Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Элдик курултайдын кам-кечеги бүттү


Элдик курултай бүгүн Социал-демократтар партиясынын баш кеңсеси жайгашкан Медиа-форум комплексинин аймагында өтмөй болду. Мындай чечимди кечээ БЭКтин саясий бюросу кабыл алып, аны оппозициянын сунушун бийликтин колдобой койгондугу менен негиздеди. Курултайга өлкөнүн ар тарабынан 7 миң чамалаш киши чогулат деп күтүлүүдө.

Уюштуруу комитетинин тараткан маалыматына караганда бийликке макул эместердин колдоосунда даярдалып жаткан Элдик курултайга президент Курманбек Бакиев баштаган мамлекеттик жетекчилер, парламенттеги “Ак жол”, Коммунисттер фракцияларынын депутаттары, Эл аралык уюмдардын, элчиликтердин өкүлдөрү да чакырылды. Курултайдын катышуучуларынын коопсуздугун согуштун жана ички иштер кызматтарынын 200 чамалаш ардагери коргойт. Алардан тышкары Бишкек шаардык жана райондук милиция кол кабыш кылууну убада кылууда. Бул тууралуу кечээ маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева баштаган уюштуруу комитетинин өкүлдөрү билдиришти. Алардын айтымында Элдик курултайга камылгалар өтө чоң тоскоолдуктар менен коштолууда. Маселен 15-марттын кечинде оппозициялык “Форум” гезитинин 7 миң нускасы тартып алынып, 6 киши кармалып, кайра бошотулду. Жер-жерлерде оппозиция өкүлдөрүн белгисиз адамдар токмоктоп, кысым көрсөтүп жаткандыгы кабарланууда.


- Абдан көп тоскоолдуктар болуп атат. Жолдорду тособуз деп атышат. Гезиттер болсун, баракчалар болсун милиция күч алып атат. Ошого карабай элдин баары суурулуп ушул жакка келет деп ойлоп атабыз, - деди Роза Отунбаева.

Саясатчынын айтымында Элдик курултайга катышууну каалагандар Бишкекке бир күн мурда эле келе башташты. Алардын бири Социал-демократтар партиясынын Баткендеги мүчөсү Эгемберди Эрматов өзүнүн курултайга келген себебин минтип түшүндүрдү:

- Мен мисалы айылда турам, элдин ахыбалын жакшы билем, мисалы мурда январь айында жарыкка 200-300 сомдон төлөшсө, азыр 500-600 сомдон колдоруна кармап, эмне кыларын билбей ыйлап олтурушат. Элдин көйгөйүн ушул жерде айтып, бөлүшөйүн деп келдим.

Элдин көйгөйүн бөлүшкөнү келгенин билдирген СДПнын Таластагы координатору Тургуналиев Анарбек курултайга катышууну каалагандар жер-жерлерде өтө көп, бирок, алардын жолун биринчиден жука капчык, экинчиден бийлик тосуп жатат дейт:

- Тоскоолдуктар болду. Түндө бир нече саатка Өтмөк ашуусун жол тазаланбай жатат деген негиз менен бир нече саатка жаап коюшуптур. Бирок ага карабастан Казакстан аркылуу элдер агылып келип атышат. Келем деген кишилер абдан көп.

Бул аралыкта өлкөдө коомдук тартипке көзөмөл күчөтүлгөндүгүн ИИМ расмий жарыялап, муну алдыдагы майрамдар жана Ынтымак курултайы менен байланыштырды.

23-мартка белгиленген бийликтин Ынтымак курултайына бириккен оппозиция катышпайт, бирок, Элдик курултайдын резолюциясы Ынтымак курултайына жана ага катышкан президент Курманбек Бакиевге жолдонот деп күтүлүүдө. Бийликтин тарапкерлери ушинтип тирешпей эле Ынтымак курулайына катышып, маселени ошол жерде кабыргасынан койсо болмок деп, оппозицияны сындап жатышат.
Мындай пикирин президенттин катчылыгынын жооптуу кызматкери Илим Карыпбеков да “Ыңгайсыз суроолор” телекөрсөтүүсүндө билдирди:

- Ошол эле талаптарды ынтымак курултайына чыгарса болмок беле? Болмок. Анын ордуна элди башка жакка уюштуруп, үндөшү биздин оюбузча конфронтация жолун тандашы болуп атат.

Оппозиция болсо азыркы бийлик менен бир жыйында уй мүйүз тартып отурууга көп элдешкис позициялар тоскоол болот деп эсептейт. БЭК биринчи кезекте Конституцияга киргизилген жаңы өзгөрүүлөргө, үй-бүлөлүк башкарууга, саясий репрессияларга, стратегиялык объектилердин менчиктештирилишине жана тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы. Элдик курултайдын күн тартибине коюлган бул маселелерде азыр БЭКке кирген саясий партиялар, саясатчылар менен “Ак шумкар” партиясы баштаган башка бир катар саясий партиялар менен жарандык коомдор бир пикирде болуп атышат.

Аталган маселелерди талкуулоону максат кылган Элдик курултайды 17-март Аксы окуясында мерт болгондорду эскерүү иретинде жөө жүрүш менен коштоп, “Спартак” стадиондо өткөрүү тууралуу уюштуруу комитетинин сунушуна шаар бийлиги макул болбой койду. Стадионго автоунаалар менен жеткирейин деген шаар бийлигинин сунушун оппозиция четке какты. Оппозиция курултайын уюуштурууга байланышкан мындай маалымат алмашууларды Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрайымы Роза Отунбаева бийлик менен оппозициянын маалымат согушу деп атады.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG