Хорватиянын премьер-министри Ядранка Косор Улуттар Уюмунун Гаагадагы сотунун өкүмүнө ынынбасын билдирди. 15-апрелде Согуш кылмышкерлери боюнча Гаагадагы эл аралык сот хорватиялык эки генералды адамзатка каршы кылмыш жасады деп тапкан эле. Өкүмгө ылайык, генерал Анте Готовина 24 жылга , ал эми генерал Младен Маркачти 18 жылга кесилди, генерал Иван Чернак акталды. Бул үч генералды Хорватияда баатыр катары билишет.
1995-жылкы “Токой” операциясы маалында Хорватиянын 1991-жылдан тарта сербдер контролдогон Крайина дубанында 300дөн ашуун серб өлтүрүлгөн жана 200 миң серб сүрүп чыгарылган. Соттун өкүмүндө Хорватиянын ошол кездеги президенти Франьо Тужман сербтерди Крайинадан айдап чыгуу боюнча “кылмыштуу өнөктүктү жетектеген” деп белгиленет. Гаагадагы соттун жүрүшү Хорватиянын борбору Загребде чоң экрандардан көрсөтүлүп жатты. Бейшемби күнү кечинде чиркөөлөрдө генералдарды алкаган кутпа окулду.