Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:43

Экономика болжолу: 2005-жылдын сценарийи кайталанбайбы?


Бийлик алмашуусун кыйлага коштогон саясий башаламандыктын салакасы биринчи иретте өлкө экономикасына тиет. 2005-жылы Кыргызстан экономикасы кургуйга кулап түшөргө аз-аз калганы элдин эсинде. Экономикалык кризистен оңоло албай жаткан Кыргызстандын экономикасы бул ирет кандай шартка кабыларын болжош кыйын.

Таланды, тонолду, бирок тактала элек

Кезектеги элдик ыңкылаптын айынан канча ишкерлер кандай зыян тартышканы тууралуу азырынча так маалымат жок. Салыктар жана жыйымдар мамлекеттик кызмат төрагасынын милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиевдин маалымдашынча, ушу тапта келтирилген зыяндардын өлчөмү атайын түзүлгөн комиссия тарабынан такталууда. Анын жыйынтыгына карап убактылуу өкмөт 2010-жылдын бюджетине өзгөртүүлөр киргизмекчи.

А.Касымалиев быйылкы жылдын 3 айында салыкчылар 2 миллиард 140 миллион ашуун сом акча жыйнашканын айтып, жыл аягына чейин белгиленген чекке жетүүнүн аракети көрүлүп жатканын белгиледи.

- Мен дагы бир жолу айтып кетет элем, азыр биз иликтеп атабыз. Кошумча кайсы жерден түшүрсө болот. Чынын айтканда көпчүлүк ишканалар жапа чегип калды. Ошол ар бир ишкана менен иштейбиз. Быйылкыга канча болот, канча продукция чыгарат, ошого жараша биз өзүбүздүн сунуштарыбызды беребиз.

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси биртоп ишканаларды текшерүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы жакынкы аралыкта жарыя кылынарын ырастады. Ушул эле ойду Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орунбасары Алмазбек Атамбаев да атайын белгилеп, мурунку бийликтин иш-аракети кылдат текшериле тургандыгын билдирген.

- Биринчи күндөн баштап маселенин баарын көтөрөбүз. Керек болсо Улуттук банктын Жалал-Абаддагы филиалын ошол эле М.Конгантиев, Ж.Бакиев талкалап кеткен акчасын уурдап, ал маселени да көтөрөбүз. Бүт тыйынына чейин эсептейбиз.

А.Атамбаев Кыргызстандын бажы кызматы былтыркы көрсөткүчүнөн эки эсеге арбын акча жыйноо тапшырмасын алганын маалымдаган.

Кыйынчылыктан эл чыгат

9 жылдан бери соода-сатык менен алектенип келаткан Гүлкайыр Жумалиева өлкөдөгү калтыс абал жайына түшсө экономикада сөзсүз өнүгүү башталат, деген пикирде.

- Мен ошо темирди бир үйдүн акчасы, үйүм жок болсо да темирди биринчи сатып алдык. Себеби оокатыбызды кылалы, ордубуз болсо соодабыз болот деп. Мен анткени ишенем, 84 адамдын өмүрү, өлүмү жөн эле кеткен жок деп. Аны текке кетирип алыш биздин колдон.

Бийлик алмашуусун бучкактаган башаламандыктын создугуп баратышы ансыз деле экономикалык кризистен чыга албай турган өлкөнү оор ахывалга алып келери турулуу иш. Анткен менен, 2005-жыл менен азыркы кезди салыштырып болбойт. Экономика илим кандидаты Жумабек Жаиловдун айтуусунда, 2005-жылга чейин Кыргызстандын экономикалык өнүгүш ырааты кыйла жогору эле. Быйыл болсо Кыргызстан экономикасы былтыркы 2,3% өнүгүү ыраатынан өйдөрөөк көрсөткүчкө жетиши мүмкүн.

- Себеби ансыз деле экономика өзү түбүнө жетип турат. Ошон үчүн жаңы Убактылуу өкмөт айткандарын аткарса, кредиттерди арбын алып келсе, экономикага көңүл бурса мен ойлойт элем, жок дегенде быйылкыга пландаштырылган, болжолдонгон темптерин сактап калганга мүмкүнчүлүктөрү бар депчи.


Мамлекеттик салык кызматы быйыл 26 миллиард ашуун сом, андан арбыныраак акчаны бажы кызматы чогултушу керек. Убактылуу өкмөт бул акчаларды эки эсеге көтөрүү тапшырмасын коюуда. Антип жаңы өкмөттүн батыл экономикалык милдеттерди жүктөп атышына келер-келбеси арсар калган орусиялык 1 миллиард 700 миллион доллар кредиттин бөлүнүп калыш ыктымалдыгы да себеп болууда. Ал эми орусиялык 300 миллион доллар карыз акчанын кыйласын Максим Бакиев коммерциялык банктарга бөлүштүрүп бергени эми ачыкка чыгууда.

Мурдагы президенттин сүйгүнчүк уулунун айланасына топтолгон шылуундардын бюджеттик акчаларды, өкмөттүн атынан алынган сырт инвестицияны мамлекет менен ишкердик өнөктөштүгүнө кантип айлантышынын сыры бир четтен эми чубалат. Ошентип жаңы өкмөттүн кыйла убакты-сааты кызматын таштай качкан мамлекет башчысы менен жакындарынын коррупциялык көз боемочулуктарынын сыр түйүнүн чечүүгө арналат окшоп калды.

XS
SM
MD
LG