Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Израил БУУнун башкатчысын угабы?


Калкыган эле Израилден айдалган "Эркиндик флотилиясынын" мүчөлөрүн Ыстамбул аэропортунда Палестинанын тууларын булгап тосуп алышууда. 2-июнь 2010
Калкыган эле Израилден айдалган "Эркиндик флотилиясынын" мүчөлөрүн Ыстамбул аэропортунда Палестинанын тууларын булгап тосуп алышууда. 2-июнь 2010

Улуттар Уюмунун башкатчысы Пан Ги Мун Израилди Газаны камоого алууну тезинен токтотууга чакырды.

Кайрылуу 1,8 миллион калктуу палестин аймагына гумжардам тартып бараткан деңиз кербенин Израил өткөрбөй кармап, кагылышта палестинчил тогуз киши окко учкандан соңку чатактын толкунунда жасалды. Газаны блокадада кармоону БУУнун башкатчысы “жаңылыштык” деп атады.

Пан Ги Мун Израил маселесин масилетке салды

Учурда Газага “Эркиндик флотилиясынын” дагы бир кемеси курулуш материалдарын жана цемент алып баратат.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун шаршемби күнү Коопсуздук Кеңешинин негизги мүчөлөрү, Түркия жана Израилдин өкүлдөрү менен кезексиз масилет курду. Жыйындан соң кабарчылар менен болгон кездешүүдө Пан мырза 31-майдын таңындагы калаба тууралуу Израилдин толук маалымдашын жана каргашада өлгөндөр менен жарадар болгондордун тизмесин берүүсүн талап кылаарын билдирди:

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун израилдик командастун Газага гумжардам алып бараткан кемелерге кол салуусуна байланыштуу түшүндүрмө берүүдө. Нью-Йорк. 2-июнь 2010

-Бул трагедия көмүскөдө жаткан олуттуу маселени ачыкка чыгарды. Бир нече жылдан берки Газа тилкесин камалоо пайдасыз, акылга сыйбат жана жаңылыштык. Анын азабын бейкүнөө адамдар тартууда. Камоону Израил бийлиги тез токтотуш керек.

Дүйшөмбү күнү Газага гумжардам тарткан кемелерге израилдик аскерлер кол салганда 9 адамдын каны төгүлгөн. 30-дай адамдар жараат алган. Газага гумжардам жана курулуш материалдарын алып баратып, израилдик командос тарабынан кармалган деңиз кербениндеги 700 чамалуу адамдын арасында, "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун билдиришинче, түрдүү өлкөлөрдөн 60тай журналист да болгон.

Израил буга чейин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 31-майдагы кагылышты иликтөөдө кызматташуу боюнча чечимине моюн толгоп

койгон. Сыягы азыр да БУУнун башкатчысынын кайрылуусуна этибар бербейт. Анткени өкмөт өкүлү Марк Регев тергөөнү жалгыз жүргүзгөнгө Израилдин жөндөмү жетерин эскертти.


Гумжардам чатагы Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка жарчыбы?


Пан Ги Мун 2-июндагы билдирүүсүндө кандуу окуя Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын кайра улантуунун зарылдыгын кулак какты кылганын баса белгиледи:

-Учурдан пайдаланып, өтө маанилүү маселеге: Газада жашаган палестиндерге кантип жардамдашуу жана Газадагы кырдаалды түп-тамырынан кантип өзгөртүү жагына, же кеңири айтканда, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин колдон келишинче ылдамдатуунун зарылдыгына токтолгум келет.

Газага гумжардам алып баратып, Израилде кармалган “Эркиндик флотилиясынын” жүздөгөн мүчөлөрү 3-июнда Ыстамбулга. Алардын көбү түркиялыктар. Алардан башка да британдар, норвегиялыктар, нидерланддар жана испандар да бар. Тель-Авивтен үч учакта келген палестинчилерди Ыстамбулда баатырлар катары калкыган эл, анын ичинде премьер-министрдин орун басары Булент Аринч тосуп алышты.

Аринч мырза деңиз кербенин жөнөтүүнү колдогонун салтанатта билдирди. Израил бийликтеринин ырасташынча, гумжардамды каржылаган түркиялык соопкерчилик уюмунун “ал-Каида” менен байланышы бар экен.

Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху Газаны блокадага алууну коргоп, катаал чара тилкеге "Ирандан жана башка жактардан ракеталарды жана башка куралдарды мыйзамсыз алып кирүүгө жол бербөө үчүн зарыл" деди. Ал ошондой эле деңиз кербенинин кээ бир мүчөлөрүн “терроризмдин жактоочулары” деп мүнөздөдү.

Учурда Газага “Эркиндик флотилиясынын” дагы бир кемеси курулуш материалдарын жана цемент алып баратат. Маалыматтарга караганда, кемедеги палестинчил-активисттердин ирландиялыктар менен малайзиялыктар.

XS
SM
MD
LG