Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

“Дордой-Динамо” АФК Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыкты


"Дордой-Динамо" Бангладеште ийгилике жетип, кийинки бөлүккө жолдомо алды. Мушкерлер менен балбандар ири мелдештен олжолуу кайтышты.

“Дордой-Динамо” АФК президентинин Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыкты.

Бангладештин Дакка шаарында АФК президентинин байгесине арналган Кубоктун группа ичиндеги оюну аяктады. Анда “Дордой-Динамо” алгач тайпэйдин «Хасус NCTPE» клубун 5:0 эсебинде жеңип, андан соң Непалдын “Нью-Роуд Тим” командасын 3:0 упайында утууга жетишти. Чечүүчү оюнда Бишкектин “Дордой” клубу Бангладештин “Абахани Лимитед” командасы менен беттешип эсеп 0:0 упайы менен аяктады. Үч оюндун негизинде Бишкектин футболчулары 8 упай топтоп, атаандаштардын гол киргизүүсүнө эч мүмкүндүк беришкен жок. Муну менен “Дордой-Динамо” алтынчы ирет Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна катышуу мүмкүндүгүнө ээ болду. “Дордой” клубу бул биринчиликтин эки жолку ээси болгон.


Бильярд спорту боюнча Кыргызстандын мыктылары тандалды

Динамикалык пирамида боюнча учурдагы дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев өлкө биринчилигинин алтын медалын тагынды. Ал финалдык таймашта Руслан Абдрахманов менен мөрөй талашты. Алгачкы оюндарда эсеп тең жүрүп бирок чечүүчү партияда Каныбек ийгиликке жете алды. Чемпионаттын үчүнчү орунуна Кубанычбек Сагындыков менен Канат Сыдыков ээ болушту.

Казакстандан үч мушкер байгелүү кайтышты

Алматыда Советтер Союзунун баатыры Сагдат Нурмагамедовдун элесине арналган эл аралык мелдеш өттү. Ага Кыргызстандан жети спортчу мушкер катышып Абдылдабек уулу Сыймык, Рахим Машрабаев, Мыктыбек Мамасалиев өз салмак категорияларында коло байге тагынышты. Турнирге ринг ээлеринин тышкары Өзбекстан, Монголия, Украина өлкөлөрүнөн спортчулар катышты. Учурда болсо Кыргызстан курамасынын сегиз мушкери Ташкен шаарында машыктыруучу Сидней Жексондун элесине арналган турнирде мөрөй талашууда. Алардын катарында Асылбек Таласбаев, Залкар Бакиров сыяктуу боксчулар мөөрөй талашууда.

Балбандар Азия чемпионатында үч медаль жеңишти

Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн эркин күрөшү боюнча Азия чемпионатында 120 килограмм салмакта мөрөй талашкан Айал Лазарев 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды. Ал эми грек-рим күрөшүнөн Калыбек Жолчубеков жана Жанарбек Кенжеев коло байгелүү болушту. Белгилеп өтсөк, буга чейин Азия чемпиону наамына Руслан Түмөнбаев, Канат Бегалиев, Данияр Көбөнов сыяктуу спортчулар жете алышкан. Бул биринчиликке отуздан ашуун өлкөнүн балбандары катышты.

Эркин күрөш курама командасынын ага машыктыруучусу Анарбек Үсөнканов чемпионаттын жыйынтыгы жана алдыдагы мелдештер тууралуу сөз кылды:

- Быйылкы Азия чемпионатында төрт жигитибиз бешинчи орунга татыды. Бирөөсү коло байге ээси болду. 84кг салмакта Айбек Усупов коло байгеге татыган. Бирок калыстардын калпыстыгынан улам ал медаль кытайлык спортчуга ыйгарылып калды. Эркин күрөш мелдешинде төрт жигитибиздин коло медаль үчүн күрөшкөнүн эске алсак бул көрсөткүч жаман эмес.

Азаттык: - Спортчуларды колдоо жагы кандай болуп жатат?

- Өкмөт колдон келген жардамын көрсөтүүдө. Спортчуларыбыз алдынкылары 10000 сом стипендия алса, калгандары 3000-5000 сомдон колдоо алып турушат. Бул коңшу Казакстан менен салыштырганда аз гана акча. Ошондуктан ар тараптуу колдоо болот деген үмүттөбүз.

Азаттык: - Эркин күрөш спортчуларын алдыда кайсы мелдештер күтүүдө?

- Июнь айында Бишкекте Кожомкул атындагы эл аралык турнир болот. Спортчуларыбыз учурда ушул мелдешке даярдык көрө башташты. Андан соң сентябрда дүйнө чемпионатына даярдык көрөбүз. Ноябрда болсо Азия оюндары өткөнү турат. Спортчуларыбызга ишенич чоң. Ийгилике жетип куржунубузга медалдар түшөт деген ойдомун.

XS
SM
MD
LG