Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Кыргызстан жаштардын дүйнөлүк олимпиадасына үч жолдомо жеңип алды


Ташкентте күрөш боюнча өткөн Азия чемпионатында кыргыздар дүйнөлүк жаштар олимпиадасына үч жолдомо жеңип алышты. Бакуда бокс боюнча дүйнө чемпионаты аяктады.

Жаштардын биринчи олимпиадасына биринчи жолдомолор

2-майда Ташкентте аяктаган эркин жана грек-рим боюнча жаштар арасында Азия чемпионатында жыйырмадан ашуун өлкөнүн балбандары күч сынашты. Бул Азия таймашуусунун өзгөчөлүгү айрым жеңүүчүлөргө жайында Сингапурда өтө турган дүйнөлүк жаштардын биринчи олимпиадасына жолдомолор ыйгарылды.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Эмил Алыкуловдун айтымында эки жаш балбан дүйнөлүк жаштар олимпиадасына жолдомо жеңип алышты.

Кыргызстандык жаш балбан Урматбек Аматов 58 кг. салмакта бардык атаандаштарын жеңип, Азия чемпиону аталуу менен жаштар олимпиадасына жолдомо алды.

50 кг салмакта өлкө намысын коргогон Шадыбек Сулайманов экинчи орунду ээлеп, ал дагы Сингапурда өтө турган жаштар олимпиадасына жолдомо алып, жолу ачылды. Ал эми 69 кг. салмакта күч сынашкан Арсен Айылчиев коло байгелүү болгону менен жаштар олимпиадасына жолдомо албай, арманда калды.

Ушул Ташкенттеги Азия чемпионатында кыз-келиндердин эркин күрөш таймашуусунда таластык Айша Акбарова 46 кг. салмакта күч сынашып, үчүнчү орунду камсыз кылуу менен ал дагы жайында Сингапурда өтө турган жаштар олимпиадасына жолдомо алды.

Эркин күрөштөн 50 кг. салмакта Адилет Үсөнканов да коло байгелүү болгону менен ага жаштар олимпиадасына жолдомо берилген жок.

Бокс: Бакуда жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты аяктады

Бул дүйнөлүк таймашууга Кыргызстандан алты бокс чебери барганы менен 69 кг салмакта Исламжан Далибаев гана үчүнчү орунду ээлеп, Сингапурда өтө турган жаштар олимпиадасына жолдомо алып, жолу болду.

Ал коло байгени алуу үчүн алгач пуэрторикалык Жесис Санчез Эмануэлди, тайланддык Самрхолон Питипхонарды жеңип, чейрек финалда израилдик Дэн Анароновду утуп алды. Бирок кыргызстандык Исламжан Далибаев жарым финалда өзбекстандык Ахмад Мамажановдон жеңилүү ызасын тартты.

Ошондой болсо дагы анын мээнети коло медаль менен бааланып, спорт адистеринин көңүлүн бурду. Кыргызстандык боксчулардан 57 кг салмакта Нурсултан Пазылов чейрек финалга чейин жетип, бешинчи орунду ээледи.

Кыргызстандык улан-кыздар Бангкокто дзю-до боюнча Азия чемпионатына катышты

Бангкокто уландар жана кыздар арасында дзю-до күрөшү боюнча Азия чемпионаты 3- майда жыйынтыкталды.

Мында Кыргызстандын курама командасы өлкө намысын коргоп, мөрөй талашты. Машыктыруучу Талант Дүйшөнбековдун айтымында Кыргызстандын намысын коргогон жигиттерден мөрөй алгандар да болду.

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчиси Алмазбек Касеновдун айтымында, кыргызстандык жаш спортчулардан сегизи дүйнөлүк жаштар олимпиадасына жолдомо жеңип алышты.

Быйыл август айында Сингапурда өтүүчү Жаштардын олимпиадалык оюндарына спорттун айыр түрлөрү боюнча жолдомо алууга алдыда дагы дүйнө, Азия чемпионаттары бар. Адистердин баамында жолдомо алуу үчүн таймашуулар дагы курч мүнөздө өтчүдөй.
XS
SM
MD
LG