Эмки жумада Киевге дүйнөнүн чар тарабынан расмий адамдар чогулуп, Чернобыл алааматынын 25 жылдыгын белгилешет. Ажанс Франс Пресс агенттиги Украинанын тышкы мекемесинин маалымат катчысына шилтеме жасап кабарлагандай, 19-апрелде өтчү иш-чарага 50гө чукул өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде президенттер менен өкмөт башчылар катышышат. 1986-жылдын 26-апрелинде Чернобыл атомдук станциясында жарылуу болуп, радиация айлана-чөйрөгө тараган. Анын айрым кесепеттери азыркыга чейин жоюла элек.