Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 14:25

Башкы прокуратураны "баккан" акча


Башкы прокуратура.

Башкы прокуратурага бекитилген бюджеттен сырткары каражат бөлүнүп берилгени сынга кабылды.

Жогорку Кеңеште депутат Жанарбек Акаев башкы көзөмөлдөөчү орган өкмөттөн кошумча 100 миллион сомдон ашык акча алганын айтып чыкты.

Өкмөт муну "прокуратура органдары мамлекетке өндүргөн каражаттын 30 пайызын алат" деген мыйзамдагы жобо менен түшүндүрүп жатат. Бул маселе ушул жылдын башында да көтөрүлгөн.

Жогорку Кеңеште 15-ноябрда республикалык бюджетке байланыштуу мыйзам долбоорлору талкууланып жатканда депутат Жанарбек Акаев Башкы прокуратурага берилген акчага байланыштуу маселе көтөрдү. Ал социалдык адилетсиздик болуп жатканын айтты:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Мухаммедкалый Дүйшекеевич, сиз жакында өз токтомуңуз менен Башкы прокуратурага бюджеттен сырткары кошумча 112 миллион сом бөлүп бердиңиз. Мамлекетке өндүрүлгөн каражаттын 30 пайызын прокуратура алганына таң калам. Мыйзамда аларга бул акча “сөзсүз берилиши керек” деген жери жок. Коррупция менен күрөшүү - алардын иши да? 100 миллион сом деген чоң акча! Эгер үй бүтпөй жатса Мамлекеттик ипотекалык компанияга айлыгы, үйү жок экени жөнүндө маалымдамаларды тапшырып, мугалимдерге, дарыгерлерге окшоп эле кезек күтүп алышсын. Мен ушуга чейин жакыр, батирлеп жүргөн прокурорду көрө элекмин.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башкы көзөмөлдөөчү органга бюджетте каралган каражаттан сырткары да акча берилгенин ырастады. Ал коррупциялык иштерден түшкөн акчанын кайсы бир бөлүгүн берүүгө байланыштуу маселе талкууланып жатканын айтты.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, Башкы прокуратуранын бюджети барган сайын көбөйүп жатат жана бир жылдык бюджети болжол менен 600 миллион сомду түзөт. Прокуратура органдарында жалпысынан 800гө жакын адам иштейт.

Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев бюджеттен сырткары кошумча акчанын берилишин туура деп эсептейт.

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

- Башкы прокуратуранын 2018-2019-жылдагы бюджети бекитилген план боюнча өзгөртүлгөн жок жана 600 миллион сомдун тегерегинде, - деди ал. - Бардык эле мамлекеттик ишканаларда, Мамлекеттик салык кызматында, Мамлекеттик бажы кызматында өздөрү тапкан, атайын эсепке түшкөн акчадан 25-30 пайызга чейин алып калганга уруксат берилет. Булар ушул акчаны алыш үчүн бизге макулдашууга келишет. Биз макулдугубузду беребиз. Бул акча аларга сыйлык катары бергенге, стимул кылганга, социалдык объектилер маселесин чечкенге жумшалат. Мен муну туура көрөм, анткени булардын маянасы аз.

Башкы көзөмөлдөөчү органга кошумча акча берилгени боюнча жазында да талаш-тартыш чыккан.

Былтыр күзүндө ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Башкы прокуратураны кошумча каржылоо тууралуу буйрук чыгарган жана Финансы министрлигине бекитилген бюджеттен сырткары 250 миллион сом бөлүп берүүнү тапшырган. Бул маалымат ушул жылдын башында капысынан билинип калган. Өкмөт муну "прокуратура органдары мамлекетке өндүргөн каражаттын 30 пайызын алат" деген мыйзамдагы жобо менен түшүндүргөн.

Ага ылайык, Башкы прокуратура "Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү "Альфа-Телеком" акционердик коому менен "Brasfortlimited" компаниясынын ортосунда түзүлгөн насыялык келишимдин негизинде мыйзам бузуу болгонун аныктаганы, 5,5 миллиарддай сом өлчөмүндө мамлекет тарткан зыяндын орду толтурулганы айтылган.

Натыйжада 250 миллион сомдун 47 миллион сому берилгени маалым болгон. Башкы прокуратура бул акчаны сот жараяндарына катышкан 200дөй прокурорго форма тиктирүүгө, "Кылмыштардын электрондук эсеп-кысабы" деген автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизүүгө жана аймактардагы прокурорлор үчүн кызматтык автоунаа сатып алууга жумшаган.

Быйыл жыл башында коррупция боюнча козголгон кылмыш иштеринин негизинде өндүрүлгөн акча түшө турган атайын эсеп ачылган. Коррупцияга каршы ишкер кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова эсепке түшкөн акчанын суммасы гана айтылып, каражаттын чоо-жайы тууралуу маалымат жабык болуп жатканын сынга алды:

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

- Ошол акча кайдан, кайсы коррупциялык иштен кандай болуп өндүрүлдү, чын эле корруциялык ишпи? Мына ушунун баарын ачыкка чыгармайынча, коомчулукта органдардын айлыгына нааразылык боло берет. Ошондуктан биринчи кадам жасалгандан кийин экинчиси да жасалышы керек. Баарын ачыкка чыгаруу зарыл. Атайын эсепке түшкөн акча кимден келди, кайсы коррупционерден өндүрүлдү - аты айтылбай жатат. Акча кымырылып жаткан соң аны өндүрүү боюнча соттун чечими болушу керек. Соттун чечими болмоюнча зыянды толтуруу мүмкүн эмес. Соттун чечими болгондон кийин аны ачыкка чыгарыш керек.

​Расмий маалымат боюнча Башкы прокуратура атайын эсепке жалпысынан 120 миллион сомдон ашык акча которгон. Анткен менен кийинки убакта прокуратура органдарындагы коррупция, паранын көлөмү боюнча коомчулукту айран таң калтырган окуялар болгону да белгилүү.

Жайында УКМК Башкы прокуратуранын Мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жатканда колго түшкөнүн кабарлаган.

2015-жылы Башкы прокуратуранын ошол кездеги Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев "Карганбек Самаковго байланыштуу ишти жабууга убада берип, анын жакындарынан 100 миң доллар пара доолаган" деп айып менен камалган жана 14 жылга эркинен ажыратылган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG