Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Үч дзюдочу Парижде машыгат


Кыргызстандын алдыңкы үч спортчусу эл аралык машыгуу лагерине жөнөшөт. Бул машыгуу 2011-жылдын май айына чейин уланып, өз карамагына көптөгөн өлкөнүн атлеттерин камтыйт.

Эл аралык машыгуу лагерине Кыргызстандын алдыңкы дзюдочулары Азат Кубакаев, Чыңгыз Мамедов жана Юрий Краковецкий чакыруу алышкан. Эми бул спортчулар Францияда жашап, быйыл өтө турган Азия оюндарына жана Лондон-2012 олимпиадасына даярдык көрө баштайт.

Кыргызстан курамасы Азия биринчилигинин жарым финалында

Кичи футбол боюнча өлкө курамасы Ташкенде өтүп жаткан Азия чемпионатында алгач Таиланд менен мөрөй талашты. Биринчи бөлүктө 2:0 эсебинде ийгиликке жеткен бишкектиктер оюндун жыйынтыгында 4:2 упайы менен жеңилүүгө учурады.

Кыргызстан оюнчуларынын экинчи беттешүүсү Вьетнам футболчулары менен болуп, мелдеш 4:2 упайы менен аяктады. Ошондой эле группа ичиндеги чечүүчү таймаш Түштүк Корея менен өтүп, 4:4 эсебинде жыйынтыкталды. Натыйжада мелдештеги 16 команданын сегизи жарым финалга жолдомо алышты. Эми Кыргызстан футболчулары Жапония курамасы менен оюн талаасына чыгат. 2005-жылы Кыргызстан курамасы кичи футбол боюнча Азия чемпионатынын коло байге ээси болгон.

Алты спортчу олимпиадага аттанат

Кыргызстандын жаш спортчулары Сингапурда өтчү жаштардын 1-Олимпиадасына жөнөшөт. Азырынча олимпиадага алты спортчу жолдомо алды. Грек-рим күрөшүнөн Урмат Ааматов жана Шадыбек Сулайманов, бокс боюнча Исламжан Далибаев, сууда сүзүүдөн Дмитрий Александров жана Екатерина Лысенко, аялдар күрөшүнөн Айша Акбарова дүйнөлүк оюндарга жолдомо жеңип алышты. Алдыда дагы эки дзюдочу “жашыл карточка” аркылуу лицензия ээси болушу мүмкүн. Биринчи жаштар олимпиадасы спорттун 30 түрүнөн, 201 дисциплина боюнча өткөрүлөт.

Улуттук Олимпиада комитетинин башчысы Мурат Саралинов алдыдагы мелдештерге болгон даярдык тууралуу кеп козгоду.

- Спортчулар Олимпиада оюндарына катышуу үчүн жолдомо жеңиши абзел. Сингапур жаштар олимпиадасына тандоо катуу сынактардын негизинде жүрдү. Ага карабай алты спортчубуз лицензия жеңсе, дагы экөө жолдомого талапкер болушууда. Бул оюндарда бокс жана күрөш чеберлерине ишеним артып турабыз.

- Алдыда Кыргызстанды Гунажоу Азия оюндары күтүүдө. Даярдыктар кандай?

- Олимпиадага салыштырмалуу Азия оюндарына тандоо жөнөкөй негизде жүрөт. Бул мелдешке кайсы спортчулар бараары азырынча белгисиз. Жай мезгилинин аягына чейин федерациялар өз курамын аныктап, мыкты спортчуларын даярдашы абзел. Бирок бул жолу Азия оюндарына өткөндөгүдөй көп сандагы атлеттер барышпайт. Анда спортчулардын чеберчилиги өссүн деп алып барсак көрсөткүч аябай төмөн болгон. Бул жолу “сандан-сапатка” деген ураан менен өлкөнүн алдыңкы спортчуларын Азия оюндарына алып барууну көздөп турабыз.

Ушул жумага белгиленген спорттук иш-чаралар:

23-31-майда Астана шаарында аялдар боксу боюнча Азия биринчилиги өтөт. Ага Кыргызстандан беш спортчу катышууда.

26-30-майда Бишкекте ат спорту боюнча дүйнө Кубогунун экинчи этабы болот. Ага Өзбекстан жана Казакстандан спортчулар катышат.

27-28-майда Чолпон-Ата шаарында кол күрөш боюнча айыл өкмөттөр арасында биринчилик өтмөкчү.

29-30-майда футбол боюнча өлкө чемпионатынын оюндары болот.

«Нефтчи» - «Алга»

«Шер» (Бишкек) - «Дордой» (Бишкек)

«Химик» (Кара-Балта) - «Абдыш-Ата» (Кант)

30-майда Бишкекте бий спорту боюнча Кыргызстан биринчилиги болот.

XS
SM
MD
LG