Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:06

Апта: Текебаев чыгып, «Баштыкгейт» уланды


Өмүрбек Текебаев.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (26-август - 1-сентябрь, 2019-жыл).

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-августта «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды.

Текебаев сот залынан чыгары менен аны күтүп турган тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып саясий өңүтү бар иштердин баары кайра каралып, териштирилиши керек экенин айтты:

«Соттун имараты эле эмес, судьялардын жан-дүйнөсү да жаңыланышы керек. Аларда жаңы салт, жаңы норма, принциптер пайда болушу зарыл. Ошондо гана сот реформасы жүрөт. Ага жарандардын салымы чоң. Ар бир район, айыл туура эмес ишке каршы чыкса соттор туура чечим чыгарганга мажбур болот. Биз эле эмес, саясий мотивде отурган башка туткундардын, анын ичинде Садыр Жапаровдун, жалган жалаа менен камалган жөнөкөй карапайым балдардын иши да кайра каралышы керек».

Бул окуяны сот адилеттиги орногон күн катары баалагандар көп болду. Бишкекте «Ата Мекен» партиясынын кеңсесинде түрмөдөн үй камагына чыккан саясатчыларды тосуп алып жатканда экс-президент Роза Отунбаева бул күн тарыхта каларын айтты:

Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

«Акыйкат келди, бар экен. Бүгүн Кыргызстандын саясий тарыхында өзүнчө көрүнүктүү күн болуп атат. Бүгүн ага баарыбыз күбө болуп жатабыз. Кырдаал канчалык кыйын болбосун, эки азамат башын ийбей туруп беришти. Биз Сингапурдай жашап кетпейбиз, бирок биздин системаны күчтөндүрөлү, бийликти акыйкаттыкка алып келели деп баарыбыз күрөшүп жаттык. Азыркы күн - ошонун жыйынтыгы».

Андан соң Өмүрбек Текебаев журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүп, өз айланасындагы окуяларга байланыштуу суроолорго жооп берип, саясий пландары менен бөлүштү:

«Сот кандай чечим чыгарбасын, мен партиялык ишти жүргүзөм. Мага эки жыл жети ай бою жүздөгөн адамдар келип, чуркап жүрүштү. Миңдеген адамдар жер-жерлерде ар кандай жолдор менен пикирин билдирип жатышты. Жеке менин эле тагдырым эмес, биз карманган принциптер, биз карманган идеялар үчүн алар ушинтип жүрүштү. Аларды таштап четке чыга берүү мен үчүн чыккынчылык болот. Биз саясий ишибизди, ошонун ичинде партиялык формада улантабыз».

Өткөн аптада Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу караган жана буга чейинки сот чечимдердин баарын жокко чыгарган. Ишти кайра кароо үчүн райондук сотко жөнөткөн.

Жапониядагы Кобэ университетинин cаясат таануу боюнча магистратурасынын бүтүрүүчүсү Даниел Кадырбеков Өмүрбек Текебаевдин үй камагына чыгышын саясий чечим менен байланыштырды:

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

«Муну бир жолку эле саясий чечим деп айтса болот, - деди талдоочу. - Анткени, сот жана башкаруу системасында алгылыктуу реформа болуп же кайсы бир элементтери эч өзгөргөн жок. Эгерде система түп-тамыры менен өзгөргөндө элементтер өзгөрүшү керек эле. Бизде эч нерсе өзгөрбөй туруп кечээ эле Текебаевдин иши боюнча соттун бардык инстанциялары эч нерсесин укпай, күнөөлүү деп таап, жок жерден каматып жиберип, бир түндүн ичинде эле кайра өкүмүн өзгөртүп жатканы бул саясий чечим экенин көрсөтүп турат».

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде камакка алынган. Сот алардын ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Ошондон бери алардын адвокаттары ишти жаңы ачылган жагдайда кароо тууралуу далай арызданып, бирок ушул кезге чейин өтүнүчтөрү канааттандырылбай келген эле.

Венгриядагы Борбордук Европа университетинин докторанты, конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева Текебаевдин окуясында аны түйшөлткөн жагдайларга токтолду:

Сания Токтогазиева.
Сания Токтогазиева.

«Мурунку процесстердиги мыйзам бузуу фактылары ачыкка чыкса, анда албетте, ошол процесске катышкан соттор, прокурорлор, тергөөчүлөр мыйзам алдында жооп бериши керек. Бирок бул жерде «Бийлик ошого даярбы?» деген суроо туулат. Ошондуктан азырынча сот системасына баа берүү же адилеттүүлүктүн орношу деп айтууга өтө эле эрте. Баары алдыда. Текебаевдин үй камагына чыккандан кийинки алгачкы интервьюсу мени кооптондурду. Анткени Текебаев азыркы саясий кырдаалда президент Сооронбай Жээнбековдун иш-аракеттерин саясий жана тарыхый прецедент катары баалап жатат. Бирок ошол эле учурда ал прецеденттин кантип ишке ашканына баа берген жок. Текебаев ар дайым - түрмөдө отурганда же Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда - мыйзамдуулукка жана конституционализмдин орнотулушуна басым жасап келген. Бирок Жээнбековдун иш-аракеттерине баа берип жатып ошол эле мыйзамдуулук жөнүндө унутуп койду. Менимче, бул жагдай 2010-жылдан кийинки Конституциянын авторуна туура келбеген позиция».

Жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жаңы соттун териштирүү 14-сентябрда башталмакчы.

Курсан Асановдун уулу издөөдө

Башкы прокуратура 27-августта ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишине байланыштуу анын уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыялады.

Башкы көзөмөлдөөчү орган Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жансакчысы жана айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласына бергенин билдирди. Ага удаа эле күч органдары Асановдун уулу менен анын жансакчысынын сары изине түшүп тарткан, атайын музыка коштолуп, шөкөттөлүп, кынапталып даярдалган ыкчам видео жарыяланып кетти. Курсан Асанов уулуна байланыштуу жагдай тууралуу үн ката элек.

Мунун алдында анын айдоочусу жана жансакчысы, ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери Дамирбек Пайзылда уулу камакка алынган эле. Аскер прокуратурасы ага «Асанов менен кошо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып койду. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова Пайзылда уулу тууралуу «Азаттыкка» учкай комментарий берди:

Наргиза Куватова.
Наргиза Куватова.

«Аскер прокуратурасы ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун мыйзамсыз аракеттери боюнча жазык ишин тергеп жатат. Ошол иштин алкагында Атамбаевдин тарапташтарына мыйзамсыз өткөрүлүп берилген буюмдар, документтер боюнча шектүү катары Пайзылда уулу Дамирбек кармалды».

Башкы көзөмөлдөөчү орган «Асановдун жансакчысы алып кетти» деген айтылуу мала-кызыл баштыктын ичинде эмне болгонун тактабай жатат.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов ушул тушта №1 тергөө абагында отурган Дамирбек Пайзылда уулунан кабар алды. Буга социалдык тармактарда «көрсөтмө алыш үчүн Асановдун жансакчысы сабалды» деген маалыматтар негиз болгон.

«Өзүнө жолуктум. Абалы жакшы экенин айтты, болгону дендароо болуп калганын билдирди. Ден соолугу жакшы экенин, милициялар тийбегенин айтты», деди Нурдин Сулайманов.

Курсан Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова «Асанов өзүнүн түздөн-түз кол алдында иштеген Дамирбек Пайзылда уулунун камалышын өкүнүч менен кабыл алды» деп билдирди. Ал тараткан билдирүүдө «министрдин мурдагы орун басары Дамирбек Пайзылда уулуна толугу менен ишенет жана сыймыктанат» деп айтылган. Ошондой эле бул иш калыс жана мыйзам чегинде бүтөрүнө ишенерин билдирген.

«7-8-августта катардагы жөнөкөй кызматкерлер жарадар болгонуна карабай акырына чейин туруп, өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткарышты. Дамирдин духу күчтүү, аны сындырып, ага каршы жасалма көрсөтмө алууга аракет кылып жатышса, мындай аракеттер ишке ашпай турганына көзүм жетет», деп жазылган билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун пикиринде, Курсан Асановдун аты аталган соңку окуялардан улам кыргыз милициясындагы маселелердин баары калкып чыкты.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Асановго жана аны жансакчысына карата аракеттер - жеке кектөө менен чектөөнүн, Ички иштер министрлигиндеги ирип-чирип бүткөн интриганын финалы, - деди ал. - Мындай тирешүү жөнүндө мурда эле айтылып келген. Бул министрликти жетектеген үч генералдын ортосундагы тиреш акыр-аягы ушуну көрсөтүп жатат. Азыр эми токтоно албай калып бири-бирине кылмыш ишин козгоого өтүштү».

Курсан Асанов «милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишенимден чыкты» деген негизде 13-августта кызматтан алынган. Көп өтпөй Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясына байланыштуу Курсан Асановго кылмыш ишин козгогон. Ишти ушул тушта Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

27-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Асановдун бөгөт чарасын карап, аны 13-октябрга чейин үй камагына алуу тууралуу чечим чыгарды.

Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып келет.

Бабановдун бүтпөгөн сурагы

Бул аптада «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) төрт, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финполиция) да төрт, жалпысынан сегиз кылмыш иши боюнча сурак берип жатканы маалым болду. Анын аты аталган төрт иштин чоо-жайы белгилүү, калгандары боюнча Бабанов өзү да, аны суракка чакырган органдар да так маалымат беришкен жок.

Өмүрбек Бабанов 30-августта УКМКга экинчи ирет сурак берип чыкты. Андан бир күн мурун Финполицияга суракка кирип баратканда «Азаттыктын» суроолоруна учкай жооп берген. Тергөөнүн кызыкчылыгынан улам кайсы иштер тууралуу суралып жатканын ачыкка чыгарган эмес:

Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

«Менин билишимче УКМКда төрт иш бар экен. Ошол иштер боюнча көрсөтмө берем. Финансы полициясында да төрттөй иш боюнча көрсөтмө берип атам. Арасында быйыл апрель айында жанданган, Алмазбек Атамбаевдин заманында Он-Адыр менен Канат Исаевдин иши боюнча жанданган иштер бар. Мен Кыргызстанга учуп келгенден кийин да жанданган иштер бар».

Бабановго биринчи кылмыш иши 2017-жылы ноябрда козголгон. Башкы прокуратура ага «президенттик шайлоодогу үгүт маалында Оштун Он-Адыр кичирайонунда эл алдына чыгып сүйлөгөн сөзүнүн мазмунунда конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга чакырык бар, улут аралык, расалык жана диний кастыкты козуткан» деген айып койгон.

Андан көп өтпөй Бабановго «бийликти басып алууга даярдык көрүү» жана «массалык башаламандык уюштуруу» деген айып коюлуп, экинчи кылмыш иши ачылган. Бул иш боюнча анын партиясынан депутат болгон Канатбек Исаев бир жылга жакын абакка отуруп чыккан.

Бул эки ишти УКМК тергеп жатат. Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов кеңири комментарий берүүдөн баш тартты:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«Өмүрбек Бабанов мурда козголгон кылмыш иштеринин алкагында күбө катары суракка чакырылып жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу кандай, эмне болгон иштер экенин айта албайм».

Финполиция Бабановго байланыштуу «Кыргызстан» коммерциялык банкы боюнча эки ишти иликтеп жатканы белгилүү. Мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур «Азаттыкка» Бабанов бир катар иштер боюнча күбө катары өтүп жатканын ырастап, бирок ал эмне болгон иштер экенин, мазмунун жарыялаган жок:

«Жогоруда аты аталган жаран (ред: Өмүрбек Бабанов) бир катар кылмыш иштери боюнча күбө катары суралып жатат. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында ал тез-тезден суракка чакырылууда. Жазык-процессуалдык мыйзамдарга ылайык тергөөнүн жүрүшү ачык жарыяланбайт».

Өмүрбек Бабанов өзүнө коюлган айыпты четке кагып, козголгон кылмыш ишинде негиз жок экенин айтып келет.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышкан. Анда ал азыркы президент Сооронбай Жээнбековго утулуп калган. Ошондон көп өтпөй саясаттан биротоло кеткенин күтүүсүз жарыялап, Орусияга кетип калган.

Бабанов ушул айдын башында кайра Кыргызстанга кайтып келди жана кийинчерек аны аэропорттон түшөөрү менен «колу-бутун кайрып» кармап кетпегени үчүн өлкө бийлигине ыраазычылык да билдирди.

Жогорку Рададагы Зеленскийдин «доору»

Украинада Жогорку Раданын жаңы курамы 29-августта алгачкы жыйынга чогулду. Биринчи отурум дээрлик 16 саатка саатка созулду. Анда спикер болуп 35 жаштагы саясий технолог Дмитрий Разумков шайланды. Парламент 35 жаштагы юрист Алексей Гончарукту премьер-министр кылып дайындады.

Украин парламентинин 9-чакырылышында президент Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясынын депутаттары көпчүлүктү түзөт. Өлкөнүн эгемен тарыхында парламентте бир партиядан турган башкаруучу коалиция болгон эмес.

Жогорку Раданын жаңы курамы алгачкы жыйынга чогулуп, депутаттар ант бергенден кийин эле кокусунан чоң тыныгууга тарап кетти. Муну ошол жерден «депутаттар бул убакыт аралыгында анттын текстине кол коюшат, эл өкүлү деген төш белги, дагы башка ишине байланыштуу кагаздарды алышат» деп түшүндүрүштү.

Бирок саясий серепчи Константин Батозский муну парламенттин теңинен көбүн ээлеп отурган «Эл кызматчысы» партиясы өкмөттөгү министрликтерди бөлүштүрүп бүтө албай жатканы менен байланыштырган:

Константин Батозский.
Константин Батозский.

«Владимир Зеленский үчүн түрлүү, бири-биринен кескин айырмаланган адамдардан куралган партиясынын биримдигин сактоо өтө маанилүү. Анын партиясынын тизмеси менен келген 254 депутаттын пикири, көз карашы, дымагы ар башка. Зеленский үчүн өз айланасына топтолгон күчтөрдүн ортосундагы тең салмакты сактап туруу да өтө маанилүү. Мисалы, президенттик таасирди өзүнө гана ыйгарып алгысы келген анын администрация башчысы Андрей Богдан бар. Андан сырткары президенттин эски командасы бар. Мына ушул топтордун арасында акыркы мөөнөттөргө чейин министрлердин кимиси ордун сактап калат, кимиси кетет деген сыяктуу талаш-талкуу жүрүп жатат окшойт».

Парламенттин бул чакырылышында «Эл кызматчысы» фракциясынын добуштары Конституцияга өзгөртүү киргизүүдөн башка бардык мыйзамдарды кабыл алыш үчүн жетиштүү болот. Киевдеги саясий талдоочу Алексей Якубин Жогорку Раданын жаңы курамы мурдагылардан кескин айырмаланат деп эсептейт.

«Жогорку Раданын жаңы курамынын ишинин башталышы эле бул чакырылыш мурдагылардан өтө айырмаланып турарын көрсөттү, - деди серепчи. - Бул Радада рекорд коё турган көрсөткүчтөр көп. Мисалы, аялдардын саны боюнча. 1991-жылдан бери парламентте бир партиядан турган көпчүлүк болгон эмес. Бир партия парламентте салмакка, таасирге, көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатат. Анткени «Эл кызматчысы» партясынын өкүлдөрү жыйындарда эле эмес, парламенттеги бардык 23 комитетте депутаттардын теңинен көбүн түзөт».

Парламенттин бейшембидеги жыйынында күн тартибине 30дай маселе киргизилген. Анда фракциялар жана депутаттык топтор түзүлдү, коалиция түптөлүп, өкмөт кызматтан кетип, жаңысы дайындалды.

Жогорку Раданын жаңы курамынын алгачкы жыйынында 100дөн ашуун мыйзам долбоору кабыл алынышы мүмкүн экени кабарланган. Алардын арасында депутаттык кол тийбестикти алуу, президентке импичмент жарыялоонун жол-жобосу, жумуштан көп калган депутаттардын жоопкерчилиги, шайлоочулары ишине көп нааразы болгон депутатты мандаттан ажыратуу, депутаттардын санын азайтуу, парламентке өтпөй калган партияларды каржылоону токтотуу сыяктуу мыйзам долбоорлору болгон.

Бул жыйында депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

Украинанын азыркы президенти Владимир Зеленский июнь айында ант берип кызматка кирешери менен парламентти мөөнөтүнөн мурда тараткан. Шайлоо 22-июлда өткөн. Анда Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясы добуштардын 43,16 пайызын алган.

Орусияга ыктаган «Оппозициялык платформа - Жашоо үчүн!» партиясына 13,05 пайыз добуш тийген.

Үчүнчү орунду Юлия Тимошенканын «Батькивщина» партиясы 8,18 пайыз менен алган.

Мурдагы президент Петро Порошенконун «Европалык тилектештик» партиясын шайлоочулардын 8,10 пайызы колдогон. Украин парламентине ошондой эле рок-аткаруучу Святослав Вакарчуктун «Добуш» партиясы да өттү. Бул партия 5,82 пайыз добуш алды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (22)

XS
SM
MD
LG