Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

«А» деген соң «Б» айтылды, кезек кайсы тамгада?


30-мартта Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев террорчулукка каршы коалицияга мүчө өлкөлөр менен түзүлгөн келишимдерди жокко чыгаруучу мыйзамдарга кол койду. Буга чейин Америка Кошмо Штаттары менен түзүлгөн ушундай эле келишим жокко чыгарылган.

“Манас” абамайданындагы террорчулукка каршы эларалык күчтөрдүн аскер аба базасын чыгаруу жөнүндөгү кыргыз өкмөтүнүн чечимин президент К.Бакиев февраль айынын башында Москвадан жарыя кылган. Орус өкмөтү Кыргызстанга 1 миллиард 700 миллион доллар кредит, бюджетти колдоого 450 миллион доллар бөлүүгө макулдук берген соң жарыя кылынган ал билдирүүдөн аз өтпөй өкмөт токтому чыгып, парламент базаны чыгаруунун мыйзамдык жөрөлгөлөрүн көп создуктурбай тез эле ишке ашырып берген.

Өкмөт демилгесин парламент төрагасынын орунбасары Кубанычбек Исабеков да колдой тургандыгын билдирип, бул иштин орусиялык 2 миллиард доллар кредит менен эч кандай байланышы жоктугун ырастаган.

- Бизде ички жана тышкы саясатты президент аныктайт. Орусия эч кандай шарттарды койгон жок. Орусия президенти Д.Медведев деле иш Кыргызстан жетекчилиги тарабынан чечилгенин айтпадыбы. Кыргыз өкмөтүнүн тийиштүү чечими бар.

Террорчулукка каршы эларалык аскер күчтөрүн чыгаруу демилгесин “Ак Жол” партиясынын төрага орунбасары Автандил Арабаев туура чечим катары баалап, Кыргызстан менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы келишим жокко чыгарылган соң артынан коалициядагы калган 11 өлкө менен түзүлгөн келишимдер деле четке кагылышы керектигин билдирген.

- Бул жерге Орусияны же болбосо бөлөк мамлекеттерди аралаштырып, алардын кызыкчылыктарын коюп, анан өзүбүздүн эгемен мамлекетибизди “кара тешик”, “бечара” дегендерди келгиле токтотолу.

Парламенттин 6-марттагы отурумунда антитеррордук коалицияга кирген 11 өлкө менен түзүлгөн келишимдерди жокко чыгарууга эки саатка жетпеген убакыт кеткен. Ал мыйзамдарга ушул апта башында президент кол коюп, ошону менен эларалык аскер күчтөрүн Кыргызстандан чыгарууга байланышкан мыйзамдык жөрөлгөлөр аягына чыкты. Базанын толук жабылышына 180 күн бөлүнгөн.

Террорчулукка каршы эларалык күчтөрдүн Ооганстандагы аракети күчөтүлүп жаткан чактагы Кыргызстандын мындай кадамын парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов ырааттуу тышкы саясаттын жоктугуна байланыштырат.

- Ошол закондорго кол койгон президент К.Бакиев тышкы саясатта эч кандай ролду ойнобогонуна да кол койду. Азыр президент К.Бакиев эч бир маселени чечпейт. Аны жадесе коңшулаш мамлекеттер да эске албайт. Ал законго кол коебу же кол койбойбу, баары бир тышкы саясатты К.Бакиев Москвага тапшырып берген.

Мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов да президент К.Бакиевдин мындай кадамын кыска ой менен жасалган иш деп эсептейт.

- 2 миллиард доллар кредитибиз турат. Ал кредиттин жарымына жакыны Американын акчасы. Ошондуктан Америка бизге дагы көп азапты тарттырат. Себеби алар муну жөн койбойт. Америка өтө чоң мамлекет. Экинчиден Америка менен Европанын бай мамлекеттери, Европанын державалары турат. Булар менен да мамилебизди буза турган болдук. Нечен аракет, нечен күч менен курулуп калган мамилебиз сууй турган болуп калды.


О.Ибраимовдун ырасташынча, демократиялык өлкөлөрдүн салкын-суз мамилесинин салакасын К.Бакиев менен анын командасы тартышы мүмкүн. Ал алгач АКШ менен Батыш өлкөлөрү элдин көбү эс алууда жүргөн чакта өтчү шайлоонун жыйынтыгын тааныбай коюшунан көрүнүшү ыктымал. Батыш өлкөлөрү Белорусия менен Л.Кучма башкарып турган кезде Укаринада өткөн шайлоону ошентип тааныбай эле коюшкан.

XS
SM
MD
LG