Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:03

Артур Улунян: АКШ Кыргызстанга байкоо салууда


АКШнын президенти Барак Обама Кыргызстандын лидери Роза Отунбаева менен 24-сентябрда Нью-Йорктогу жолугушуусун утурлай орусиялык саясат талдоочу Артур Улунян “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Жакынкы сааттарда президенттер Барак Обама менен Роза Отунбаева жолугат. Бул жолугушууга сиз кандай баа бересиз?

А.Улунян: Бул – Кыргызстан президенти менен АКШнын лидеринин алгачкы жолугушуусу. Белгилүү болгондой, АКШнын бийлиги кайсы бир ишмер менен баарлашкысы келбесе, же андай ишмердин артында демократиялык эрежеге дал келбеген имиш жүрсө, анда андай кишилер менен жолугушуудан качкан учурлар чанда эмес.

Бул жолку жолугушууга айрыкча Вашингтон кызыкты. Мындан улам Кыргызстан менен Борбор Азияда кырдаал дурус эместигинен кабар берет. Кыргызстан менен Тажикстанда коопсуздук жана саясий абал аймактык деңгээлде татаал болгонунан улам кызыктырары жашыруун эмес.

Шайлоо алдында АКШ менен Кыргызстан жетекчилеринин жолугушуусы кыйла нерседен кабар берет. Себеби АКШнын мамлекеттик департаментинде Кыргызстандагы ички саясий процесске өтө кызыгуу менен байкоо салып, алдыдагы парламенттик шайлоого, демократиялык тенденциянын багытына үмүт байлашууда.

Парламенттик шайлоо көңүл чордонунда болуп, андан кийин кырдаал аларды кызыктырууда. Акыры барып, ооз барбайт, ошентсе да Борбор Азиядагы демократиянын көшөгөсү болгон Кыргызстан бар болобу, же жок болобу деген маселе турат.

- Кыргызстан АКШ үчүн да, Орусия үчүн да маанилүү өлкө дешет. Ушуну сиз кандай түшүнөсүз?

А.Улунян: Кыйладан бери Кремль мурдагы советтик республикаларга кызыгуусун жашырбай келген. Албетте мурдагы советтик өлкөлөр эми өзүнө жаңы өнөктөштөрдү издөөдө. Ошондуктан азыркы тапта адегенде Кыргызстандын өзүнүн кызыкчылыгы болушу толук мыйзам чендемдүү. Кыргызстан үчүн баарынан мурда НАТОго стартегиялык өнөктөш болуу жигердүү маселе болуга тийиш. Европа менен АКШ үчүн Кыргызстан анчалык жүрөк учундагы мамлекет эмес. Эч кандай деле жашыруун кеп эмес, маселен, алар кезегинде абдан чоң үмүт менен Өзбекстанга, андан соң Казакстанга карап көрүштү. Кыргызстан чакан мамлекет болгондуктан ага стратегиялык же аскерий эмес, саясий жактан абдан аз көңүл бурулуп келди.

XS
SM
MD
LG