Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан белгилүү оор атлетчи, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиадалык оюндардын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине эл аралык мелдеш быйыл жыйырманчы экинчи ирет өткөрүлүп, жеңүүчүлөрү аныкталды.
Бул жолу чоюн билек балбандардын таймашуусуна Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын тандалган оор атлетчилери катышты.
Жеңил салмакта Кыргызстандын намысын коргогон токтогулдук Элзат Артыков бардык аттандаштарын утуп, баш байгенин ээси болду.
62 кг. салмакта жаштар арасында Азия чемпиону, бишкектик Султан Молдодосов он тогузга толо элек болсо дагы чоңдор менен таймашып, Каныбек Осмоналиевдин колунан баш байгени алууга арзыды.
Султан жулкуп көтөрүүдө 115 кг. салмакты багындырса, түртүп көтөрүүдө 135 кг. салмак менен биринчи орунду ээледи. Ал декабрда Дубайда өтө турган жаштар арасындагы Азия чемпионатына кыргызстандык балбандарды баштап бармакчы.
69 кг. салмактагы атаандашууларда мыктылар иргелип олтуруп казакстандык Арсен Эсилбаев жеңиштин бийик секисине көтөрүлдү. Ал 105 кг. оордукту жулкуп, 135 кило салмакты түртүп көтөрдү. Мында казакстандык Асхат Нуржанов менен Перт Турчин күмүш жана коло медаль ээлери болушту.
Ал эми 77 кг. салмакта казакстандык Дархан Көбөгөн бардык аттандаштарын утуп, 125 кг. салмакты жулкуп, 140 кило оордукту түртүп көтөрүп, биринчи орунду ээледи. Бишкектик балбандар Талант Жунусалиев менен Илим Азимжан уулу экинчи жана үчүнчү орундарды камсыз кылышты.
85 кг. салмакта баш байгени казакстандык Эрбол Мейрманов утуп, 145 кг салмакты жулкуп, 165 кг оордукту түртүп көтөрүп, чеберчилиги менен таанылды. Бул салмакта экинчи орунду да казакстандык Андрей Леонов ээлесе, үчүнчү орунга оштук Алексей Абдуллаев татыктуу болду.
Ошондой эле 94 кг. салмакта да казакстандык Дмитрий Низов жогорку чеберчилигин көрсөтө алды. Ал эки көнүгүүнүн жыйынтыгында 330 кг. салмакты багындырып, алтын медаль тагынды. Кыргызстандын намысын коргогон Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Камбар Токтоналиев экинчи орунду ээледи.
Мелдеште мөрөй алган казакстандык балбандардын устаты, Казакстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Рымкул Амангелди таймашуулар курч болгонун айтып, турнирди эл аралык деңгээлге жеткирүүгө мүмкүн экендигин белгиледи:
- Ар жыл сайын Каныбектин байгесине арналган жарыштарга жаштарды алып келем. Айрым балбандарыбыз Казакстандын рекордун жаңыртты. Жаштар үчүн мындай таймашуулар абдан керек. Быйыл Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган турнирге Казакстандын 6 шаарынан команда келди. Мындан дагы бийик даражага жеткирип, бүткүл Азиянын, Орусиянын балбандары келгендей жагдай түзүү зарыл.
Ошондой эле 105 кг. салмакта да казакстандык Станислав Копытов биринчи орунду ээлесе, эң оор салмактагы спортчулардын баш байгесин да казакстандык Могамед Абдеев утуп алды.
Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүржан Молдодосов быйыл казакстандык балбандар мыкты даярдык менен келишкенин белгилеп, "өлкөнүн тандалма балбандары Азия чемпионатына даярдык көрүп жаткандыктан бул мелдештен жаракат алып калбасын деп сактанып чоң таймашка чыгарбадык, " - деп актанды.
Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев болсо кыргыз кыздарынан алгач ирет жеңил салмакта эл аралык спорт чебери деген наамга биринчи жеткен Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Жаңыл Айтбекованын ийгилигине жетине албай кубанып, мелдештин деңгээли жыл өткөн сайын жогорулап баратканын “Азаттыкка” билдирди.
- Бул мелдешке Казакстандан эле элүүгө жакын балбан келди. Тууну көтөрүп, намыс талашуу кандай болоорун, жеңишке жетүүгө кандай эмгек, машыгуулар керектигин, чеберчиликти кантип жогорулатуунун зарылдыгын жаштар ушундай мөрөй талашууларда жон териси менен сезип, жоопкерчилиги күчөйт. Ата Мекендин атын чыгарып, аны даңазалоонун бир мүмкүнчүлүгү ушул мелдеш. Жылдан-жылга таасири артып, деңгээли жогорулап баратат.
Кыргыз кыздарынан биринчи эл аралык спорт чебери аталган Жаңыл Айтбекова атасынын таасири менен оор атлетика менен машыкканын, Каныбек Осмоналиевдей кыргызды дүйнөгө тааныткан чемпион болуу ой-максаты экенин айтып берди.
Спорт күйөрмандардын эсине, Каныбек Осмоналиев оор атлетикадан 1980-жылы Москвада өткөн 22-Олимпиялык оюндардын чемпиону аталып, жалпы жыйынтыкта 247,5 кг. оордук көтөргөн.
Ал оор атлетиканын эң жеңил салмагы (52 кг.) боюнча Европанын 2 жолку (1978, 1981), дүйнөнүн 4 жолку (1978 - Швеция, 1979 - Греция, 1980 - Москва, 1981 - Франция) жана СССРдин 2 жолку (1975) чемпиону болгон.
Мындай ийгиликтерге жетүүсүнө учурда Израилде жашап жаткан анын машыктыруучусу Семен Иткиндин салымы зор.
Эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрүнө байгелерди жана баалуу сыйлыктарды Каныбек Осмоналиев өзү тапшырды.
Ошондой эле эртең 21-ноябрда Түштүк Кореянын Гоян шаарында оор атлетика боюнча дүйнөнүн чемпионаты башталат. Бул дүйнөлүк таймашууга Кыргызстандын намысын 56 кг. чейинки салмакта Бекзат Осмоналиев жана 69 кг. чейинки салмакта Камбар Токтоналиев коргой турган болуп, Кореяга аттанып кетишти.
Оор атлетчилерди курама команданын башкы машыктыруучусу Үсөн Майназаров баштап барды.