Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

Бакы мелдеши: Кыргызстандык үч мушкер үмүт жандырууда


Бакыдагы бокс мелдеши, 9-сентябрь.
Бакыдагы бокс мелдеши, 9-сентябрь.

3-октябрда Бакыда бокстан дүйнө чемпионатында 9 боксчудан үчөө калды. АКШда эрежесиз кармаштын дүйнө Кубогунда кыргыз жигиттери 9 медаль утту.

Бакы шаары Лондонго жол ачат

Учурда дүйнөлүк спорт коомчулугунун көңүлү дале Бакы шаарында башталган бокс боюнча дүйнө чемпионатына бурулуп турган кези. Мында 130 өлкөнүн 700гө жакын тандалган спортчусу мөрөй талашып жатат.

-Бул дүйнө чемпионатында биринчи орундан сегизинчи орундарга чейин 2012-жылкы Лондон олимпиадасына жолдомо берилет. Ошондуктан таймашуулар курч мүнөздө өтүүдө, - дейт өлкөгө эмгек сиңирген устат Бейшен Сабатаров.


3-октябрда 56 кг. салмакта Өмүрбек Малабаев рингге чыгат. Эми анын экинчи атаандашы фрациялык Энтони Брет болмокчу.Өмүрбек биринчи беттешүүдө гватемалык Агирре Ромерону 24:17 эсебинде утуп алган.

75 кило салмакта жаштар арасындагы Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Исламжан Далибаев алгачкы атаандашы малайзиялык Харон Мухамадды 14:6 эсебинде утуп, кийинки таймашууга жолун ачты. Исламжан кезектеги таймашууда болгариялык Младен Манев болмокчу.

60 кг салмакта Сыймык Абдылдабек уулу дагы биринчи беттешүүдө даниялык Рашид Кассемди утту. Сыймыктын эмки атаандашы түштүк кореялык Сон Чул Хан болмокчу.

Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Чыңгыз Борбашев баштаган беш жигит жеңилүү ызасын тартып, дүйнөлүк таймашуудан четке чыгып калышты.

Спорт адистери дурус баа берип жүрүшкөн 69 кило салмакта Асадулло Баймурадов да күйөрмандардын үмүтүн актай алган жок. Ал биринчи атаандашы индиялык Кришан Викаска каршы тура албады.

- Ошентип кыргызстандык 9 боксчудан бешөө жеңилип, үчөө үмүт жандырып турат, - дейт өлкөнүн бокс федерациясынын президенти Абдибакыт Халмурзаев.

Кылычтын кылычтай соккусу

1-октябрда Ош шаарында эрежесиз эрендер кармашы боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Мында 75 кг. салмакка чейин жана андан жогорку салмактарда мөрөй талашуулар болду. Баш байгеге коюлган эки автоунааны кыргыз жигиттер: Элсүйөр Калыков менен Кангелди Тойчиев жеңип алышты. 100 килодон жогорку салмакта болсо Евразиянын чемпиондук наамы үчүн дүйнө чемпиону Кылыч Саркарбаев менен кикбоксингден дүйнө чемпиону, орусиялык Виталий Опарин күч сынашты. Натыйжада Кылыч Саркарбаев атаандашы Виталийди бир жарым мүнөттө эсин оодара согуп жеңип алды. Орусиялык Виталий Опарин эсине келбей, аны “Тез жардам” кызматкерлери алып кетишти.

АКШда мөрөй алган кыргыз жигиттери

Кыргызстандык эр жигиттер АКШда өткөн эрежесиз кармаштан дүйнө Кубогунда 9 медаль жеңип алышты. Бул таймашууларга кыргызстандык 11 спортчу катышып, 3 күмүш жана 6 коло байгелүү болуп келишти. Филадельфияда финалга чейин жетип экинчи орунду камсыз кылгандар Керимбек Кушубаков, Жайыл Жакшылык уулу жана Адилет Айтманбетов болду. Атактуу балбан, дүйнө чемпиону Алмаз Акундун бул ирет жолу болбоду.

Билеги күчтүү- чемпион

3-октябрда Орусиянын Екатеринбург шаарында пауэрлифтинг боюнча дүйнө Кубогунун мелдештери жыйынтыкталат. Мында кыргызстандык спортчулар 4 күндүк мелдештерде 15 алтын медаль утуп алышты. Баш байгени уткандар Бактияр Мукамбетов, Заур Алакпаров, Алина Потылицина, Петр Кучерявых, Данил Мирошченко, Сергей Комышев жана Шухрат Дараев дүйнө рекорддорун дагы жаңыртышты. Дүйнө кубогунун таймашууларына кыргызстандык 8 спортчу катышууда. Алардын катарында күмүш жана коло байге уткандар да бар.

Даңазалуу Карелиндин байгеси

3-октябрда өлкөнүн жаш балбандары Орусиянын Новосибирск шаарына аттанып кетишти. Себеби, 5-октябрдан 10-октябрга чейин ушул Новосибирск шаарында грек-рим күрөшүнөн олимпиаданын үч жолку, дүйнөнүн 9 жолку, Европанын 12 жолку чемпиону, даңазалуу балбан Александр Карелиндин байгесине арналган эл аралык мелдеш болмокчу. Уландар арасында боло турган бул турнирде Кыргызстандын намысын 4 жаш балбан коргойт. Алар: Нузупбек Касымов (42 кг),Фуркат Сайдазимов ( 58 кг),Улукбек Пулатов ( 85 кг) жана Роман Ким ( 100 кг) күч сынашмакчы.

Азиянын башкы волейболчусу шайланды

Тайванда Азия волейбол конфедерациясынын башкы жыйынына өлкөнүн волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылычбек Сарбагышев катышып келди. Анда азиялык уюмга жаңы президент болуп, саударабиялык Салех Бин Насер шайланып, бул оюнду өнүктүрүү маселелери талкууга алынды.


Орусияда таанылган кыргызстандык балбан

Орусиянын Якутск шаарында эркин күрөштөн эл аралык турнирде кыргызстандык балбан Айаал Лазарев баш байгени жеңип алды. Бул мөрөй талашууга 11 өлкөнүн балбандары катышты, деди эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев.

Ереванда эл аралык турнир

3-октябрда Армениянын борбору Ереван шаарында теннистен эл аралык мелдеш башталды. Мында 18 мамлекеттин элүүдөн ашуун спортчусу мөрөй талашууда. Кыргызстандын намысын Бермет Дубанаева менен Инна Волкович коргоп жатышат.

"Дордой" - жети жолку чемпион!

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, Жогорку Лигада быйылкы жылдын чемпиону анык болду. Бишкектин “Дордой” футбол кулубу бул ирет жетинчи жолу чемпиондук наамга татыктуу экенин далилдеди. Ал чечүүчү беттешүүдө былтыркы чемпион, кочкоратанын “Нефтчи” командасын 2:0 эсебинде утуп, мөөнөтүнөн мурда биринчи орунду камсыз кылды.
XS
SM
MD
LG