине тыйуу салууну буйруду. Ошондой эле депутат Курманбек Осмонов мыйзамдуу берилген куралдарды күзөткө тапшыруунун тартиби аныктала баштаганына токтолду:

- Азыр бул маселе жакындан бери тартипке салына баштады. Депутаттардын ичинен ким курал алып жүргөн болсо, алар парламентке кирип келе жатканда анысын тапшыргандан кийин кире турган болот.

Башка чоочун куралчан адамдардын киришине катуу тыйуу салынат.


Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Жогорку Кеңешти тинтүү учурунда тартылып алынган куралдардын мыйзамдуулугу текшерилип жаткандыгын белгиледи.

2006-жылы парламент курал алып жүрүүгө уруксат берүү боюнча чечим кабыл алган. Ага ошол кездеги саясатчыларды атып кетүү учурлары негиз болгон. Ал эми эл аралык тажрыйбада өкмөт үйүндө жана парламентте курал алып жүрүүгө тыйуу салынган.

XS
SM
MD
LG