Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Мүмкүнчүлүгү чектелүү, бирок келечектен үмүтүн үзбөгөндөр


Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 120 миңге жакын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Алардын болжол менен 30 пайызын жаштар түзөт. Бул майыптардын бир бөлүгү гана атайын мектеп интернаттарда окушат. Ал эми экинчи жарымы ата-энесинин колунда турат.

26 жаштагы Жыргалбек Балбаков элет жергесинде жашайт. Ал жатып алып оордукту көтөрүү боюнча спорттун чебери. Анын келечекте мүмкүнчүлүгү чектелүүлөр үчүн спорт түрлөрүн өнүктүрсөм деген максаты бар.

- Келечекте майыптардын параолимпиадалык кыймылын түзсөм деген тилегим бар. Себеби биз өзүбүздү-өзүбүз карап жетектебесек, мындай адамдар өз кызыкчылыгын гана ойлошот экен. Бизге коомчулук көңүл буруп, тиешелүү деңгээлде карап койбогундугуна таарынгым келет.

Адистердин баамында, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга айланасындагылардан жылуу мамиле жана коомчулуктун тең ата алакасы гана жетишсиз. Майып өспүрүмдөргө шарт түзүлсө, алар дагы чоң ийгиликтерге жетише алмак дешет адистер.

- Биздин коомдо мүмкүнчүлүгү чектелгендерге карата туура эмес көз караш калыптанып баратат. Бул бала сүйлөбөйт же баспайт, оорукчан экен деп көңүл бурбай коюшат. Биз майыптарга мүмкүнчүлүк түзсөк алардын колунан көп нерсе келет. Алсак, Зейнеп Дыйканбаева аттуу кызыбыз бар. Ал мүмкүнчүлүгү чектелүү экенине карабастан Жапониядан стажировкадан өтүп, учурда Американын Борбор Азиядагы университетинде окуп жатат. Ал бир нече долбоорлордо да иштейт. Демек аларга шарт түзүү менен мүмкүнчүлүк гана беришибиз керек, - деди Чынара Ширимбаева.

“Үмүт-Надежда” борборунун Кыргызстанда ачылганына туура 20 жыл болду. Бул аралыкта реабилитациялоо мекемесине көптөгөн майып балдар кайрылып, ар кыл өнөрлөрдү үйрөнүп, билим алып келишет. Учурда бул жайда 3 жаштан 25 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген 75 бала бар.

Бул борбордогу балдар жөндөмдүүлүгүнө жараша ар кандай кесиптерге окутулуп, өнөр ээси да боло алышат. “Үмүт-Надежда” борборунун өнөрчүлүк бөлүмүнүн башчысы Чынара Түкөбаева буларды айтат:

- Бул балдарды бала-бакча, же жөнөкөй мектептерге алышпайт. Ошондуктан биздин борборго окшогон мекемелерде алардын саны көп. Бул жердеги мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жөндөмдүүлүгүнө жараша, ар кандай кесиптин ээси боло алышат. Устаканалардан алар кол өнөрчүлүккө жана ар кандай буюмдарды жасаганга үйрөнүшөт. Ашканабыздан даамдуу тамактарды бышырышат. Биз майып балдарга бирдей мамиле жасагандыктан, алар көп нерсени үйрөнүшүүдө.

Майып балдарды багуу кыйындап баратканы бул жайдын жетекчилигин капалантып келет. “Үмүт-Надежда” балдар борборунун жетекчисинин орун басары Чынара Ширинбаева

- Балдарды багууда оорчулуктар көп болуп жатат. Азык-түлүк, кийим жана комуналдык төлөмдөр күн санап өсүүдө. Биздин эки борборубузда 15 баладан жашашат. Алардын көпчүлүгүнүн ата-энелери жок. Дары-дармектерине да олчойгон акча коротуп жатабыз.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр ай сайын орточо 700 сомдон пособия алышат. Ошол эле маалда интернатта жашаган майыптарга тамак-аш, дары-дармеги үчүн күнүгө өкмөт тараптан 55 сомдон каралган. Ал эми “Үмүт-Надежда” сыяктуу реабилитациялоо борборлоруна мамлекет тараптан жардам көрсөтүлбөй келет.

XS
SM
MD
LG