Кыргызстандын Миграция жана калкты жайгаштыруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулованын айтуусунда, бул жерден башпаанек издеп келген качкындардын саны мурдагысынан кыйла аз.
- Бүгүнкү күндө 250 жакын качкын бар. Анын 227 Ооганстандан келгендер, 18 адам башка мамлекеттерден келген. Былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге кыскарды. Анткени көп качкындар башка мамлекеттерге которулуп кетишти же болбосо өздөрүнүн Мекенине кайтып кетишти.
Өз өлкөсүндөгү кыргын-сүргүн, куугунтук-кысымдан корккон качкындардын Кыргызстандан үчүнчү өлкөгө тезирээк кетүүгө умтулушу алардын коопсуздугунун жакшы сакталбашынан, анан карабашын калкалап чыккандарды кайра эле өз жерине кайтарып ийиш коркунучунан чыгууда. Кыргызстанда коңшу өлкөнүн коопсуздук кызмат өкүлдөрүнүн ээн-жайкын жүрүшүнөн чочулаган өзбекстандык качкындар Бишкектеги качкындардын убактылуу борборунда аянычтуу абалын айтыштан жүрөкзаада болуп турушту. Микрофон алдында жаш балдар гана ойлорун айтууга батынышты.
- Качан келгенибиз эсимде жок. Бирок да бул жерге келгенибизге бир айча, эки айча болуп калды. Эми бул жерде шарт жакшы, газ, суу, жарык – баарысы бар. Бүгүн качкындар күнүн белгилеп жатабыз.
Бишкекте орус тилинде билим алып жатканын айтып, журналисттердин суроосу боюнча өзбекстандык Аятилла артында калган Мекени тууралуу момундай ырын ырдап берди.
- Серкуеш уз Улкам, Елка бахинажат.
Сен узинг йуртлашга мехрибан.
Аятилла эр жеткен соң адилет, калыс боло турганын кошумчалады. Бишкектеги качкындардын убактылуу борборунда жашап жаткан кырктан ашуун качкындардын көпчүлүгү Ооганстандан келгендер. Бул жерде социалдык жагынан өтөле аялуу, көп бүлөлүү, материалдык колдоого муктаж качкындар топтоштурулган. Аны убактылуу борбордун жетекчиси Салима Исмаилова айтып берди.
- Бул жерде азыр 8 үй-бүлө 42 киши жашап жатат. 4 үй-бүлө оогандык жарандар, 4 үй-бүлө Өзбекстандын жарандары. Ушул 42 кишинин 20 ашууну жаш балдар.
Ооганстандык Шайырдын үй-бүлөсү Мазари-Шариф шаарынан келишкен. Качан жана кантип үйүн таштап качып чыгышкандарын 4 класста окуган Шайыр жакшы деле билбейт. Бишкекте ал орус, англис тилдерин үйрөнүүдө. Качкындар борборундагылардын көпчүлүгү өз эне тилинен башка тилдерди билишпейт. Андайда Шайырдын тилмечтиги чоң ишке жарап келатат.
- Сиз кандайсыз? Мен Шайыр. Азыраак англис тилин билем.
Шайырдын апасы да Бишкектеги мусапырчылыкта өтүп аткан айласыз турмушка көнгөнүн айтып олтурду.
- Ооганстанга караганда бул жерде жашоо жакшы, бир канча жакшы. Азыноолок орусча сүйлөп, оокат өтүүдө. Кандай да болсо бу Кыргызстанда жашоо жакшы. Турмуш эми, 5 уулум, 4 кызым бар.
Ооганстандык “баатыр эненин” беш баласы мектепте окушат. Тынчы жок өлкөдөн мына ушул жөжөдөй бөжүрөгөн балдарын калкалап чет өлкөгө качып чыккандар кийинки жылдары кыйла эле көбөйгөнү менен, алардын көпчүлүгү Кыргызстан аркылуу башка бир өлкөлөргө кетүүгө мажбур болуп, бул жерде байыр алган качкындардын саны Тажикстан, Казакстанга салыштырмалуу кыйла эле аз экенин Улуттар уюмунун Качкындар боюнча башкы комиссарлыгынын Кыргызстандагы өкүлү Ханс Фредерик Шоддер белгиледи.
- Баш калка издегендер менен качкындардын Кыргызстанда кыйла эле азайып кетти. Мындан бир нече жыл илгери 20 000 ашуун киши болсо азыркы күндө 900 кишиге түштү. Анын үстүнө азыркы күндө чөлкөмөгө эларалык көңүл катуу бөлүнүп жатат. Андай болушу, өзгөчө Кыргызстан үчүн туура эле. Ошондуктан мындай одоно көрүнүш жакынкы аралыкта жоюлат деп ишеним арта туралы.
Ушу тапта жаамы дүйнөдө 42 миллион адам өз үй, өлөң төшөгүн таштап чет жерде баш калка издөөгө мажбур. Өз өлкөсүнөн ыдык көргөн, каражанын калкалап качып чыккандардын жашоосуна шарт түзүп берүү адамгерчиликтин айныксыз салты экени качкындардын дүйнөлүк күнүндө гана эскерилбеши керек. Бишкектеги качкындардын убактылуу баш калка жайы эларалык уюмдардын көмөгү, айрым сүрөөнчүлөрдүн аракети менен кармалып келатат.