Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Орус президенти Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдөн эмне үчүн күмөн санайт?


Орус президенти Д. Медведев Канададагы "Чоң жыйырманын" саммитинде сөз сүйлөп жатат. Торонто, 27-июнь.
Орус президенти Д. Медведев Канададагы "Чоң жыйырманын" саммитинде сөз сүйлөп жатат. Торонто, 27-июнь.

Орусия президенти Дмитрий Медведев Торонтодогу саммит учурунда Кыргызстанда парламенттик башкаруу идеясы кандайча ишке ашаарын элестете албасын билдириши кыргыз коомчулугунда ар кыл пикирлерди пайда кылды.

Бул боюнча биз саясат таануучу Марат Казакбаевди сөзгө тарттык.

- Марат мырза, Орусия президенти Дмитрий Медведев Кыргызстанда парламенттик модел иштеп кетишине күмөн санап жатышын сиз кандай кабылдадыңыз?

Марат Казакбаев, саясат таануучу.
- Орусия жана жакынкы кошуналарыбыз Казакстан менен Өзбекстан деле биздин парламенттик системага өтүп атканыбыз боюнча ар кыл пикирлерин буга чейин эле айтып аткан. Эң биринчиден, парламенттикпи же башка системага өтөбүзбү, бул биздин ички ишибиз. Менин оюмча, мындан Орусия, Казакстан, Өзбекстан менен мамилебиз эч кандай бузулбайт. Эми Медведевдин антип айтышы өз көз карашы. Бирок анын Кыргызстанга эч тиешеси жок.

Бирок экинчи башка маселе бар: Кыргызстан 19 жылдын ичинде президенттикпи, же аралаш системага өтөбү - биздин президенттер Акаев да, Бакиев да көбүнчө узурпатордук кылып, көп ыйгарым укуктарды өзүнө өткөрүп, конституциялык укукту бузуп келди. Ошон үчүн менин оюмча, бизге үч модел тең эле жагат. Бирок аны так, укук боюнча жасашыбыз керек. Ошон үчүн парламенттик система бизде өнүгөт. Парламент депутаттары, өлкө башчылар коррупцияга аралашпай, мыйзамды карап жакшы иштесе эле Кыргызстан өнүгөт. Бирок андан башка мамлекеттер менен болгон алакабыз, ошол эле Орусия болобу, же башка КМШ мамлекеттери болобу, биздин мамилебиз бузулбайт, мындай коркунуч жок.

- Орус президенти түштүктөгү окуяларды эске алуу менен Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн жоготуп алуу коркунучунда тургандыгын да айтып өттү. Мындай көз карашка канчалык негиз бар?

- Билесиңер, мурун деле айтып атышкан Кыргызстанда мамлекеттик бийлик жок дешип. Бирок бийлик бар. Туура айтышат, бизде көп эле маселе болуп атат, анын баарын чечиш керек. Түштүктө да кандуу окуя болуп кетти. Бирок андай окуялар бардык эле жерде боло берет да. Эмне үчүн дароо эле мамлекет жоголуп кетет деп айтышат. Мамлекет жоголбойт. Бул үчүн бизде өзүбүздүн ресурстар бар, саясий жана социалдык жактан стабилдүүлүк болуп атат. Ошон үчүн менин оюмча, азыркы бийлик түзүлдү. Бирок жарандык коом, жалпы эле жарандар колдошу керек ошонун баарын.

- Азыр Кыргызстанда бекем бийликти уюштурууга мүмкүнчүлүк барбы, болсо кандай?

- Мүмкүнчүлүк бар. Бизде өзүбүздүн саясий, экономика жагынан ресурсубуз бар. Мына референдум да өттү, эми азыркы бийлик убактылуу эмес. Бул маселе чечилди. Референдумга элдин көпчүлүгү добуш берди. Ошондуктан биздин келечегибиз, ресурсубуз бар деп айтсак болот.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG