Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

М.Ниязов: Кыргызстан Конституцияны сактабаган өлкө


Ынтымак курултайынан оң натыйжа чыкпайт деп эсептейт саясатчы Мирослав Ниязов. Анын айтымында, бул курултайды элди сооротобуз деген жол менен өткөрүп атышат, бирок эми элди сооротой албай калды. Бул курултайдан эч кандай натыйжа чыкпайт.

- Ынтымак курултайына сиз кандай баа берип жатасыз? Чынында эле элдин келечекке үмүт-тилегин жандырган бир иш-чара болобу же баягы эле эч кандай натыйжасыз, кооз сөз сүйлөп, салык төлөөчүлөрдүн акчасын чачмай болуп калабы?

Мирослав Ниязов: Бул курултайдан эч кандай натыйжа чыкпайт. Мунун элдин баары эле билип атса керек. Эң биринчи, биз Кыргызстан азыр дүйнө жүзүндө көпчүлүк көрсөткүч боюнча эң артта калган мамлекеттин арасына кирдик. Анын ичинде Кыргызстан экономикалык, социалдык проблемалары көп, коррупция күч алган, билим берүү, ден соолукту, Конституцияны сактабаган өлкө.
Бул курултайды элди сооротобуз деген жол менен өткөрүп атышат. Эми элди соорото албай калды.


Намысыбыз, абройубуз бар болсо мындай оюндарды кылбай, жаңы кылымда мындай эски оюндарга жол бербешибиз керек. Буга ишеним деле болбойт. Бийликтин аракеттери тескери чыга турган болду. Анткени бийликтин эң башынан келген аракеттери, чыгарган демилгелери кандайдыр бир кир, ыплас жолу менен жүрүп атканы элдин баарына белгилүү болду.

Мен дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, бул курултайды элди сооротобуз деген жол менен өткөрүп атышат. Эми элди соорото албай калды. Бул курултайдан эч кандай натыйжа чыкпайт.

- Бириккен оппозиция Ынтымак курултайынын алдында, тагыраак айтканда, 20-февралда өздөрүнүн кеңейтилген жыйынын уюштурганы жатат. Анда өлкөдөгү саясий кырдаал гана эмес, экономикалык маселелер, мисалы, Түндүкэлектро сыяктуу стратегиялык ишкананын жеке менчикке сатылышы тууралуу да кеп болору айтылууда. Оппозициянын бул аракети кандай натыйжага жетиши мүмкүн?

Мирослав Ниязов: Азыркы убакта өзүнө уюштуруулар көп болуп жатат. Айрыкча аксакалдар, жаштар, жердештер жана башка бириккен уюмдар күндөн күнгө көбөйүп атат. Бул жакшы көрсөткүч. Кайдыгерликтен бошонуп, келечекти ойлонгон адамдар көбөйүп, патриоттук аң-сезими күчөп кеткени - бул бийликке ишенимди таптакыр көрсөтпөгөн, бийлик ишенимден кеткен деген нерсени белгилейт.

- Айрым саясатчылар бийлик курултайды “жасалма оппозицияны” калыптандыруу аракети менен өткөрүп жатат деген пикирлерин айтышууда. Эгер ошондой болсо бул аракеттен жыйынтык чыгабы?

Мирослав Ниязов: Азыр бийлик кандай болсо да аракет кылат. Бир бир да аракетке эл ишенбей калды. Ошон үчүн мындай жол менен элди соорото албайт да, жолго салалбайт да.

- Рахмат!

Ыңгайлуу Ынтымак курултайы. 1-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG