Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Апта: жарандык каршылык, чаташтырган миллиондор


Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (25-ноябрь - 1-декабрь).

Экс-консул камалды

Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков 28-ноябрда камакка алынды. Ал коомчулуктун кеңири катмарына кытайлык уйгур ишкер Айеркен Саймаити Стамбулда киши колдуу болуп өлгөндөн кийин таанылган. Тактап айтканда, Саймаити анын дипломатиялык номур тагылган жолтандабасын минип жүргөнү белгилүү болуп, бул бир топ суроолорду жараткан.

УКМК Сопоковго байланыштуу комментарий берип жатып, экс-консул жалпысынан үч кылмыш ишине шектелип жатканын билдирди.

Биринчиси - «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деген берене менен Саймаитиге унаасын берип койгону үчүн козголду. Андан кийин «Мыйзамсыз баюу» беренесинин алкагында "200 миң доллар тапкан, 47 миллион сомго кыймылсыз мүлк алган" деп шек саналып жатат. Ошондой эле анын жубайы Стамбулда жашабаса деле бюджеттен 30 пайыздык төлөмдү, медициналык жана башка чыгымдарга 31 миң доллардан ашык каражатты мыйзамсыз алып жүргөн деп күнөөлөнүп жатканы белгилүү болду.

УКМКнын басма сөз өкүлү Рахат Сулаймановдун билдиришинче, Сопоков суракка чакырылып, андан соң тергөө абагына камалды:

- Ал Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.


Стамбулда консул болуп эки жыл иштеген Эркин Сопоков жана анын жакындары соңку жагдай боюнча ушул кезге чейин үн каткан эмес. Анын ишмердигин текшерүү үчүн Тышкы иштер министрлигинин, УКМКнын жана ИИМдин өкүлдөрүнөн турган топ түзүлгөн. Саймаитинин өлүмү боюнча парламенттеги депутаттык комиссиянын мүчөсү, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов экс-консулдун иши түйүндүү окуянын бир гана өңүтү экенине токтолду:

- Бул иш чынжыр сыяктуу. Сопоков жалгыз эмес. Бардык кылмыш иштериндей эле бирөө камакка алынган соң анын көрсөтмөлөрүнүн негизинде жаңы адамдардын тиешеси боюнча маалымат ачыкка чыгышы мүмкүн. Ошондуктан Сопоков бул мыйзамсыз, кылмыштуу иштин бир чынжырчасы. Ал аркылуу калган фигуранттарга чыкса болот. Жалпысынан ага кылмыш ишин козгоп, реакция болгону - жакшы көрүнүш.

Сопоков тажрыйбасы жок туруп дипломатиялык кызматка дайындалганда анын ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен жакын мамилеси тууралуу сөз болгон. Соңку убакта айрыкча социалдык тармактарда экс-консулдун Жогорку Кеңештеги таасирдүү колдоочулары тууралуу маалыматтар чыккан. Буга анын баласынын депутат Төрөбай Зулпукаровдун консультанты болуп иштегени негиз болгон. Зулпукаров Сопоков экөө жакшы тааныш экенин ырастаган, бирок "калкалайт" деген сөздөрдү жокко чыгарган.

Матраимов сурак берди

Сопоков камалгандан көп өтпөй эле Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов УКМКга күбө катары сурак берип чыкты. Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов ал Айеркен Саймаитинин өмүрүнө Кыргызстанда коркунуч жаралганы тууралуу анын көзү тирүүсүндөгү билдирүүсүнө байланыштуу чакырылганын ырастады:

- 29-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов күбө катары УКМКга суракка чакырылды. Матраимов журналисттик иликтөөдө жарыяланган бардык жагдайлар боюнча суралат. Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуу боюнча маалыматтарды толук жана объективдүү жүргүзүү максатында бардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Башкы прокуратура бул окуяны териштирүү үчүн мекеме аралык тергөө тобу түзүлгөнүн, Жазык кодексинин 130-беренеси, тактап айтканда, "Киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган.


Буга чейин «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги биргелешип «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анын башкы каарманы Айеркен Саймаити көзү тирүүсүндөгү маегинде аны 2017-жылы жазында Ош шаарындагы мейманканалардын биринде жаалданган спортчу бандиттер уруп-сабап, тапанча такап коркутуп, паспортун алып коюшканын айтып берген. Саймаити ал жолу мейманканадан качып чыгып, Тажикстанга мыйзамсыз жол аркылуу өтүп, андан ары Стамбулга кеткенин баяндаган.

Райымбек Матраимов атайын кызматка дагы суракка барар-барбасы, күбө катары эмнелерди айтып бергени белгисиз. Ал УКМКдан чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Матраимов: Комментарийди кийин берем
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:29 0:00


Мунун алдында президентке караштуу Коопсуздук кеңешинин баш катчысы Дамир Сагынбаев Райымбек Матраимов суракка чакырыларын билдирген жана аталган кеңеш жакынкы күндөрү жыйынга чогулуп, коррупция маселелерин талкуулай турганын айткан.

Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, депутат Искендер Матраимов парламенттин эки комитетинин кошмо жыйынында инисине коюлуп жаткан дооматтарды четке каккан:

- 700 миллион доллар боюнча Кыргызстанда бардыгы билет, депутаттар да билет - ал эмне болгон акча, каякка кеткен акча. Бирок билип туруп саясатташтырып жатасыңар. Эмне үчүн буга ошол убакта Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалары жооп бербейт, эмне үчүн орун басары жооп бериши керек? Бардык жалпыга маалымдоо каражаттары менен тегиз иштешип жатам. Бирок ар бир нерсени айтканда да, бергенде да өзүнүн аты менен берсеңер. Кечээ каза болгон бир уйгурдун сөзү менен иликтөө кылдыңар. Бул жерде отуруп алып мен деле бирөөнүн үстүнөн айтып коё берсем, ошого ишенип жаза бериш керекпи? «Азаттыктын» журналисттери, ар бир нерсени бергенде тактап берсеңер, элди адаштырбай.

"Чаташтырып-чабыштырган" миллиондор

Узап бараткан аптада Кыргызстандан чыгарылган акчага байланыштуу бир канча сандар айтылды жана коомчулукту айран таң да калтырды.

27-ноябрда Жогорку Кеңештин эки комитетинин кошмо жыйынында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын төрагасы Бакир Таиров иликтеп-тергөөнүн негизинде Айеркен Саймаити жана анын аялы, ошондой эле «Абдыраз» ишканасы сыртка дээрлик бир миллиард долларга жакын акча которгонун маалымдады:

- 17 банктан үч жарандын акча которушун көтөрүп чыктык. Толтурулган акча каражаттары Саймаити, Вуфули жана «Абдыраз» ишканасы тарабынан Кытайга, Түркияга, Литвага, Британияга, Германияга жана башка өлкөлөргө которулган. Алынган банктык документтерди талдоодо Айеркен Саймаитинин, Вуфули Бумаилиамунун жана «Абдыраз» коомунун эсептерин толуктоонун негизги булагы накталай акча болгон. Ал эсептерге акча алардын өздөрүнөн, жалпысынан сегиз адамдын атынан которулуп турган. Калгандарынын аттарын айта албайбыз. Бирок акчанын суммасы 932 миллион 736 миң доллар сумма болгон, - деди Бакир Таиров.

Таиров акча которууда «кездеме, курулуш материалы, электрондук товар алууга, карызды кайтарууга, жер жана мүлк сатып алууга» деген себептер көрсөтүлгөнүн белгиледи.

Буга чейин Финансы полициясы Айеркен Саймаитиге «өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн баш тарткан» деген айып койгону, сотто аны камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасы тандалып алынганы маалым болгон.


Парламентте Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев "Азаттыктын" иликтөөлөрүндө сөз болгон, өлкөдөн күмөндүү жолдор менен чыгарылып кеткен 700 млн. доллар ишкерлердин акчасы деп эсептей турганын айтты:

- Кыргызстанга бир жылда кеминде 2,5 млрд. долларга импорттук товар келет. Азыркы эсеп менен бизде 16 миңге жакын бизнес бар. Менин жеке оюмда 700 млн. доллар товар алууга жөнөтүлгөн акча болуп жатат окшойт. Муну эми укук коргоо органдары да карап чыгышса керек, - деди Торутаев.

Кыргызстандан сыртка чыккан акча боюнча уу-дуу кепти өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин да билдирүүсү күчөттү. Ал парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстандын банктары аркылуу 2018-жылы 90дон ашык миллиард доллар, ал эми быйыл жарым жылда 50 миллиард долларга жакын акча чыгарылганын айтты:

- 700 млн.доллар - казынанын акчасы эмес. Бул бизнестин алакасындагы мамиле. Биздин аймакка Өзбекстандан келип башка жакка кетип жаткан болсо, банк өзүнүн кызмат акысын алышы мүмкүн. Кыргызстанда банк арзаныраак, либералдуу. Бекеринен Өзбекстандан келген акча башка жакка чыгып кетип жаткан жок да. Муну этият айтышыбыз керек, бул өзү бизнеске тоскоол болот.

Коррупцияга байланыштуу журналисттик иликтөө коомчулукту козгоп, жума башында Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында митинг өттү. «#REакция» аттуу жарандык акциянын катышуучулары президентке жана парламентке кайрылуу жөнөтүштү.


Кайрылууда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөө боюнча териштирүү жүргүзүү; бардык укук коргоо органдарынын жетекчилерин кызматтан кетирүү; коррупция тууралуу айтып чыккан журналисттердин жана активисттердин коопсуздугун камсыз кылуу; реформа жүргүзүү жана паракорчулук менен күрөшүү; Түркияда өлтүрүлгөн ишкердин өлүмүн иликтеген депутаттык комиссияга жарандык коомдун өкүлдөрүн кошуу деген беш талап коюлду.

Афтандилге тагылган айып

Өтүп бараткан аптанын чуулгандуу окуяларынын бири «БеспределKG» баракчасынын негиздөөчүсү, активист Афтандил Жоробековдун камалышы болду.

УКМК ага «Аймак аралык касташууну козутуу» деген берене менен сотко чейинки өндүрүш башталганын маалымдады. Атайын кызмат Жоробеков "Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, массалык нааразылык акцияларын өткөрүүгө үндөгөн" деген кине такты.

Афтандил Жоробековдун апасы Бегайым Аккулова анын баласы сөз эркиндигинен ажыратылганын айтты:

- Менин баламды сөз эркиндигинен ажыратып жатышканын туура эмес деп эсептейм. Баламдын мыйзамсыз иши болсо аны көрсөтүп бериши керек. Анан аны дароо кармап, 313-берене менен айыптап жатышканына мен кошулбайм. Ак ийилет, бирок сынбайт. Баламдын ишин тез арада иликтеп, аны бизге ден соолугу чың кайтарып беришин суранам.


Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Афтандилди бошотууну чакыргандардын катарын толуктады. Ал ошол эле учурда
Интернетте чагымчыл билдирүү калтыргандар көбөйгөнүн белгиледи:

- Соңку учурда ар кандай фейк, троллдорду ачып, аймактар, улуттар аралык, жер-жерлерге бөлүнгөн посттордун кенен жайылып жатышы өтө өкүнүчтүү. Айрым жаңылык сайттары да элди, жерди бөлгөн пикирлерди жарыялоодон уялбай калышты. Сөз эркиндигин дайыма жоопкерчилик менен айкалыштыра жүрүшүбүз керек. Эмне үчүн Автандил тууралуу Жогорку Кеңеште айттым? Анткени анын жазган пикиринде УКМК айткан аймак аралык козутууну байкаган жокмун, ошондой эле "Фейсбуктагы" сын пикири үчүн камалган окуя Кыргызстанда болбошу керек.

«БеспределKGнин» «Фейсбуктагы» баракчасына акыркы учурларда Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык иштер жана ал боюнча журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдар боюнча маалыматтар байма-бай жарыяланып турган.

Интернетте Жоробековду бошотууну талап кылып, кол топтоо башталды.

Аталган сайт «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөөнү жарыялаган.

«БеспределKG» 23-ноябрда жарыялаган постто бул иликтөөдө аты аталган Хабибулла Абдукадыр Райымбек Матраимовду ири суммадагы акчасы менен чыгарып кеткени жана Матраимовду президент Сооронбай Жээнбеков өзү узатканы жазылат. Учак Самаркандга багыт алганы кошумчаланган.

Бул баракча андан тышкары Кыргызстандагы чуулгандуу иштер боюнча айрым ачыкка чыкпаган маалыматтарды, документ жана видеолорду да жарыялап келгени менен белгилүү. Көбүнчө «Фейсбукта» активдүү иш алып барып, анда 109 миң катталуучусу бар. Мындан тышкары башка да социалдык тармактарда баракчалары ачылган.

Атын ачык айткысы келбеген Афтандил Жоробековдун жакын тааныштарынын бири УКМК Жоробековду буга чейин чакырып, андан «БеспределKG» баракчасындагы ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылып, эскертүү бергенин айтты. Бирок ал андан баш тарткан.

«БеспределKG» баракчасынын ээсине байланышкан окуя Интернеттеги эркиндик маселесин да козгоду. Белгилүү болгондой, Жогорку Кеңеште социалдык түйүндөрдү көзөмөлдөө тууралуу сунуштар маал-маалы менен көтөрүлүп турат.

Бакиевдердин Беларустагы бизнеси

Беларустагы «Naviny.by» маалымат порталы Минск шаарындагы ири курулушка Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу ыктымалдыгын, тун небереси фамилиясын «Петров» деп өзгөртүп алганын иликтеп чыкты.

Ага ылайык, Минск шаарындагы «Динамо» стадионунун жанында көп тармактуу «Centropol» комплексин куруп жаткан компаниянын артында Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев жана анын жакындары турушу ыктымал.

Бул көп кабаттуу имарат эмдиги жылы толук курулуп бүтөт жана анда соода, көңүл ачуучу жайлар, медициналык жана балдар үчүн борборлор, ресторан, кафелер, казино жайгашмакчы.

«Naviny.by» порталынын маалыматы боюнча, курулуштагы инвестициянын көлөмү 80 миллион доллар деп бааланган жана комплексти «Гермес Констракшн» деп аталган чет өлкөлүк унитардык компания куруп жатат.

Аталган компания шаар бийлиги менен 2011-жылы инвестициялык келишим түзгөн. Бирок «Гермес Констракшндын» имараттын баштапкы максаты өзгөрдү деген жүйөсү менен курулушту бүтүрүү мөөнөтү узарган. Башында ал жерге мейманкана курулат деп айтылган.


Беларустагы Юридикалык тараптардын жана жеке ишкерлердин мамлекеттик бирдиктүү реестриндеги маалыматка ылайык, «Гермес Констракшн» компаниясынын 100 пайыз үлүшүнө Кипрдеги «D-Business Solutions Limited» деп аталган компания ээлик кылат.

«Norline Development» Доминикада офшордук компания катары катталган. «Reamare Investments Limited» болсо Кипрде экени көрсөтүлгөн. Британиянын реестрине ылайык Шотландияда катталган.​ «Forpaton Resource LP» фирмасынын 75 пайыз үлүшү 25 жаштагы Руслан Петров аттуу беларус жаранына таандык.

«Naviny.by» сайтынын божомолу боюнча, ал Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин тун небереси Руслан болушу мүмкүн. Аталган сайт Курманбек Бакиев президент болуп турганда үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Ал сүрөттө Бакиев биринчи аялы жана улуу эки баласы, келиндери жана Руслан аттуу небереси менен чогуу түшкөн.

«Naviny.by» сайтынын ырасташынча, Беларус Мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин дүйнөлүк экономика бөлүмүнө 2010-жылы тапшырган студенттердин арасында Руслан Петров деген бала жок, бирок Бакиев Руслан Маратович аттуу студент болгон. Бирок бир жыл өтпөй эле Руслан Маратович деген студент Руслан Петров деген ат менен чыга баштаган.

Маселен, Курманбек Бакиевдин тун небересине куюп койгондой окшош Руслан Петров атуу жигиттин социалдык тармактарга жарыялаган сүрөттөрүнө ылайык, ал экономикалык викторинага катышкан студенттердин арасында болгон жана мелдеште анын командасы утуп чыккан. Ошол эле жылы Руслан Петров дзюдо боюнча университеттик таймашта үчүнчү орунду алган.

«Naviny.by» Руслан Петров менен байланышууга бир канча жолу аракет кылган, бирок ал кызматкерлери аркылуу «Динамо» стадионунун жанындагы курулушка эч кандай тиешеси жоктугун айттырган. «Naviny.by» сайты «Centropol» долбоору менен анын атасы Курманбек Бакиевдин улуу баласы Марат Бакиев алектенип жатканын жазды.


Беларус документтери боюнча, Курманбек Бакиевдин тун небереси башка бизнес менен алектенет. Руслан Маратович Петров быйыл март айында каттоодон өткөн, өзүнүн кыймылсыз мүлкүн ижарага берүү менен алектенген «Белхантер-Инвест» фирмасынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Руслан Петровдун бизнестеги өнөктөшү - Беларустагы Панкратион жана таймаштын аралаш түрлөрү боюнча федерациянын төрагасы, ишкер Андрей Шихлин. «Гермес Констракшн» менен «Белхантер-Инвест» компанияларынын кеңселери бири-бирине жакын жайгашкан. Ошол жерде эле Андрей Шихлиндин «Парагис» аттуу фирмасы да бар.

Буга чейин Курманбек Бакиевдин бир тууганынын баласы Асылбек Салиев шотландиялык «Altastar LP» жана «Maxforse LP» аттуу компаниялар аркылуу «Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясынын» 22,5 пайызына ээлик кылары белгилүү болгон. Бул корпорациянын директору болуп Даниил Урицкий аттуу беларус жараны саналат. Ал Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда эң таасирлүү өкмөт өкүлү, премьер-министр болгон Данияр Үсөновго куюп койгондой окшош. Ал 2010-жылы апрель окуяларынан кийин Кыргызстандан качып кеткенден бери дээрлик дайын-дарегин билгизбей жүргөн жана убагында Казакстанга келип кеткени тууралуу маалымат чыккан.


Данияр Үсөнов аты-жөнүн Даниил Урицкий деп өзгөртүп алганы, Беларуста ири мамлекеттик ишкананы жетектеп жатканы тууралуу маалыматтар 2017-жылдын этегинде эле чыккан.

Былтыр жайында Беларус медиасы Кыргызстандын экс-премьер-министри Данияр Үсөновго куюп койгондой окшош адамдын сүрөттөрүн жарыялаган. Анда бул киши мурдагы жылы президент Александр Лукашенконун жарлыгы менен түзүлгөн «Беларус улуттук биотехнология корпорациясын» башкара турганы, өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырганы маалым болгон. Ал адам ким экенин, жердигин такып сураган жергиликтүү журналисттерге «Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда өлгөн» деген кабары бар экенин маалымдаган.

Данияр Үсөновдун мурдагы жубайы, Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Динара Исаева өзүн Даниил Урицкий деген адам мурдагы күйөөсү экенин ырастаган. Бирок аны менен 2010-жылдан бери чогуу жашабай калышканын айтып берген.

Апрель окуяларынан кийин өлкөдөн качып кеткен, ушул тушта Беларуста баш калкалап жаткан Курманбек Бакиевге байланыштуу жакында эле Кыргызстанда чуу чыккан. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Курулуш айылында көчөлөрдүн бирине анын ысымы ыйгарылган. Бирок бул коомчулукта кызуу талаш-талкуу жараткандан кийин жергиликтүү кеңештин депутаттары өз токтомун жокко чыгарганга аргасыз болушкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG