Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Акүйгө жүрүш «Форумдун» жанынан башталды


Бишкектеги нааразылык Горький-Алматы көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Форум» ишканасынын жанында башталды. Эртең менен «Форум» алдында өтүүчү элдик жыйындарга келгендердин бир да бирөө ичкериге өткөрүлгөн жок. 6-апрелден 7-апрелге караган түнү оппозиция лидерлери камакка алынып, жер-жерлерде өтүүчү Элдик курултай тынч башталып, аягы күрөш-тиреш менен бүтүп, нааразы болгон көпчүлүк Ак үйдү көздөй агылды.

Тынч жыйын уланбай калды

Түнү бою коопсуздук кызматкерлери оппозиция лидерлерин үй-үйлөрүнөн кармап кетишкенин “Интербилим” уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева “Форумдун” алдындагы аянтта өтчү Элдик курултай алдында журналисттерге маалымдады.

- Биз барсак спецназдар, машинелер, аскер өңдөнгөн машинелер токтоп туруптур. Үч жүзгө жакын милиция, СНБ, жөн-жай кийинип алган кызматкерлер ошол жакта турушуптур. А.Атамбаевдин жактоочуларын милициялар акырындап-акырындап түртүп салышты.

Көчө боюндагы аялдамада башталган элдик курултайда негизинен бир талап - оппозиция башчыларын бошотуу талабы жаңырыктап турду.

- Эч ким оппозиция лидерлерин камалган жок деп атат. Ошол эле кезде камалды деп берилип атат. Бийлик бирди айтып, экини жасайт.

Бейөкмөт, коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева оппозиция башчыларын коопсуздук кызматкерлеринин шашылыш камакка алышы мыйзамга да, жөнөкөй адамгерчиликке да сыйбай тургандыгын белгиледи.

- Бүгүн түнү менен башкесерлик кылып бийлик өз элине ок атып атат. Буга жол бербейбиз!

Элдик курултайды кабар кылбай көчө боюнда баштоо мыйзамга кайчы келерин Бишкек шаарынын Октябрь райондук акими Союзбек Салиев чогулгандар алдында атайын эскертти.

- Тарап кетиңиздер! Сиздер кабар берген эмессиздер. Мен Октябрь районунун акими болом. Сиздер жергиликтүү бийликти, бизди кабардар кылганыңыздар жок.

Анын оюн улап райондук прокуратуранын өкүлү да жыйын мыйзамсыз өтүп жатканын белгиледи.

- Азыр сиздер курултай деп атасыздар. Бул жерде курултай өтөт деп кайсы жерде кулактандыруу берилген?

Парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Ирина Карамушкина курултай тууралуу эркин маалымдоо каражаттарында кабарланганын айтты.

Биринчи ок атылды

Бирок ага карабастан, жыйын жүрүп жаткан учурда аны төрт жагынан курчаган милиция кызматкерлери акцияга чыккандарды бир четтен кармап, автобустарга сүйрөй баштады. Ошондо буга чейин сабыр кылып турган көпчүлүк дуу козголуп, жыйын катышуучуларын иргебестен эле бир четтен автобустарга сүйрөй баштаган милиция кызматкерлери менен тиреше түштү. Ызы-чуу, чаң-тополоң башталып, артка чегинген милиция кызматкерлери атайын куралдардан бадыратып ата баштады.

Бирок да көпчүлүктүн жаалынан корккон ички иштер кызматкерлери артка чегинип, ачуусу келген адамдар аларды кубалап, качууга үлгүрбөй калгандары таяк жеп, тынч жагдай колдон суурулуп, ызы-чуу, будуң-чаң башталды да калды. Болжол менен 6-7 миңдей адам Акүйдү көздөй сүрүлүп жөнөгөндө аларды Алматы көчөсүнүн темир жол көпүрөсүнүн алдында атайын даярдыктагы коопсуздук кызмат аскерлери тосту. Жаалданган көпчүлүктүн колуна окчонтою толо ок салынган автоматтар менен пулемет мына ушул жердеги кагылышууда тийди. Сүрүлгөн көпчүлүктү атууга атайын кызмат адамдарына автомат, пулемет октору кенен берилген экен. Жолдо агылган көпчүлүккө башка куралдуу каршылык көрсөтүлгөн жок. А бирок Акүйдүн алдына келген көпчүлүктү дагыле шайма-шай куралданган күч кызмат өкүлдөрү желим ок, көздөн жаш агызчу гранат, ок менен тосуп алды. Ушу саатта да тирешүүлөр уланууда.

XS
SM
MD
LG