Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Ооган талиптери да "сөз эркиндигин бузулду" деп айкай салды


 Жанкечтинин бомба чабуулунан кийинки көрүнүш. Кабылдын ортолугундагы Чара-е-Ансари району. 26-февраль 2010
Жанкечтинин бомба чабуулунан кийинки көрүнүш. Кабылдын ортолугундагы Чара-е-Ансари району. 26-февраль 2010

Ооган өкмөтүнүн жанкечтилердин чабуулун электрондук маалымат каражаттарынын түз чагылдыруусуна тыйуу салуусун эл аралык уюмдар, атүгүл талиптер да сындашты.

1-мартта Ооган бийликтери жанкечтилердин чабуулун түз алып көрсөтүүдөн улуттун душмандары пайда көрүп, бийлик андан чыгыша гана тартканын билдирген. Андан улам чабуул бүткөндөн кийин гана коопсуздук кызматынын уруксаты менен тартуу эрежесин киргизилгенин астейдил эскерткен эле.
Журналисттер чектөө "цензурага" айланат деп чочушат

Аскерлер жанкечтинин чабуулунан кийин Кабылдын ортосундагы Дүр-дүйнө дүкөнүн жанында. 26-февраль 2010


Фарида Некзад айым 1-мартта башка да журналисттердин катарында Ооганстандын чалгындоо кызматынын башкеңсесине чакырылган. Ошондо анын жетекчилеринин бири козголоңчуларга байланыштуу кабарларды чагылдырууга айрым чектөөлөр киргизгенин, тартипти бузган кабарчылар камакка алынышы мүмкүн экенин айткан.

“Ал электрондук маалымат каражаттары жанкечтилердин чабуулун же биз жакында күбө болгон сыяктуу чабуулдарды чагылдырганда өтө кылдат болушу шарт деди. Журналисттер мындай чабуулдарды түз алып көрсөтпөөсү керек. Себеби элди дүрбөлөңгө салат, эрегишчилер же террорчулар аны өз ыңгайына пайдаланат деп айтты бизге”, - дейт Кабылдагы Увахт жаңылыктар агенттигинин редактору Фарида Некзад.

26-февралда Кабылдын ортолук бөлүгүндө жанкчтинин бомба чабуулунан кеминде 14 киши набыт болуп, 30дан ашуун киши жараат алган.

Некзад айым жөнөкөй чектөө акыр соңунда сөз эркиндигин көзөмөлдөөгө айланат деп кооптонот:

- Бул сыяктуу жышаандар кыжаалат кылат. Менимче, өтүнүчтөн жана сунуштан башталган бул чектөө акыр барып журналисттерге катуу кедерги болушу ыктымал. Быйыл журналисттер үчүн оор жыл болот.

Ошол 1-марттын кечинде президент Хамид Карзайдын өкүлү Вахид Омар жаңы жобо даярдалып жатканын, бирок эч кандай цензура болбосун билдирген. Бул жөрөлгөнү кээ бирөөлөр өкмөттүн козголоңчуларга каршы ташбыйкаттоо согушун көзөмөлдөө аракети деп баалашты. Себеби ырасмий Кабыл айрыкча, парламенттик шайлоонун кемчиликтерин тез көбөйүп бараткан маалымат булактарынын чубап электен өткөргөнүнө нааразы болуп жаткан.

Ооган полициясынын кызматкери өлкө президенти Хамид Карзайдын портретинин чаңын сүртүүдө. 25-февраль 2010

Бир нече жума илгери Карзай улуттук шайлоо комиссиясына “өз жүгөнүн салган” болчу. Андыктан өкмөттүн демилгесин электрондук маалымат каражаттарына цензура киргиздүү деп түшүнгөндөр да болду.

Кызыгы, Ооган өкмөтүнүн жанкечтилердин чабуулдарын түз алып көрсөтүү же уктурууга тыйуу салуусун талиптер да “сөз эркиндигин тепсөө” деп сындашты 3-марттагы билдирүүсүндө.

Пакистандык телекомпаниялар Ооганстанга үлгү болобу?

Эл аралык журналисттерди коргоо уюму да Ооган өкмөтүнүн кадамына тынчсызданганын билдирди. Нью-Йорктогу Журналисттерди коргоо комитетинин директорунун орун басары Роберт Махони (Robert Mahoney) 2-марттагы кайрылуусунда улуттук өкмөттү ооган журналисттерине эркин иштөөгө мүмкүндүк берүүгө чакырды.

Вашингтон да маселени Ооган өкмөтү алдына коймок болууда. Президент Обаманын чабарманы Ричард Холбрук АКШ сөз эркиндигин чектөөнү колдоорун маалымдады шейшемби күнү:

- Мен жана Мамкатчы Хиллари Клинтон буга тынчсызданып жатабыз. Биз прессанын эркиндигин жактайбыз жана аны Ооган өкмөтүнө ачык билдиребиз.

Бул тушта Карзайдын өкмөтү жобо жумшартыларына ишаара кыла баштады. Мындан улам кээ бир серепчилер абалдан Пакистандагы жол менен чыгууну сунуш кылышты. Былтыр ноябрда Пакистандын сегиз телекомпаниясы терроризмди чагылдыруу боюнча орток жобо иштеп чыгышкан. Ооган журналисттери менен ырасмий Кабыл коңшу өлкөнүн тажрыйбасын колдонобу? Аны убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG