Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

“Ак шумкар” эмне үчүн каттоодон өтпөй жатат?


Темир Сариев -- "Ак шумкар" партиясынын төрагасы
Темир Сариев -- "Ак шумкар" партиясынын төрагасы

Адилет министрлиги “Ак шумкар” партиясын төрт айдан бери кайра каттоодон баш тартууда. Айрым саясий серепчилер муну атайын жасалган тоскоолдук катары баалашып, бул оппозиция менен бийликтин тирешүүсүн күчөткөн талаш болоорун белгилешүүдө.

“Ак шумкар” партиясы кайра катталууга арызды өткөн жылкы курултайында Уставы менен башкаруу түзүмүнө өзгөртүү киргизилгендигине байланыштуу берген. Андан тышкары курултайда партиянын аталышынан “демократиялык бирдиктүү кыймыл” деген сөз алынган болчу. Мындай өтүнүчүн Адилет министрлиги “Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо тууралуу” өз жобосуна таянып партияны кайра каттоодон баш тартып жаткандыгын жалпыга маалымдоо каражаттарына тараткан билдирүүсүндө жарыя кылды. Министрликтин аталган жобосу боюнча партия өз мүчөлөрүнүн аты-жөнү, жашаган дареги жөнүндө маалыматтарды тизмелеп берүүгө милдеттүү экен.
“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариевдин айтымында, бул Кыргызстандын Конституциясынын 14-беренесине жана “Саясий партиялар” жөнүндөгү мыйзамга карама-каршы келет:

- Кыргызстандын Конституциясы жана “Саясий партиялар” жөнүндөгү мыйзамына ылайык, мындай маалымат берилбейт. Биз партиянын башкаруу органдарынын жетекчилеринин аты-жөнү, дарегин беребиз десек министрлик өзүнүн жобосуна шылтоо кылып жатат. Ал жобо мыйзамга жана Конституцияга карама-каршы келет. Менин оюмча, мунун максаты биздин партияны кайра каттоодон өткөрбөө. Анан өткөрсө да ошол тизме боюнча барып партиянын ар бир мүчөсү менен сүйлөшүп, коркутуп-үркүтүүгө алуу, же болбосо миңдеген кишинин арасынан бирин таппай калса жалган тизме берди деген шылтоо менен каттабай коюу аракети болуп жатат. Бул оппозициялык көз карашта турган партияларга тоскоол кылуу амалы.

Партия жетекчилиги партия мүчөлөрү тууралуу маалыматты талап кылуу адам укугун бузуу экендигин билдирген катты Премьер-министр Игорь Чудиновго жолдоду. Анын мазмуну тууралуу Темир Сариев буларга токтолду:

- Адам тууралуу конфиденциялдуу маалымат эч качан чогултулбаш керек. Бул адам укуктарын бузуу. Анткени Конституцияда маалыматты эч ким чогулта албайт, аны атайын органдар зарыл болгондо гана чогултат деген жобо жазылып турат. Экинчиден, Кыргызстандын ар бир атуулу өзү каалаган саясий партиянын мүчөсү боло алат. Аларга эч кандай тоскоолдук жана бөгөт коюлбаш керек деп билдирип, эгер өкмөт башчы мыйзам талабы так аткарылсын деген чечимге келбесе партия Адилет министрлигине каршы сотко доо арыз берүүгө даяр.

Кыргыз парламенти “Саясий партиялар жана коомдук уюмдар жөнүндө” 1999-жылкы мыйзам азыркы учурдун талабына жооп бербей калды деп, өткөн жылы “Саясий партиялар” жөнүндө жаңы мыйзамды кабыл алган. Ал жаңы Конституцияга, тактап айтканда, мыйзам чыгаруу бийлигин партиялык система менен шайлоо жобосуна ылайык даярдалып, саясий партияларды түзүү үчүн бир топ талаптарды аткарууга милдеттендирген. Маселен, партияны түзүү үчүн аны уюштуруу курултайына ар бир облус жана Бишкек, Ош шаарларынан 50дөн кем эмес демилгечинин катышышы жана региондордогу мүчөлөрүнүн саны 200дөн ашык болушу башкы талап.

Андан тышкары партия программасын аткарбай койсо аны каттоого алган мамлекеттик орган ишин токтотом десе макул болууга милдеттүү. Бирок мыйзамдагы мындай жоболорго президент каршы болуп ветосун койгон жана аны Жогорку Кеңеш кайра карай элек.

Саясат талдоочулардын айрымдары Адилет министрлигинин “Ак шумкар” партиясын кайра каттабай жаткандыгына мына ушул жагдай түрткү бериши мүмкүн десе, бир даары мунун артында саясий куугунтук турат деп баалап жатышат. Алардын бири Марат Казакбаев мындай дейт:

- Бул туура эмес, мыйзамсыз. “Саясий партиялар” жөнүндөгү эски мыйзам боюнча “Ак шумкарды” кайра каттоого алыш керек. Анткени булардын документтери даяр. Адилет министрлигинин кошумча маалыматтарды талап кылышы туура эмес. Менимче, бул атайын жасалып жаткан тоскоолдук.

Ал эми Адилет министрлигинин мамлекеттик каттоо боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Болот Саипов каттоого алынбай жаткандыгынын себеби тууралуу маалыматты министрлик кагаз жүзүндө берүүгө даяр экендигин билдирип, “Азаттык” үналгысына түшүндүрмө берүүгө макул болгон жок.


XS
SM
MD
LG