Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Жапонияда экспорт 2,2 процентке төмөндөдү


Жапониянын экспорту өткөн айда кыйла төмөндөдү. 11-март күнкү жер титирөө менен цунами ири завод-фабрикалардын, жолдордун талкаланышына алып келди. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, март айында экспорт 2,2 процентке ылдыйлап, 5,9 триллион йенаны түздү. Тетиктердин тартыштыгынан улам Тойота, Хонда жана Ниссан өңдүү машина чыгарган ири ишканалар бир нече күнгө токтоп калышкан. Министрликтин ырастоосунда, мартта машиналарды сыртка сатуу 28 процентке кыскарган.

XS
SM
MD
LG