Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Милиция иштеп жатат, полиция жөнүндө мыйзам даярдалууда


7-апрелдеги калаймандан кийин ички иштер кызматкерлери Убактылуу өкмөт, министрлик алдына айлык маянаны көтөрүү, социалдык жеңилдиктерди түзүү талабын коюшкан.

Кыргызстандын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Б.Алымбеков милиция кызматкерлеринин айлык маянасын 80% жогорулатуу аракети көрүлүп жатканын, бул үчүн бюджеттен 555 миллион ашуун сом талап кылынарын билдирди. Элдик козголушта 700 ашуун ички иштер кызматкерлери жарадар, эки курсант каза болгон.

Маалымат жыйынында Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Бактыбек Алымбеков калаймандан ички иштер кызматкерлери да зыян тартканын, аларга материалдык-моралдык колдоо көрсөтүлүп жатканын ырастады. Экинчи ирет күч менен бийлик алынгандан кийин Жалал-Абаддагы милиция кызматкерлери ишке чыкпай тургандыктарын билдирип, айлык маянасын көбөйтүү талабын коюшкан. Учурда милиция кызматкерлер маянасына деп 39 миллион сом бөлүнгөнү кабарланды.

Кызматтык формасын ачык кийип чыгуудан тартынган тартип сакчыларынын басынышынан азырынча кылмыштуу дүйнө гана пайда табууда. Ишкерлерди барымтага алуу, капчыктуулардан акча өндүрүү көнүмүшкө айланып баратканы көп айтылууда. Бирок да Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Бактыбек Алымбеков тартип коргоо органдары мурдагыдай эле иштеп жатышканын, алар койгон талаптарды аткаруу аракети көрүлүп жатканын маалымдады.

- Жалпысынан биздин айлыгыбызды 80% көтөрүү боюнча эсептерибизди чыгарганбыз. 1 жылга эгер биздин айлыгыбыз 80% көбөйсө 555 миллион 890 миң сом каражатты талап кылат экен.

Б.Алымбеков тополоң учурунда көпчүлүктүн колуна түшүп калган куралдардын 30% жакыны кайтарылганын, абыдан көп курал-жарак жоголгонун, аларды издөө, табуу иштери дагы улантыларын айтты. Ички иштер министрлигинин мурдагы жетекчиси Молдомуса Конгантиевди Таластагы тополоңдо токмоктогондор иликтенип жатканын кабарлады.

Ал ошондой эле жакында Кара-Суу, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда табылган Түштүк Кыргызстан автономиясын түзүү жөнүндөгү чакырык баракчаларды кимдер таратып жатышканын иликтөөчү атайын топ түзүлгөнүн, бул эларасын чабыштырууну көздөгөндөрдүн аракети экенин маалымдады.

Бактыбек Алымбеков ведомстуктар ортолук оперативдүү иликтөө тобу түзүлүп, кылмышка шектүү делген мурдагы президент К.Бакиевге жакын адамдарды кармоо боюнча иш жүргүзүп жатышканын, Башкы прокуратура президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан кылмышты иликтөөгө киришкенин билдирди.

Антип кылмышка шектүү делген мурдагы бийлик ээлеринин экс-президенттин айылы менен Жалал-Абад, Ош шаарларына ээн-эркин каттап жүрүшкөн чагында кармалбай калышынын себептери кызматтык иликтөөгө алынып, тийиштүү кызмат адамдары ишинен бошотулганы кабарланды.

Маалымат жыйынында 2009-жылкы президенттик шайлоодо көз-көрүнөө мыйзам бузууларга каршы чыгышкандарды жазага тарткан Балыкчыдагы сот иши кайрадан карала тургандыгын Ички иштер министринин орунбасары Кубаныч Кадыров жарыя кылды.

- Ал иш туура эмес козголгону бүгүнкү күндө билинип атат. Бул боюнча материалдар сотко берилди. Кудай буюрса, сот аны жакын арада карап өзүнүн туура чечимин берет болуш керек.

Айрым укук коргоочу бейөкмөт уюмдар 7-апрелдеги калабада калк колуна курал-жарактын тийип калышына Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздук кызматынын тиешеси бардыгын, бекем кайтарылбаган курал-жарактын тополоң болуп жаткан жерге коопсуздук кызматкерлери тарабынан алынып барылганын билдиришүүдө. Б.Алымбеков ал тууралуу азырынча жыйынтыктуу пикир айта албастыгын, курал-жарактардын элдин колуна тийип калышынын чоо-жайы иликтенип жатканын маалымдоо менен чектелди. Ал: “Биздин өзүбүздүн ички кызматыбыз иликтөөлөр жүргүзүп жатат. Ар бирине өзүнчө иликтөө жүргүзүлөт. Анан жообу берилет. Чаралар көрүлөт”, деп айтты.

Учурда министрлик тарабынан милиция эмес, полиция тууралуу мыйзам даярдалып жатканын кабарланды.

Милиция айлыгын жогорулатуу аракети көрүлүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00

XS
SM
MD
LG