Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 2-апрель, 2020 Бишкек убактысы 19:36

Индиялыктарды жаатташтырган мыйзам


Делинин түндүгүндө калайман баш аламандык болгон райондорго бийлик коменданттык саат киргизди.

Индияда жарандык тууралуу мыйзамга байланыштуу эки күндөн бери токтобой жаткан тоз-тополоңдо бери дегенде 20 киши өлдү, дагы 200дөй киши жабыркады.

Өлкөнүн борбору Нью-Делиде бул мыйзамга каршы чыккан мусулмандар жана аны колдогон хинду улутундагы жаштар кагылышты. Полиция аларды кууп таратыш үчүн жаш агызган газ колдонду.

Жаңы мыйзамга ылайык, Ооганстандан, Бангладештен жана Пакистандан качып келген мусулман эмес адамдар эми бул өлкөнүн жарандыгын жеңилдетилген шартта алышат.

Нааразылыкка чыккандар болсо бул документ мусулмандардын укуктарын чектеп, аларды обочодо калтырып коёт деп чочулашат. Бийлик мындай кооптонуу негизсиз деп ынандырганга аракет кылып келет.

Делинин түндүгүндө калайман башаламандык болгон райондорго бийлик коменданттык саат киргизди. Шаарда бардык мектептер убактылуу жабылды жана массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды.

Жарандык тууралуу мыйзамга каршы чыккандар менен аны колдогондордун кагылышында ок атылды. Жаатташкандар бири-бирине таш ыргытып, союл менен койгулашты.

Дели полициясынын коомчулук менен байланыш боюнча өкүлү Рандава нааразылык акцияларынын экинчи күнүндө коомдук коопсуздук көзөмөлдө экенин билдирди:

«Жетишерлик күч тартылды. Андан сырткары Ички иштер министрлиги да бизге жетишерлик күч бөлүп берди. Биз аларды да тарттык. Зордук-зомбулукка алып келген кагылышка негизиген тополоң болгон райондордо элдин жыш жана аралаш жашаганы себеп болду. Ошондуктан айрым ушундай окуялар болуп кетти».

Анткен менен Делинин башкы министри Арвинд Кежривал шаардагы жагдайды опурталдуу деп сыпаттады жана Делиге бейпилдик орнотуш үчүн армия керек экенин айтып чыкты:

«Партиялардын баары биригип башкы максат - Делидеги тынчтыкты калыбына келтирүү болушу керек деп чечти. Мындай кыйчалыш учурда партиялык саясатты көңүл сыртында калтырыш керек».

Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди жарандарды сабырдуулукка чакырды. Ал буга чейин «өлкөдөгү мусулмандар жарандык жөнүндө жаңы мыйзамдан чочулабашы керек» деп билдирген. Ошондой эле «бул документ Индиядагы 1,3 миллион мусулманга тиешеси жок, алардын абалы өзгөрбөйт» деп ишендиргенге аракет кылган.

Парламент жарандык тууралуу талаштуу мыйзамды былтыр 11-декабрда кабыл алган. Буга байланыштуу «документ мусулмандарга каршы багытталган, алардын укуктарын чектейт, обочо калтырып коюуну көздөйт» деген сыяктуу кооптонуу жаралган жана ал каршылык акциялары менен коштолгон. Кагылышта жарандардын өмүрү кыйылган.

Индияда ислам динин тутунган 200 миллиондой адам жашайт. Азыркы бийликти сындагандар бул мыйзамды Нарендра Модинин хиндуларга артыкчылык берген саясатынын бир бөлүгү катары сыпатташат. Бирок Модинин «Бхаратия Жаната» партиясы бул документ диний «куугунтуктан» качкандарга гана башкалка берүүнү көздөй турганын билдирип келет.

Кантсе да документке жалаң эле мусулман коомчулугунун укуктарын коргогондор каршы чыккан жок. Демонстранттардын бир бөлүгү бул мыйзам ишке кирсе Индияда, анын ичинде Бангладешке жакын жайгашкан Ассам, Трипура штаттарында миграциянын агымы күчөйт деп эсептешет. Бул аймактардын тургундары иммигранттар жумуш орундарын, жер тилкелерин ээлеп алат деп чочулап жатышат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңсеси жаңы мыйзамга табиятынан дискриминациялык мүнөзгө ээ деген баа берген. Индиянын Жогорку соту жарандык жөнүндө мыйзамга каршы арыздарды карай турганын маалымдаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG