Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Баскетболчу айымдардын эл аралык мелдештеги жеңиши


Казакстандын Түркестан шаарында Улуу Ата мекендик согуштун 65 жылдыгына арналган турнир өттү. Анда Кыргызстандын баскетболчу кыздары алгач Казакстандын Улуттук лигасындагы “Тараз” клубун 58:46 упайында жеңип, экинчи беттеште Өзбекстандын “АГМК” командасын 41:34 айырмачылыгында утуп алды.

Акыркы таймашта Кентау шаарынын баскетболчуларынан 30 упай алдыга озуп чыкса, чечүүчү оюнда Казакстандын жаштар курамасын 64:44 эсебинде утуп мелдештин чемпиону болду.

И.Артыков Азия чемпионатынын байге ээси

Өзбекстандын Ташкен шаарында жаштар арасында оор атлетика боюнча Азия биринчилиги аяктады. Анда 56 кг салмакта Изат Артыков мөрөй талашып, 223 кг салмакта багынттуу менен коло байгеге татыды. Чемпионатка Казакстан, Корея, Жапония, Сингапур, Сирия баштаган 24 өлкөдөн 200 чакты балбандар катышкан. Ошондой эле бул Азия биринчилигинде өспүрүмдөр арасында эки спортчу өлкө намысын коргошууда. Анда ийгиликке жеткен атлеттер Сингапурда өтчү жаштар арасындагы биринчи Олимпиада оюндарына жолдомо алышат.

Кыргыз спортчулары Казакстанда


Дзюдо спортунун чеберлери Казакстандагы эл аралык турнирлерде мөрөй талашууда. Чымкент шаарында өткөн турнирде 90 кг салмакта Болот Токтогонов мөрөй талашып алтын медал ээси болду. Эми дзюдочу жаштар арасындагы Азия биринчилигинде Кыргызстандын намысын коргойт. Ошондой эле Павлодар шаарында Батырбек Сейсенбаевдин элесине арналган эл аралык мелдеш өттү. Анда Кыргызстандын беш дзюдочу айымы байгелүү орунга татыды. Елена Исакова менен Елена Проскуракова алтын, Мээрим Момунов жана Нагира Сарбагышева күмүш, ал эми Динара Кахарова коло байге ээси болушту.

Спорт тармагына жаңы жетекчи

Кыргызстандын алдынкы спортчулары, машыктыруучулары, ардагерлери жана бир нече федерациялар спорт агенттигинин буга чейинки ишмердүүлүгүнө нааразы болушту. Алардын баамында бул жааттагы кемчиликтердин башкы себеби спорт жетекчилигине бул тармакка тиешеси жок адамдардын келгендигинде деп билдиришти. Акыркы беш жылда бул агенттикттин төрт башчысы алмашкан. Ал эми 20 жылдын ичинде 20 жетекчи которулган.

Мурат Саралинов жана Канат Бегалиев
Бээжин олимпиадасынын күмүш медал ээси Канат Бегалиев “бул тармакка спортту жакшы билген жетекчи керек” деп билдирди.

- Кыргызстандын спортчулары жана машыктыруучулары жылаңач баатырлар. Алар каражаттын жетишсиздигине карабай өлкө намысын коргоп келишет. Бүгүнкү күндө спорт тармагынын башчысы аны жакшы билген адам болуш керек. Себеби спорт аркылуу дүйнө элине өзүбүздү тааныта алабыз. Спортчуларды түшүнгөн, маңдай тери менен ишти аткара билген жетекчи керек. Алдыда бизди Азия оюндары, дүйнө биринчилиги сыяктуу чоң сыноолор күтүүдө. Ал таймаштарда күчтүү жана жаңы башчынын күчү менен ийгиликке жетсек болот.
XS
SM
MD
LG