Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:56

Дзюдо балбандары Эл аралык турнирде жеңишке жетишти


Өткөн жумада Перу өлкөсүндө тайбокс боюнча эл аралык мелдеш өтүп, анда дүйнөнүн сегиз жолку чемпиону Валентина Шевченко өлкө намысын коргоду.

Рингде Валентина Шевченко Бразилия чемпиону Мохалия Роче менен күч сынашты. Мохалия мушкерлик ыкманы жакшы денгээлде өздөштүргөнү таймаштын жүрүшүндө байкалып турду. Ал Валентинага каршы күчтүү чабуулдарды да жасоого жетишип жатты. Бирок Шевченко ага оңой атаандаш эместигин көрсөтүп, оюндун төртүнчү раундунда Рочени нокаут менен жеңүүгө жетишти. Белгилеп өтсөк Валентина өз карьерасында 26 жолу профессионалдык рингге чыгып, бардыгын тең утууга жетишкен.

Бильярдчылар үмүттү актай алышкан жок

Кыргыз бильярдчылары Москвада болуп өткөн Кремль Кубогунда күч сынашышты. Бул мелдеште өлкө намысын Зайлан Адамов, Камал Еседдинов жана Антон Нетесов аттуу спортчулар коргоп, алгачкы үч айлампада баардык атаандаштарын утуп алууга жетишишти. Бирок 16/1 финал чыгуу үчүн болгон оюнда алар Орусия жана Белоруссиянын бильярдчыларынан жеңилүүгө учурап мелдештен четтеп калышкан. Белгилеп өтсөк мелдешке Орусиянын 40 шаарынан жана 10 чакты өлкөдөн спортчулар келишкен. Ал эми Кремль Кубогунун Украиналык Ярослав Тарновеций жеңип алды.

Кыргызстандын дзюдочулар Эл аралык турнирде жеңишке жетишти

Кыргызстандын дзюдо балбандары Казакстандын Уст-Каменогорск шаарында өткөн Эл аралык турнирдин чемпиону болуп кайтышты.

Мелдештин алтын медалына 90 килограммдык оор салмактагы Чыңгыз Мамедов, ал эми кыздар арасынан 63 килограмдык салмакта Мээрим Момунова жетишти. Коло медалга 100 килограмм салмактагы Юрий Краковецкий ээ болду ошол эле маалда Айбек Бекболаев, Адилет Ботоканов, жана Жаныбек уулу Руслан алдыңкы 5 балбандын катарына кошулду.

Кыргыз мушкерлери Орусиядан эки медал утуп алышты

6-11-октябрга чейин “Санкт-Петербург губернаторунун Кубогу” үчүн болгон мелдеште Кыргызстандын намысын үч спортчу коргоду. 75 кг салмакта күч сынашкан Руслан Карипов жарым финалда орус мушкеринен жеңилүүгө учурагандыктан чемпионаттын коло медаль ээси болду. Ошондой эле 60 кг категориясынан Анарбай уулу Абдылай эки атаандашын жеңип Кубоктун үчүнчү орунуна татыды. Ал эми 54 килограммда мелдешке чыккан Медер Мамакеев тандап алуу таймашында жеңилгендиктен чемпионаттан четтеп калган.

Кыргызстандын бокс федерациясынын башчысы Абдыбакыт Халмурзаев спорттун бул түрүнүн келечегине ишенет. Алгач ал Орусияда өткөн мелдеш тууралуу сөз кылды:

- Санкт-Петербургдагы турнирге бизден үч мушкер барып күч сынашып келишти. Алар катышкан Европанын боксу Азияныкынан өзгөчөлөнүп турат. Алдыда бизди Азия оюндары күтүп жатат. Ушундай ири мелдештердин алдында биз мушкерлерибизди күчтүү атаандаштар менен ринге чыгаруу максатында Орусияга жиберүүнү чечкенбиз.

Алдыда кыргыз боксчуларын кайсы мелдештер күтүүдө?

18 жашка чейинки спортчуларыбызды 2010-жылдын апрель айында Францияда өткөнү турган жаштар арасындагы дүйнө чемпионатына жиберсек деп турабыз. Ал мелдеште алдынкы 8 орунга татыган спортчулар Сингапурда өтчү жаштардын Олимпиада оюндарына жолдомо алышат. Ал эми негизги курама команда декабрь айында Азербайжандын борборунда өткөнү турган Эл аралык бокс федерациясынын президентинин Кубогуна даярдык көрүшөт. Ага чейин республикалык деңгээлде бир нече мелдештер да өтөт.

Кыргыз боксу Орто Азия мамлекеттериндеги бокс менен салыштырмалуу кандай деңгээлде турат?

Бир нече салмактар боюнча биздин мушкерлер казак же өзбек атаандаштары менен теңме-тең күч сынаша алышат. Бирок жалпысынан айта турган болсок, Казакстан менен Өзбекстандын боксчулары күчтүүрөөк. Ал эми Азия өлкөлөрүндөгү боксчулар менен бирдей деңгээлде эле таймашып жүрөбүз. Негизинен Кыргызстанда таланттуу балдар көп. Баардыгыбыз биригип иш жүргүзсөк Олимпиада чемпиондорун өстүрүп чыгарабыз деп ойлойм.

12-18-октябрга белгиленген спорттук иш-чаралар

12-18-октябрда Улуттук футбол борборунда кыз-келиндер командаларынын арасында өлкө чемпионаты болот.

14-16-октябрда республикалык ат спорту мектебинде Challenger Кубогу үчүн мелдеш өтөт. .

16-17 октябрда тенис борборунда ардагерлер арасында стол тениси боюнча Кыргызстан чемпионаты болмокчу.

16-18-октябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда, балбан Раатбек Санатбаевдин элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт.
XS
SM
MD
LG