Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Алмазбек Атамбаев: Көзүбүздү ачалы, ойгонолу…


Бириккен элдик кыймылдын төрагасы А. Атамбаев бийлик элге кас болуп, өлкөнү жарандык согушка алпаратат деп айыптоодо. Ал ошону менен катар кыргыз бийлигинин чектен чыккан мыйзамсыз аракеттерине көз жумду мамиле кылып, кош жүздүү саясат жүргүзүүдө деп АКШнын позициясын да сынга алды.

- Бүгүн башталып аткан ачкачылык акциясы каршылык көрсөтүүнүн акыркы кадамдарындай сезилет, сиз кандай деп ойлойсуз?
Бийлик өз эли менен мыйзамдуу жол менен сүйлөшпөсө, мыйзамды сыйлабаса эл аргасыз башка жолдого өтөт да...

- Акыркы кадамдары мындан да радикалдуу кетет да. Тилекке каршы, эгерде бийлик өзүнүн эли менен мыйзамдуу жол менен сүйлөшпөсө, мыйзамды сыйлабаса, эл да аргасыз башка жолдорго өтөт да. Бийлик минтип отуруп Кыргызстанды акыры Тажикстандагыдай жарандык согушка жеткирет го. Бийлик мынчалык зөөкүр, элин сыйлабас болбош керек. Кыргыздын эски сөзү бар, “ Ханды кудай урарда калкы менен кас болот”, деген. Эл башкаргандар элине душман болбош керек.

- Президенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланганда сиздер элдин колдоосуна таяндыңыздар эле. Бирок андан сиздер күткөн натыйжа болгон жок. Бул жолу кырдаал кандай болот деп ойлойсуздар?

- Элдин күнөөлөш болбойт, элге ырахмат, элибиз жакшы! Бирок элди алдагандар көп болуп атпайбы. Тилекке каршы элибиз бийликке ишенип койду. Кандай провокациялар болду. Шайлоону бурмалаган бийлик өзү камалбай, Балыкчыдан 19 киши шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылды, конституциялык түзүлүшкө каршы чыкты деп айыпталып, түрмөгө отуруп чыкты. Мунун баары калп да. Элибиз ушинтип акырындык менен бышат. Биз эл мененбиз.

- Элди коркутуп, камап жүрөгүнүн үшүн алуу ыкмалары элдин эркин сындыра алабы?

- Мен Балыкчы боюнча айта алам. Июлга караганда эл азыр кыйла бекем турат, сынган жок, кайра курчуп калды. Эл бир ойгонсо сел болуп баарын сүрүп түшөт.

- Саясий ачкачылыктан башка дагы кандай каршылык чараларын көрүшүңүздөр мүмкүн?

- Көп сунуштар, көп пикирлер бар. Биз азыр ошонун баарын талдап, ойлонуп атабыз, кайсыл жол менен барабыз деп. Башка стратегияны ойлоп атабыз. Биз шайлоодон мурда айткандай эле бийлик Кокон хандыгына айланып баратат. Мына жакында Бакиевдин баласы Кытайга расмий сапар менен барды. Президенттин баласын мамлекеттик тышкы иштер министри, каржы министри баары ээрчип барды. Кокон хандыгына айланып баратабыз, бирок буга эл жол бербейт. Павлюкту өлтүрүп, Исаковду камап, башкаларды сабап коркутабыз деген аракет шоона эшпейт.

- Борбордук Азиядагы башкаруучулардын өзүм билемдик аракеттерине Батыш өлкөлөрүнүн көз жумду мамилеси да себеп болуп жатат деген пикирлер бар, сиз кандай ойдосуз?
АКШ үчүн базанын тагдыры өйдөрөөк болду, кош жүздүү саясат болду...

- Албетте, керек болсо ачык эле көрүнүп турбайбы. АКШнын мурдакы элчиси Мари Йованович ушундай куугунтуктоо жана башка кыйын учурлардан көңүл бурбай калчу эмес да. Азыркы элчи барбы-жокпу, билинбейт. Анткени Америка үчүн базанын тагдыры элдин тагдырынан өйдөрөөк болду. Ачык айтканда кош жүздүүлүк саясат болду. Бирок АКШ келип, же орустар келип Кыргызстанды оңдоп кетет деген көз караштан алыс болуш керек. Мына азыр деле Кыргызстанды кыргыздар башкарган жок да. Мына ЦАРИни алгыла, ал жердегилер кыргыздын жарандары эмес. Кыргыз эместер кыргыздын тагдырын, кен байлыктарын чечип атат. Эл өзүнө ишениш керек. Бизди булар маңкурт кылайын деп атат. Кыргыздарды жакшы жолго жетелейт деп башка бирөөдөн күтпөш керек, өзүбүз ойгонолу, көзүбүздү ачалы.

- Маегиңизге рахмат.

Тасмада: Бишкекте ачкачылык акциясы башталды

9 адам ачкачылык акциясын баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:29 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG