Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

БРИК чоң жетини аттан оодарары күмөн...


Шейшемби күнү Екатеринбургда БРИКтин лидерлеринин биринчи ырасмий кездешүүсү ачылат. Экономикасы тез өнүгүп бараткан Бразилия, Россия, Индия жана Кытайдын лидерлеринин глобалдык экономикалык кризис мезгилинде чогулуусу - төрт өлкөнүн дүйнөдө өсүп бараткан экономикалык таасирин шарданалоонун бир жышааны ирети бааласа болот.

Өлкөлөрдүн баштамгасы боюнча БРИК деп аталган төрт өлкө (Бразилия, Россия, Индия, Кытай) глобалдык дүң жыйымдын 15 процентин өндүрөт. Аларга, орточо эсеп менен, дүйнөлүк валюта корунун 40 проценти таандык.
"Экономикалык өнүгүүсүн алганда БРИК өлкөлөрү арасындагы айрыма чоң. Бул экономикалык деңгээли окшош болгондуктан табигый блокко бириккен Евробиримдик эмес, бул соода маркасы."
Пол Бизко.


Goldman Sachs финансы корпорациясынын эсебинче, БРИК жыйырма жылдын ичинде өнөр жайы өнүккөн чоң жетини басып өтөт. Экономикалык кризиске карабай, БРИКтин экономикасы быйыл жана эмки жылы дагы өсөт
БРИКтин лидерлери. 2008-жыл.
деп күтүлүүдө.

Серепчилер Екатеринбургдагы жолугушуу төрт өлкөнүн лидерине БРИКтин дүйнөлүк экономикадагы ордун баалоо үчүн маанилүү дешет.

Пол Бизко - Торонтодогу RBC Capital Markets инвестициялык банкынын талдоочусу. Бизко БРИК лидерлеринин биринчи кездешүүсүнүн саясый мааниси жөнүндө мындай дейт:

- Менимче, экономикасы өнүгүп бараткан төрт чоң өлкөнүн лидерлеринин чогулганы саясый жактан маанилүү. Кризис алардын биригүүсүн тездетти деп ойлойм. Алардын өнүккөн өлкөлөрдүн рыногуна болочокку альтернатива кандай болоруна глобалдык кризис учурунда чогуу сереп салуу зарыл деп мунасага келгени маанилүү деп ойлойм.

Екатеринбургда экономикалык кризис, климаттын алмашуусуна катар Эларалык валюта фонду - ИМФти реформалоо да талкууланат. БРИК өлкөлөрү ИМФтеги добуштары алардын глобалдык экономикадагы кубатын эске албайт деп санашат. Ырас эле, Бразилия менен Индия ИМФте 17 миллион элдүү Нидерландиядан аз добушка ээ. БРИК өлкөлөрү ИМФтеги “теңсиздиктен” чыгуу үчүн фонд чыгарганы жаткан бонддорду сатып алмак болушууда. Бул алардын валюта корун диверсификациялоого жана долларга көз каранды болбоого мүмкүндүк берет. Бирок Бразилия, Россия, Индия жана Кытай ортосундагы экономикалык айырмачылык алардын Евробиримдик сыяктуу биригүүсүнө мүмкүндүк бербейт, деген пикирде АКШнын Гувер институунун изилдөөчүсү, профессор Майкл Бернштам:

- Экономикалык өнүгүүсүн алганда БРИК өлкөлөрү арасындагы айрыма чоң. Бул экономикалык деңгээли окшош болгондуктан табигый блокко бириккен Евробиримдик эмес, бул соода маркасы.

Кытай дүйнөлүк өндүрүштүн фабрикасы болсо, Россия менен Бразилия эл керектөөчү товарлардын ири экспорттоочусу. Индия маалымадоо технологиясын тейлөөдө эң мыктылардан. Ошон үчүн, Мюнхендеги IFO Институтунун директору Гернот Нөрб БРИК өлкөлөрү бир мунасага келери кыйын, деп боолгойт:

- Россия жана Бразилия чийки заттардын эң чоң камсыздоочулары. Кытай менен Индия, арийне, чийки заттардын арзан баасына кызыкса, Россия менен Бразиялия баанын жогору болушун каалашат. Ошондуктан бааны эки жакка ылайыктуу кылуу үчүн күрөш болору айкын.

Мындан тышкары БРИК өлкөлөрүнүн саясый айрымачылыктары да чоң.

XS
SM
MD
LG