Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Орусия-Беларус: Салыксыз карамай саясаты


Орусиянын Мамдумасы 12-февралда Беларуска салыгы жок сатылуучу карамай боюнча келишимди бекитти. Эми ал келишимди жогорку палата бекитиши керек. Үстүбүздөгү жылы январь айынын этегинде Орусия менен Беларус алты миллион тонна карамайды салыктан бошотуу боюнча өкмөттөр арасында жетишилген келишимди 15-февралга дейре бекитүүгө милдеттенме алышкан.

Беларуска карамай сатуу боюнча 2010-жылга жана андан аркы жылдарга түзүлгөн макулдашуунун мыйзам болуп бекиши үчүн Мамдуманын депутаттары кол көтөрүштү.

Салыгы жок жибериле турган карамай өлчөмү бул жыл ичи 6 миллион 300 миң тоннага жетет. А Беларустан ары кете турган 15 миллион 200 миң тонна карамай үчүн жүз пайыз салык төлөнөт. Мамдуманын олтурумуна келип түшүндүрмө берген Орусиянын Энергетика министрлигинин жетекчилеринин бири Анатолий Яновский Беларустун ички муктаждыгына керектелген карамайга салык салынбай турганын билдирди. .

Натыйжада Орусия казынасы быйылкы жылы былтыркыга салыштырганда 78 миллиард рубль артык киреше табат. Москвада оңой колго салуу болуп аткан келишимди эми Беларус парламенти бекитиши керек. Бирок бул иш создуктурулары айтылууда. Анткен менен айрымдар буга президент Александр Лукашенконун кол койгону жетиштүү болорун да каңкуулашууда.

Минск коюп аткан сунушту Москва кабылдабай, ага акыры Лукашенко ичтен тынып макул болгонун Беларус эксперттери айтышат.

Экономист Ярослав Романчук мындай деген:

«Бул жолку алым-сабак айтышууда Орусия жеңип чыкканы талашсыз. Беларус тарап бул келишимден улам өзүнүн 4 пайызга чукул ички дүң протдукциясынан каңтарылды. Жыйынтыгында – бул Лукашенконун жеңилип бериши болду дегенди билдирет».

Бажылык союздун толук кандуу ишкердиги ушул жылдын экинчи жарымында башталат. Беларус ошого дейре карамайга салык салууну токтото туруу сунушун киргизген экен.

А орусиялык тарап болсо 2012-жылдын жакасынан андай келишимге жетишүүгө умтулууда. Эмне дегенде ошондо (Орусия, Беларус жана Казакстан) үч өлкө ортосунда экономикалык бир мейкиндик орнойт. Ошондо энергия кубатын өндүрүүчү отунга салык салуу болбошу ыктымал деп кыйыктанган.

XS
SM
MD
LG