Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:52

Эркин Сопоков камакка алынды


Эркин Сопоков.
Эркин Сопоков.

Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков 28-ноябрда кармалды.

30-ноябрда ал 2020-жылдын 28-январына чейин камакта болору тууралуу кабар тарады.

Сопоков Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитиге дипломаттык номер тагылган автоунааны мыйзамсыз бериши баш болгон үч кылмыш эпизоду боюнча шек саналууда. Мурдагы башкы консулдун камакка алынышы чиеленген коррупциялык иш боюнча бийликтин алгачкы реакциясы катары бааланып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, мурдагы консул ушул күнү суракка чакырылып, андан соң тергөө абагына киргизилген.

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

- Ал Кыргыз Республикасынын Жазык кодексининин 98-беренесинин негизинде УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат, - деди ал. УКМКнын түшүндүрмөсү боюнча, Эркин Сопоковго үч эпизод боюнча айып коюлууда.

Алардын бири - «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу». Сопоков дипломаттык номер тагылган өзүнө таандык «Рейнж Ровер» үлгүсүндөгү автоунаасын Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге жана башкаларга мыйзамсыз берген деп шек саналууда.

Мындан сырткары мурдагы башкы консул Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча 200 миң доллар тапкан, 47 миллион сомго кыймылсыз мүлк алган деп шек саналып жатат.

Буга кошумча катары Эркин Сопоков консул болуп турган кезинде жубайы Стамбулда жашабаганына карабай бюджеттен 30 пайыздык төлөмдү, медициналык жана башка чыгымдарга 31 миң доллардан ашык каражатты мыйзамсыз алып жүргөнү айтылууда.

Акыркы эки жылдан бери Стамбулдагы консулдук кызматты аркалаган Сопоковдун ысымы уйгур улутундагы ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнөн соң коомчулукка кеңири белгилүү болгон. Саймаити өлтүрүлгөн кезде анын жанындагы «Рейнж Ровер» үлгүсүндөгү автоунаа консулга таандык экени жана анда дипломатиялык номер тагылып жүргөнү кабарланган. Кийин муну Тышкы иштер министрлиги да ырастап, «Сопоков өз машинесин Стамбулдагы автосалондордун бирине сатыш үчүн таштаган» деп түшүндүргөн.

Ошондон соң башкы консул кызматтан алынып, анын ишмердигин текшерүү боюнча Тышкы иштер министрлигинин, УКМКнын жана ИИМдин өкүлдөрүнөн турган топ түзүлгөн. Андан бери Эркин Сопоков жана анын жакындары эч кандай комментарий бербей келген.

Мына ушундай жагдайда бажыдагы коррупция боюнча «Азаттык», «Клооп» порталы жана «Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө долбоорунун» биргелешкен иликтөөсү жарыяланып, коомдогу талкууну күчөткөн. Иликтөөдө Сопоков менен тааныш болгон маркум Саймаити бажыдагы көмүскө схемалар жөнүндө маалымат берген негизги каарман болгону ачыкка чыккан.

Мындай жагдайда жарандык коом бийликтен реакциясын талап кылып, Бишкекте атайын акция да өткөн. Ошондуктан Сопоковдун кармалышын бул иш боюнча бийликтин алгачкы реакцияларынын бири деп баалагандар бар.

Саймаитинин өлүмү боюнча парламентте түзүлгөн комиссиянын мүчөсү, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов мурдагы консулдун иши чырмалашкан түйүндүн бир гана жагдайы экенин белгиледи:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Бул иш чынжыр сыяктуу. Сопоков жалгыз эмес. Бардык кылмыш иштериндей эле, бирөө камакка алынган соң анын көрсөтмөлөрүнүн негизинде жаңы адамдардын тиешеси боюнча маалымат ачыкка чыгышы мүмкүн. Ошондуктан Сопоков бул мыйзамсыз, кылмыштуу иштин бир чынжырчасы. Ал аркылуу калган фигуранттарга чыкса болот. Жалпысынан ага кылмыш ишин козгоп, реакция болгону - жакшы көрүнүш.

Ал эми саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Сопоковго бир нече берене боюнча айып коюлушун мамлекеттик органдарда, анын ичинде дипломатиялык мекемелерде тартип жок экенин көрсөттү деген оюн билдирди:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Эми көмүскө иштердин баары ачыкка чыгышы керек. Сопоков кандай болуп консул болуп калды эле, элдин баары билет. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев колу жеңил киши экен, бардык жан-жөкөрлөрүн ушундай кызматтарга дайындаган. Бул жерде Тышкы иштер министрлиги гана жөнүндө эмес, мындай кызматтарга дайындаган жогорку чечим кабыл алчу адамдар жөнүндө маселе көтөрүлүшү мүмкүн.

Чынында эле буга чейин «Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломаттык кызматкерлери мыйзамсыз иштер менен алектенишет» деген сөздөр айтылган жайы бар. Муну Тышкы иштер министрлиги четке каккан болчу.

51 жаштагы Эркин Сопоков 2017-жылдан бери Стамбулдагы башкы консул болуп иштеп келген. Бул кызмат анын алгачкы дипломатиялык тажрыйбасы эле.

Сопоков дипломатиялык кызматка дайындалган учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен жакын мамиледе болгону айтылган. Бирок акыркы күндөрү «Эркин Сопоковду парламенттеги айрым депутаттар колдоп жүргөн» деп, социалдык тармактарда учурдагы депутат Төрөбай Зулпукаровдун аты аталган эле.

Мындай шектенүүлөргө Сопоковдун уулу Азамат Мамасалиев Зулпукаровдун консультанты болуп иштеп жүргөнү себеп болгон.

Төрөбай Зулпукаров Сопоков менен жакшы тааныш экенин ырастап, бирок анын калкалоого же мыйзамсыз иштерге эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

Учурда журналисттик иликтөөдө айтылгандарды текшерүү боюнча парламентте депутаттык комиссия, ал эми өкмөт тергөө тобун түзгөн.

Мындан сырткары бажыдагы коррупция маселеси Коопсуздук кеңешинин жакынкы жыйындарында талкууланары белгилүү болду.

Бийликтин мындай аракеттерине карабай жарандык коом өкүлдөрү жана айрым саясий күчтөр журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды текшерүү боюнча мамлекет жетекчилерин жетиштүү аракет кылбай жатат деп сынга алышууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG